Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Биринчи түшүмдү алып келүү жөнүндө

    26:1 Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерге барып, аны эүлеп, ага отурукташканыңда,

    26:2 Кудай-Теңириң берип жаткан жерден алган бардык түшүмүңдүн алгачкыларын алып, себетиңе салып, Кудай-Теңириң өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерге барып,

    26:3 ошол убактагы ыйык кызмат кылуучуга мындай деп айт: “Мен бүгүн Теңир биздин ата-бабаларыбызга убада кылган жерге келгенимди Кудай-Теңириңдин алдында билдиремин”.

    26:4 Ошондо ыйык кызмат кылуучу колуңдан себетти алып, Кудай-Теңириңе арналган курмандык чалынуучу жайдын алдына коёт.

    26:5 Сен болсо Кудай-Теңириңдин алдында мындай дегин: “Менин атам жер кезген арамейлик киши болгон. Ал Мисирге барып, ал жерге бир нече киши менен отурукташып калган. Ошол жерде андан эң күчтүү, эң кубаттуу, сансыз көп эл тараган.

    26:6 Бирок мисирликтер бизге жаман мамиле кылып, кысымга алып, оор жумушка салышкан.

    26:7 Ошондо биз ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирине боздоп кайрылдык. Теңир биздин боздогон үнүбүздү укту, башыбызга түшкөн мүшкүлдү, жумушубуздун оордугун, эзилгенибизди көрдү.

    26:8 Теңир бизди Мисирден сунулган колу, күчтүү билеги менен, зор коркунучтары менен, жышаандары менен, кереметтери менен алып чыгып,

    26:9 ушул жерге алып келип, мына ушул сүт менен бал аккан жерди берди.

    26:10 Мына эми, Теңир, өзүң берген жердин түшүмүнүн алгачкыларын алып келдим”. Анан аларды Кудай-Теңириңдин алдына коюп, Ага таазим кыл.

    26:11 Кудай-Теңириң сага жана эй-бүлөңө берген бардык жакшы нерселерге кубанып, элиңдин арасында жашаган лебилер жана келгиндер менен бирге көңүл ач.

    26:12 Жериңден алган түшүмдүн ондон бир бөлүгүн ондуктун жылы болгон үчүнчү жылы бөлүп алып, лебилерге, келгиндерге, жетимдерге, жесирлерге бер. Алар сенин жериңде тойгончо ичип-жешсин.

    26:13 Анан Кудай-Теңириңдин алдында мындай деп айт: “Мен Сенин мага берген буйруктарың боюнча үйүмдө болгон нерселердин ыйык бөлүгүн алып, лебилерге, келгиндерге, жетимдерге, жесирлерге бердим. Мен Сенин осуяттарыңдын бардыгын аткардым, аларды унуткан жокмун.

    26:14 Кайгыга батканымда андан жеген жокмун, аны таза эмес болуп турганымда жыйнаган жокмун, андан өлгөндөр үчүн берген жокмун. Кудай-Теңиримдин тилин алып, Сенин мага берген осуяттарыңдын бардыгын аткардым.

    26:15 Ыйык жайыңдан, асмандан бизге назар салып, өз элиң Ысрайылга жана ата-бабаларыбызга убада кылып, бизге берген сүт менен бал аккан жерге батаңды бер”.

    26:16 Бүгүн Кудай-Теңириң сага ушул көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды аткарууну буйруйт. Аларды чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен аткарганга аракет кыл.

    26:17 Сен бүгүн Теңирге Ал сенин Кудайың экенин, Анын жолу менен жүрөрүңдү, Анын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын, осуяттарын аткарарыңды жана Анын айтканын угарыңды айттың.

    26:18 Теңир да бүгүн сага, өзү айткандай, эгерде сен Анын бардык осуяттарын аткара турган болсоң, Анын өз эли болоруңду,

    26:19 ошондой эле өзү жараткан элдердин ичинен сени баарынан жогору коёрун, сен урмат-сыйга, даңкка, улуулукка бөлөнөрүңдү, өзү айткандай, Кудай-Теңириңдин ыйык эли болоруңду убада кылды».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск