Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Мусанын буйруктары

    27:1 Муса Ысрайыл аксакалдары менен бирге элге кайрылып, мындай деди: «Мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардын бардыгын аткаргыла.

    27:2 Кудай-Теңириңер берип жаткан жерге Иордан аркылуу өткөн күнү чоң-чоң таштарды коюп, акиташ менен актагыла.

    27:3 Кудай-Теңириң сенин ата-бабаларыңа убада кылган, сүт менен бал аккан жерге кириш үчүн, Иордан суусунан өткөн күнү ал таштарга ушул мыйзамдарды жазып кой.

    27:4 Иордандан өткөндөн кийин, мен бүгүн силерге буйругандай, ал таштарды эйбал тоосуна коюп, акиташ менен актагыла.

    27:5 Ошол жерге Кудай-Теңириңе арнап, темирдин учун тийгизбей, таштан курмандык чалынуучу жай кур.

    27:6 Кудай-Теңириңерге курмандык чалынуучу жайды бүтүн таштардан кургула. Анан Кудай-Теңириңерге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгыла.

    27:7 Ошол жерге тынчтык курмандыктарын алып келип жеп, Кудай-Теңириңердин алдында көңүл ачкыла.

    27:8 Андан кийин ал таштарга ушул мыйзамдын бардык сөздөрүн даана кылып жазып койгула».

    27:9 Анан Муса менен ыйык кызмат кылуучу лебилер бүткүл Ысрайыл элине мындай деп айтышты: «Көңүл буруп, кулак сал, Ысрайыл, бүгүн сен Кудай-Теңирдин өз эли болдуң.

    27:10 Ошондуктан Кудай-Теңириңдин сөзүнө кулак салып, мен бүгүн берип жаткан Анын осуяттары менен буйруктарын аткар».

    27:11 Ошол күнү Муса элге мындай деп буйрук берди:

    27:12 «Иордандан өткөндөн кийин, мына бул уруулар элге бата берип туруш үчүн, Гаризим тоосуна чыгып турушу керек: Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Жусуп жана Бенжемин.

    27:13 Ал эми мына бул уруулар каргаш үчүн эйбал тоосуна чыгып турушу керек: Рубейин, Гат, Ашыр, Забулун, Дан жана Напталы.

    27:14 Лебилер катуу эн менен бүт ысрайылдыктарга мындай деп айтышсын:

    27:15 “Оюп же куюп буркан жасап, аны жашыруун жерге катып койгон кишиге каргыш тийсин! Анткени сүрөтчүнүн колунан чыккан чыгарма Теңирдин алдында жийиркеничтүү”. Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:16 “Атасына же энесине тил тийгизгенге каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:17 “Жакынынын чек арасын бузганга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:18 “Сокурду жолдон адаштырганга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!”  – десин.

    27:19 “Келгинге, жетимге жана жесирге адилетсиз өкүм чыгарганга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:20 “Атасынын аялы менен бир төшөккө жатканга каргыш, анткени ал атасынын төшөгүн ачты”. Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:21 “Жаныбар менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:22 “өз карындашы же эжеси менен, атасынын же энесинин кызы менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:23 “Кайын энеси менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:24 “өз жакынын жашыруун өлтүргөнгө каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:25 “Айыпсыз адамды өлтүрүш үчүн акы алганга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    27:26 “Бул мыйзамды аткарбаганга, бул мыйзам боюнча жашабаганга каргыш!” Бүт эл катуу эн менен: “Оомийин!” – десин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск