Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 28

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    28-БөЛЄМ

    Батанын убада кылынышы

    28:1 үгерде сен мен бүгүн берип жаткан Анын осуяттарынын бардыгын так аткарып, Кудай-Теңириңдин үнүн угуп, тил ала турган болсоң, Кудай-Теңириң сени бардык элдерден жогору коёт.

    28:2 үгерде Кудай-Теңириңди уксаң, анда Ал сага мына бул баталарды берет, сен ушул баталарды аласың.

    28:3 Теңир сага шаарда да, талаада да батасын берет.

    28:4 Теңир сенин укумдап-тукумдап көбөйүшүңө, түшүмүңө, малыңдын, бодо малыңдын, койлоруңдун төлүнө батасын берет.

    28:5 Теңир сенин кырмандарың менен кампаларыңа батасын берет.

    28:6 Теңир сага киргениңде да, чыкканыңда да батасын берет.

    28:7 Теңир сага каршы чыккан душманды кырып жок кылат. Алар сага каршы бир жол менен келип, сенден жети жол менен качып кетет.

    28:8 Теңир сенин кампаларыңа, бардык иштериңе батасын берет. Кудай-Теңириң өзү берип жаткан жерде сага батасын берет.

    28:9 үгерде сен Кудай-Теңириңдин осуяттарын аткарсаң, Анын жолу менен жүрсөң, өзү сага убада бергендей, сени өзүнүн ыйык эли кылып алат.

    28:10 Сен Теңирдин ысымы менен аталып жатканыңды жер жүзүндөгү бардык элдер көрүп, сенден коркуп калышат.

    28:11 Теңириң өзү ата-бабаларыңа убада кылып, сага берген жерде сени укумдатып-тукумдатып көбөйтөт, малыңдын төлүн, жериңдин түшүмүн – бардыгын мол кылат.

    28:12 Теңир сенин жериңе өз убагында жамгыр берип туруш үчүн, сенин иштериңе батасын берип туруш үчүн, өзүнүн берекелүү казынасы болгон асманын ачат. Ошондо сен көп элге карыз бересиң, өзүң карыз албайсың.

    28:13 үгерде сактагыла жана аткаргыла деп, мен бүгүн берип жаткан Кудай-Теңириңдин осуяттарын аткарсаң, Теңир сени куйрук эмес, баш кылат, төмөн жакта эмес, жогору жакта болосуң,

    28:14 бөлөк кудайлардын артынан эүрчип, ага табынбашың үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардан оңго да, солго да бурулба.

    Каргышка калбаш үчүн эскертүү

    28:15 үгерде мен бүгүн сага берип жаткан Кудай-Теңириңдин осуяттарын, мыйзамдарын аткарууга аракет кылбасаң, Анын үнүн укпасаң, анда Теңирдин мына бул каргыштары тиет.

    28:16 Шаарда да, талаада да Теңирдин каргышы тиет.

    28:17 Кырмандарың менен кампаларыңа Теңирдин каргышы тиет.

    28:18 Укум-тукумуңа да, жериңдин түшүмүнө да, бодо малыңдын, койлоруңдун төлүнө да Теңирдин каргышы тиет.

    28:19 Киргениңде да, чыкканыңда да Теңирдин каргышы тиет.

    28:20 Мени таштап кеткениң үчүн, жаман иштериң үчүн Теңирдин каргышы тийип, башыңа мүшкүл түшөт. Кырылып жок болмоюнча, кандай иш кылсаң да, андан баар таппайсың, кыска убакыттын ичинде кырылып жок болосуң.

    28:21 үүлегени бара жаткан жерде сени кырып жок кылмайынча, Теңир сага жугуштуу оору жиберет.

    28:22 Теңир сага кургак учук, безгек, кулгуна жиберет, жериңди кургакчылык, ысык шамал менен күйгүзөт, кырылып жок болмоюнча, алардан арылбайсың.

    28:23 Yстүңдөгү асман жез болот, астыңдагы жер темир болот.

    28:24 Теңир жамгырдын ордуна чаң жаадырат, сен кырылып жок болмоюнча, асмандан сага топурак жаай берет.

    28:25 Теңир сени душмандарыңдын колуна салып берет. Бир жол менен ага каршы барасың да, жети жол менен качасың. Жер жүзүндөгү бүт падышачылыктарга тарайсың.

    28:26 Сенин өлүгүң асмандагы жырткыч куштарга, жердеги жырткыч айбандарга жем болот, аларды кубалай турган жан болбойт.

    28:27 Теңир сага Мисирдин айыккыс пес оорусун, чечек оорусун, ириңдүү жарасын, котурун жиберет.

    28:28 Теңир сени акылыңдан адаштырат, сокур, коркок кылат.

    28:29 Ошондо сен чак түштө сокурга окшоп жер сыйпалап каласың, ишиңдин ийгилигин көрбөйсүң, өмүрүң өткөнчө сени кысымга алып кордошот, сага үч ким болушпайт.

    28:30 Аял аласың, бирок аны менен башка бирөө жатат. Yй курасың, бирок ал эйдө өзүң жашабайсың. Жүзүмзар тигесиң, бирок мөмөсүн өзүң жебейсиң.

    28:31 өгүзүңдү сенин көзүңчө союп алышат, анын этинен жебейсиң. эшегиңди жетелеп кетишет, кайтарып беришпейт. Койлоруңду кас душмандарыңа айдап барып беришет, сени үч ким коргобойт.

    28:32 Балдарың менен кыздарыңды башка элдер алып кеткенин өз көзүң менен көрөсүң. өмүрүң өткөнчө аларды күтүп жол карайсың, бирок үч нерсе кыла албайсың.

    28:33 Сен айдаган жердин түшүмүн, сенин эмгегиңди сен тааныбаган башка эл жейт. өмүрүң өткөнчө куугунтукталасың жана эзилесиң.

    28:34 Ушуларды өз көзүң менен көрүп, акылдан ажырайсың.

    28:35 Теңир сенин тизең менен шыйрагыңа, таманыңдан төбөңө чейин айыккыс пес оорусун каптатат.

    28:36 Теңир сени жана сен такка отургузган падышаны өзүң да, ата-бабаң да билбеген элге алып барат. Ал жерде сен жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласың.

    28:37 Теңир алып барган жердеги элдер сени көрүп эрөйү учат, аларга шылдың, ылакап болосуң.

    28:38 Талааңа көп эрөн сүүп, аз түшүм аласың, анткени аны чегиртке жеп кетет.

    28:39 Жүзүмзар тигип өстүрөсүң, бирок мөмөсүн жыйнап, шарап ичпейсиң, анткени аны курт жеп салат.

    28:40 Бардык жериңде зайтун дарагы болот, бирок майы менен майланбайсың, анткени мөмөлөрү жерге түшүп калат.

    28:41 Уулдарың, кыздарың төрөлөт, бирок алардын бири да колуңда болбойт, анткени туткундалып кетишет.

    28:42 Бак-дарактарың менен жериңдин түшүмүн чегиртке жеп жок кылат.

    28:43 Араңда жашаган келгин сенден жогору көтөрүлгөндөн көтөрүлөт, сен төмөндөгөндөн төмөндөйсүң.

    28:44 Ал сага карыз бере баштайт, сен ага карыз бере албай каласың. Ал баш болот, сен болсо куйрук болосуң.

    28:45 Кудай-Теңириң берген осуяттарды жана мыйзамдарды аткарбагандыгың үчүн, Анын үнүн укпай койгондугуң үчүн, сага ушул каргыштардын баары тийип, кырып жок кылмайынча, артыңдан түшүп, акыры түбүңө жетет.

    28:46 Сага жана сенин укум-тукумуңа тийген ал каргыштар башкаларга түбөлүккө жышаан жана эскертүү болот.

    28:47 Бардыгы ашып-ташып турганда Кудай-Теңириңе кубаныч менен, чын жүрөгүң менен кызмат кылбаганың үчүн,

    28:48 ачарчылык, кургакчылык, ач-жылаңачтык, жокчулук учурунда Кудай өзү сага каршы жиберген душманыңа кызмат кыласың. Ал сени кырып жок кылмайынча, мойнуңдан темир моюнтурукту түшүрбөйт.

    28:49 Теңир сага алыстан, жердин бир бурчунан эл жөнөтөт. Сен тилин түшүнбөгөн эл сага бүркүттөй шукшурулуп тиет.

    28:50 Ал эл улуусун сыйлабаган, кичүүсүн аябаган таш боор эл болот.

    28:51 Ал эл сени түгөтүп бүтмөйүнчө, малыңды да, түшүмүңдү да жейт, сени кырып жок кылмайынча, эгиниңди да, шарабыңды да, майыңды да, бодо малың менен койлоруңдун төлүн да калтырбайт.

    28:52 Сенин жериңдеги сен таянган бийик, бекем дубалдарыңды уратып бүтмөйүнчө, бардык жагыңдан курчап алып кысымга алат. Кудай-Теңириң берген жерлерди бардык жагынан курчап алып кысымга алат.

    28:53 Душманың сени курчап алып кысымга алганда, Кудай-Теңириң берген уул-кыздарыңды, өз балдарыңдын этин жейсиң.

    28:54 Араңардагы жыргалчылыкка, байлыкка көнгөн адам өз бир тууганына, аялына, колунда калган балдарына ырайымсыздык менен карайт,

    28:55 сенин бардык шаарларыңды душман курчап алып кысымга алганда, жегенге үч нерсеси калбагандыктан, балдарынын этин үч кимге бербей жейт.

    28:56 Жыргал турмушка, байлыкка көнгөн, байлыгына чиренген, эркелигинен жерге бутун койбогон аял күйөөсүнө, баласына, кызына ырайымсыздык менен карайт.

    28:57 Сенин бардык шаарларыңды душманың курчап алып кысымга алганда, жокчулук болгондуктан, эки бутунун ортосунан чыгып келаткан баланын тонун жана жатынынан чыккан ымыркайды, жаңы төрөгөн баласынын этин үч кимге бербей, жашыруун жейт.

    28:58 үгерде бул китепке жазылган мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылбасаң, даңктуу, коркунучтуу Кудай-Теңириңдин ысымынан коркпосоң,

    28:59 анда Теңир сага жана сенин укум-тукумуңа мурун болуп көрбөгөн, узакка созулган оор күндөрдү, айыккыс, жугуштуу ооруларды жиберет.

    28:60 өзүң корккон Мисирдин бардык ооруларын жиберет, алардан арыла албайсың.

    28:61 Кырылып жок болмоюнча, Теңир сага мыйзам китепте жазылбаган ар кандай жугуштуу ооруларды, оор күндөрдү жибере берет.

    28:62 Ошондо асмандагы жылдыздардай жайнаган сансыз элиңен аз эле эл калат, анткени сен Кудай-Теңириңдин үнүн укпай койдуң.

    28:63 Теңир силерге жакшылык кылганда, тукумуңарды көбөйткөндө кандай кубанса, силерди кырып жок кылганына так ошондой кубанат. Сен эүлегени бара жаткан жерден кайра куулуп чыгасың.

    28:64 Теңир силерди жердин бир четинен экинчи четине чейин, башка элдердин арасына чачыратып жиберет. Ал жерде силер да, ата-бабаларыңар да билбеген башка кудайларга, жыгачтарга жана таштарга табынып каласыңар.

    28:65 Бирок ал элдердин арасында да силерге тынчтык болбойт, аягыңар жай таппайт, Теңир ал жерде да жүрөгүңөрдү титиретип, көзүңөрдү талытып, жаныңарды сыздатат.

    28:66 өмүрүң кылдын учунда асылып, күнү-түнү титиреп, тирүү каларыңа көзүң жетпейт.

    28:67 Сени каптаган коркунучтан улам, өз көзүң менен көргөн нерселерден улам, эртең менен: “О, кеч кирсе экен!” – дейсиң, кечинде: “О, таң атса экен!” – дейсиң.

    28:68 Мен сага: “үкинчи ал жерди көрбөйсүң”, – деген Мисир жерине Теңир сени кемеге салып кайра жиберет. Ал жерде силер душмандарыңарга кулдукка жана күңдүккө сатыласыңар, бирок сатып алууга үч ким чыкпайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск