Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Теңирдин өз эли менен кайрадан келишим түзүшү

    29:1 Теңир Ысрайыл уулдары менен Хорепте түзгөн келишимин Маап жеринде кайрадан кайталоо жөнүндө Мусага мындай буйрук берген:

    29:2 Муса Ысрайыл уулдарын чакырып алып, аларга мындай деди: «Теңир силердин көз алдыңарда Мисир жеринде фараонду, анын кулдарын, анын бүт жерлерин эмне кылганын баарыңар көрдүңөр.

    29:3 Ошондогу катуу жазаларды, укмуштуудай жышаандар менен кереметтерди өз көзүңөр менен көрдүңөр.

    29:4 Бирок бүгүнкү күнгө чейин Теңир силерге туюнганга жүрөк, көргөнгө көз, укканга кулак берген жок.

    29:5 Кырк жыл силерди чөлдө алып жүрдү, үстүңөрдөгү кийимиңер эскирген жок, бутуңардагы бут кийимиңер жыртылган жок.

    29:6 Силердин Кудай-Теңириңер Мен экенимди билишиңер үчүн, силер нан жеген жоксуңар, шарап жана күчтүү ичимдик ичкен жоксуңар.

    29:7 Силер бул жерге келгениңерде, Кешпон падышасы Сихон менен Башан падышасы Ог биз менен салгылашканы чыкты, биз аларды жеңдик.

    29:8 Алардын жерин басып алып, Рубейин менен Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна бердик.

    29:9 Бардык ишиңердин ийгилигин көрүшүңөр үчүн, бул келишимдеги осуяттарды аткаргыла.

    29:10 Бүгүн силер, ысрайылдыктар, Кудай-Теңириңердин алдында уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар, көзөмөлдөөчүлөрүңөр,

    29:11 балдарыңар, аялдарыңар, араңарда жашаган келгиндериңер, отун жарып, суу ташыгандарыңар менен турасыңар.

    29:12 Бүгүн силер Кудай-Теңириңердин келишимине, Кудай-Теңириңер менен түзүлгөн анттуу келишимге кириш үчүн турасыңар.

    29:13 Теңир өзү сага жана сенин ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылгандай, Ал бул келишимди сенин Кудайың болуп, сени өз эли кылып алыш үчүн түзөт.

    29:14 Бул келишимди жана анттуу келишимди мен силер менен гана эмес,

    29:15 бүгүн Кудай-Теңирибиздин алдында биздин арабызда тургандар менен, ошондой эле бүгүн биздин арабызда турбагандар менен түзүп жатам.

    29:16 Анткени Мисир жеринде кандай жашаганыбызды, башка элдердин арасынан кандай өткөнүбүздү өзүңөр билесиңер.

    29:17 Алардын жийиркеничтүү иштерин, жыгачтан, таштан, күмүштөн, алтындан жасап алган кудайларын да көрдүңөр.

    29:18 Бүгүн силердин араңарда ошол элдердин кудайларына кызмат кылуу үчүн барган, жүрөгү Кудай-Теңирибизден алыстаган эркек, же аял, же уруу, же эй-бүлө болбосун. Силердин араңарда уулуу жана ачуу жемиш бере турган тамыр болбосун.

    29:19 Ушул каргыштарды угуп туруп, өз ичинен: “өзүм каалагандай жашасам деле бактылуу болом”, – деп мактанган адам болбосун. Анын айынан айыпсыз да жок болот.

    29:20 Теңир андай адамды кечирбейт, Теңир ага ошол замат каарданат. Ага бул китепте жазылган келишимдин бүт каргыштары тиет, Теңир анын атын жер үстүнөн өчүрөт.

    29:21 Бул мыйзам китебинде жазылган келишимдин каргыштарына ылайык, Теңир аны жок кылуу үчүн, Ысрайылдын бардык урууларынын арасынан бөлүп коёт.

    29:22 Теңир өзү кыйроолор менен, оорулар менен жабыркаткан бул жерди силердин тукумуңар жана алыс жактан келген бөтөн жерликтер көрүп, мындай деп айтышат:

    29:23 “Бүт жер өрттөнүп, жерди күкүрт менен туз каптап калыптыр. Теңир каарданып, астын-үстүн кылып, күлүн сапырып салган Содом, Амор, Адма жана Себоим сыяктуу, бул жер да айдалбайт, үч нерсе өспөйт, чөп да чыкпайт”.

    29:24 Ошондо бүт элдер мындай деп сурашат: “үмне үчүн Теңир бул жерди ушундай кылды? Ал эмне үчүн ушунчалык каарданды?”

    29:25 Аларга: “Теңир алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккандан кийин, алар менен түзгөн келишимин таштап салышканы үчүн,

    29:26 Кудай тыюу салган башка кудайларга, өздөрү билбеген кудайларга барып кызмат кылып, табына башташканы үчүн ушундай болду.

    29:27 Мына ошондуктан бул жерге Теңир каарданып, аны ушул китепте жазылган келишимдин каргыштарына калтырды.

    29:28 Теңир аларга ачууланып, жаалданып, катуу каарданып, өздөрүнүн жеринен кууп чыгып, азыр биз көрүп турганыбыздай, башка жерге таштап салды”, – деп жооп беришет.

    29:29 Жашыруун нерселер Кудай-Теңирибизге таандык. Ушул мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарышыбыз үчүн, ачык нерселер түбөлүккө бизге жана биздин балдарыбызга таандык.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск