Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    Кечирим жана бата алуунун шарттары

    30:1 Мен сага айткан бардык сөздөр – баталар менен каргыштар аткарылганда, Кудай-Теңириң башка элдердин арасына чачыратып жиберген жерде аларды жүрөгүңө кабыл алсаң,

    30:2 Кудай-Теңириңе кайрылсаң жана мен сага бүгүн берип жаткан осуяттарды укум-тукумуң менен кошо чын жүрөгүң, жан-дилиң менен аткарсаң,

    30:3 Кудай-Теңириң сага ырайым кылып, туткундагыларыңды кайра алып келет, Кудай-Теңир сени чачыратып жиберген элдердин арасынан кайрадан чогултат.

    30:4 Сен жердин түбүнө чейин чачырасаң да, Кудай-Теңириң сени ошол жактан чогултуп, ошол жактан алып келет.

    30:5 Кудай-Теңириң сени ата-бабаларың эүлеген жерге алып келет. Сен ал жерди өз энчиңе аласың. Сага жакшылык кылат, укум-тукумуңду ата-бабаларыңдан да көп кылат.

    30:6 өмүр сүрүшүң үчүн, Кудай-Теңириң сенин жүрөгүңдү жана укум-тукумуңдун жүрөгүн Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң, жан-дилиң менен сүйө турган кылып өзгөртөт.

    30:7 Ошондо Кудай-Теңириң бул каргыштардын баарын сенин душмандарыңа, сени жек көрүп кубалагандарга жиберет.

    30:8 Сен болсо кайрадан Теңирдин үнүн угуп, мен бүгүн берип жаткан Анын бардык осуяттарын аткарасың.

    30:9 Кудай-Теңириң иштериңе ийгилик берет, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт, малыңдын төлүнө, жериңдин түшүмүнө батасын берет, Теңир сенин ата-бабаларыңа жакшылык кылып кубангандай, сага да жакшылык кылып, кайрадан кубанат.

    30:10 Кудай-Теңириңдин бул мыйзам китепте жазылган осуяттары менен мыйзамдарын аткарып, Анын үнүн уксаң, Кудай-Теңириңе чын жүрөгүң, жан-дилиң менен кайрылсаң, Ал ошондой кылат.

    30:11 Анткени мен бүгүн сага берип жаткан осуят сен үчүн түшүнө алгыс да, алыс да эмес.

    30:12 “Биз үчүн ким асманга чыгып, аны алып келип берет. Бизге аны ким айтып берет, ошондо биз аны аткарар элек”, – деп айткыдай, ал асманда да эмес.

    30:13 “Биз үчүн ким деңиздин ары жагына барып, аны алып келип берет. Бизге аны ким айтып берет, ошондо биз аны аткарар элек”, – деп айткыдай, ал деңиздин ары жагында да эмес.

    30:14 Ал сөз сага өтө жакын жерде. Сен аткара турган сөз сенин оозуңда жана жүрөгүңдө.

    30:15 Мен сага бүгүн өмүр менен жакшылыкты, өлүм менен жамандыкты сунуш кылдым.

    30:16 Мен сага бүгүн: “Кудай-Теңириңди сүй, Анын жолу менен жүр, Анын осуяттарын, мыйзамдарын аткар”, – деп осуяттап жатам. Ошондо өмүр сүрөсүң да, укумдап-тукумдап көбөйөсүң. Сен эүлегени бара жаткан жерде Кудай-Теңириң сага батасын берет.

    30:17 үгерде Кудайдан алыстап, Аны укпай турган болсоң, жолдон чыгып, башка кудайларга табынып, кызмат кыла турган болсоң,

    30:18 анда эүлеш үчүн Иордандан өткөн жериңде көпкө турбай өлөрүңдү бүгүн мен сага айтып коёюн.

    30:19 Бүгүн силердин алдыңарда асман менен жерди күбөгө тартам. Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал.

    30:20 Кудай-Теңириңди сүй, Аны ук, Ага жабыш. Анткени Ал сенин өмүрүң. Ал сенин ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган жерде сага узун өмүр берет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск