Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    Мусанын ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге жана Нундун уулу Жашыяга берген көрсөтмөлөрү

    31:1 Муса Ысрайыл уулдарына мына бул сөздөрдү айтты:

    31:2 «Азыр мен жүз жыйырма жашка чыктым, мындан ары силерди баштап жүрө албайм. Теңир өзү да мага: “Сен бул Иордандан өтпөйсүң”, – деген.

    31:3 Кудай-Теңириң сенин алдыңда өзү барат. Ал бул элдерди сенин алдыңан жок кылат, сен аларды кууп чыгасың. Теңир айткандай, Жашыя сенин алдыңда барат.

    31:4 Теңир аморлуктардын падышалары Сихон менен Огду жана алардын жерлерин кандай кылса, буларды да так ошондой кыйратат.

    31:5 Теңир аларды силердин колуңарга салып берет, аларга мен буйругандай кылгыла.

    31:6 Бекем, кайраттуу болгула, алардан коркпогула, эрөйүңөрдү учурбагыла, анткени Кудай-Теңириңер өзү силер менен барат, силерден алыстабайт, силерди таштабайт».

    31:7 Анан Муса Жашыяны чакырып алып, ысрайылдыктардын көзүнчө ага мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен бул эл менен Теңир ата-бабаларына убада кылган жерге барып, ал жерди ага бөлүп бересиң.

    31:8 Теңир өзү сенин алдыңда барат, өзү сени менен болот, сенден алыстабайт, сени таштабайт, коркпогун жана эрөйүң учпасын».

    31:9 Анан Муса бул мыйзамды жазып, аны ыйык кызмат кылуучуларга, Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөн Леби уулдарына жана Ысрайыл аксакалдарына берди.

    31:10 Муса аларга мындай деп осуяттады: «Жети жылда бир болуучу кечирим жылында, Алачыктар майрамында,

    31:11 бүткүл Ысрайыл эли Кудай-Теңириңдин алдына, Ал өзү тандап алган жерге келгенде, бүткүл Ысрайыл элине бул мыйзамды угуза окуп бер.

    31:12 үлиңди: эркектер менен аялдарды, балдарды, араңарда жашаган келгиндерди чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Теңирден коркууну эйрөнүшсүн, мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылышсын.

    31:13 Бул мыйзамды билбеген алардын балдары да силер эүлеш үчүн Иордандан өтүп бара жаткан жерде жашап жатканыңарда, аны угуп, Теңирден коркууну эйрөнүшсүн».

    Теңирдин Мусага жана Нундун уулу Жашыяга берген көрсөтмөлөрү

    31:14 Анан Теңир Мусага: «Сенин өлө турган күнүң жакындап калды. Жашыяны чакыр, экөөң жыйын чатырынын алдына келгиле, Мен ага көрсөтмө берем», – деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырынын алдына келип турушту.

    31:15 Ошондо Теңир жыйын чатырына булут ичинде келди. Булут мамысы жыйын чатырынын алдына туруп калды.

    31:16 Анан Теңир Мусага мындай деди: «Сен эми ата-бабаларыңа кошуласың, бул эл барган жеринде бузулуп, башка кудайларды эүрчип, өзү менен түзгөн келишимимди бузуп, Мени таштап кетет.

    31:17 Ошол күнү Мен бул элге каарданып, аны таштап салам, андан өз жүзүмдү жашырам. Ошондо ал кырылат, көп кырсыкка учурап, кайгыга батат, ошол күнү: “Арабызда Кудай-Теңирибиз жок болгондуктан, ушундай кырсыкка учурап жатабыз”, – деп айтат.

    31:18 Алар башка кудайларга кайрылып, кылган мыйзамсыздыктары үчүн, ошол күнү Мен алардан өз жүзүмдү жашырам.

    31:19 Ошондуктан бул ырды жазып алып, Ысрайыл уулдарына эйрөткүлө. Ысрайыл уулдарынын алдында Мага күбө болуп турушу үчүн, бул ырды Ысрайыл уулдарына жаттаткыла.

    31:20 Анткени Мен аларды сүт менен бал аккан жерге, алардын ата-бабаларына убада кылган жерге алып барам. Алар ичип-жеп тоюп, семиргенден кийин, башка кудайларга кайрылып, аларга табынып калышат. Менден баш тартып, Менин келишимимди бузушат.

    31:21 Алар көп кырсыктарга учурап, кайгыга батышканда, бул ыр аларга каршы күбө болсун, себеби бул ыр алардын укум-тукумунун оозунан түшпөйт. Азыр эмнени ойлоп жатышканын Мен аларды убада кылган жерге алып бара электе эле билип турам».

    31:22 Муса ал ырды ошол күнү жазып алып, Ысрайыл уулдарына эйрөттү.

    31:23 Анан Теңир Нундун уулу Жашыяга мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен Ысрайыл уулдарын Мен аларга убада кылган жерге алып барасың, Мен сени менен болом».

    Мусанын лебилерге берген көрсөтмөлөрү

    31:24 Муса бул мыйзамдын баарын китепке жазып бүткөндө,

    31:25 Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге мындай буйрук берди:

    31:26 «Бул мыйзам китебин алып, Кудай-Теңириңердин, келишим сандыгынын оң жагына салып койгула, ал ошол жерде сага каршы күбө болот.

    31:27 Анткени мен сенин өжөр жана тоң моюн экениңди билем. Азыр мен силер менен бирге жашап жатканда да, силер Теңирдин алдында өжөрсүңөр. Мен өлгөндөн кийин, силер ого бетер күчөйсүңөр.

    31:28 Мага уруу аксакалдарыңарды, көзөмөлдөөчүлөрүңөрдү чогултуп келгиле. Мен бул сөздөрдү аларга угуза айтып берейин, аларга каршы асман менен жерди күбөгө тартайын.

    31:29 Анткени мен өлгөндөн кийин, көрсөткөн жолдон чыгып бузуларыңарды билем. Теңирге жакпаган иштерди кылып, Аны каардантканыңар үчүн, акыркы күндөрү башыңарга мүшкүл түшөт».

    31:30 Муса бүткүл Ысрайыл элине ал ырды аягына чейин ырдап берди:

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск