Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1 Теңирдин даңкына окшогон көрүнүш ушундай эле. Мен муну көргөндө, жүзтөмөндөп жерге жыгылдым, ошондо Сүйлөп Жаткандын үнүн уктум, Ал мага: «Адам уулу! Тур, Мен сени менен сүйлөшөм», – деди.

    Пайгамбардын кызматка чакырылышы

    2:2 Ал сүйлөп жатканда, мага рух кирип, мени өйдө тургузду, ошондо мен Сүйлөп Жатканды уктум.

    2:3 Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Мен сени Ысрайыл уулдарына, Мага каршы чыккан, баш ийбеген адамдарга, жиберип жатам. Алар да, алардын ата-бабалары да ушул күнгө чейин Менин алдымда күнөө кылып келе жатышат.

    2:4 Бул уулдар көк бет, жүрөктөрү таш, Мен сени ошолорго жиберип жатам, сен аларга: “Кудай-Теңир мындай дейт!” – деп айтасың.

    2:5 Алар угабы же укпайбы, (анткени алар – козголоңчул тукум), бирок өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишсин.

    2:6 Сен болсо, адам уулу, алардан да, алардын сөздөрүнөн да коркпо. эгерде алар сен үчүн тикенек болсо да, сен чаяндар арасында жашасаң да, алардын сөздөрүнөн коркпо, алардын жүздөрүнөн эрөйүң учпасын, анткени алар – козголоңчул тукум.

    2:7 Алар угабы же укпайбы, аларга Менин сөзүмдү айт, анткени алар – өжөр эл.

    2:8 Сен болсо, адам уулу, Мен сага эмнени айтсам, ошону ук: Сен бул козголоңчул тукумга окшоп өжөр болбо. Оозуңду ачып, Мен сага эмнени берсем, ошону же».

    2:9 Ошондо мага сунулган колду көрдүм, ал колдо түрмөк китеп бар экен.

    2:10 Ал аны менин алдымда ачты, китептин ичи да, сырты да жазылуу экен, ал китепте: «Ый, онтоо, кайгы», – деп жазылыптыр.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск