Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Теңирдин даңкынын көрүнүшү

    1:1 Мындай болду: отузунчу жылдын төртүнчү айынын бешинчи күнү Кебар дарыясынын жанында, көчүрүлгөндөрдүн арасында жүргөндө, асман ачылды, ошондо мен Кудайдын көрүнүштөрүн көрдүм.

    1:2 Айдын бешинчи күнү (Жайахин падышанын туткундалып кеткенине беш жыл болгондо),

    1:3 Каздим жеринде, Кебар дарыясынын жанында, ыйык кызмат кылуучу Бузинин уулу Жезекиелге Теңирден сөз болду. Ошол жерде Теңирдин колу анын үстүндө болду.

    1:4 Ошондо мен муну көрдүм: түндүктөн дуулдаган шамал келди, зор булут, алоолонгон от жана булуттун тегерегинде жарык.

    1:5 Ал эми анын ортосунан чыккан жарык оттун ичинен чыккан жалындын жарыгындай эле. Анын ортосунан төрт тирүү жандык көрүндү, алардын кебетелери адамдыкына окшош эле.

    1:6 Ар биринин төрттөн бети жана төрттөн канаты бар эле.

    1:7 Ал эми алардын буттары болсо түптүз экен, алардын буттарынын таманы музоонун буттарынын таманындай экен, алар жалтырак жездей жаркылдап турган эле.

    1:8 Алардын төрт капталында, канаттарынын астында адамдыкындай колдору бар экен.

    1:9 Төртөөнүн тең беттери жана канаттары бар эле. Алардын канаттары бири-бирине тийишип турат экен. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок, ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү.

    1:10 Алардын беттеринин окшоштугу болсо мындай: аларда адамдын бети, төртөөнүн тең оң жагында арстандын бети, төртөөнүн тең сол жагында буканын бети, төртөөндө тең бүркүттүн бети бар эле.

    1:11 Алардын беттери да, алардын канаттары да жогору жагынан бөлүнгөн, бирок ар биринин эки канаты бири-бирине тийишип турат экен, ал эми калган эки канаты алардын денелерин жаап турат экен.

    1:12 Алардын ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү. Рух кайда кааласа, ошол жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок.

    1:13 Бул жаныбарлардын сырткы көрүнүшү күйүп жаткан көмүрдүн көрүнүшүндөй, чырактандын көрүнүшүндөй экен. От жаныбарларды аралап жүрдү, оттон жаркыроо жана чагылган чыгып турду.

    1:14 Жаныбарлар чагылган жаркылдагандай, тиги жакка да, бул жакка да тез жылып жүрүштү.

    1:15 Мен жаныбарларды карап турдум, жерде, бул төрт жаныбардын жанында, алардын төрт бетинин алдында бирден дөңгөлөк турду.

    1:16 Алардын дөңгөлөктөрүнүн көрүнүшү жана түзүлүшү топаз ташына окшош экен, төртөөнүн тең түрү бир. Алардын көрүнүшү жана түзүлүшү дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк тургандай.

    1:17 Алар жүрүшкөндө, өз бет алдынча төрт тарапка жүрүштү. Жүрүү убагында артына бурулушкан жок.

    1:18 Алардын алкактары бийик да, коркунучтуу да эле. Төртөөнүн тең алкактары тегерете көзгө толгон.

    1:19 Жаныбарлар жүргөндө, алардын жанында дөңгөлөктөр да жүрдү. Жаныбарлар жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да көтөрүлдү.

    1:20 Рух каякка жүргүсү келсе, алар да ошол жакка жүрүштү. Рух кайда барбасын, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдө эле.

    1:21 Тигилер жүргөндө, булар да жүрүштү. Тигилер токтогондо, булар да токтошту. Тигилер жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдүн ичинде эле.

    1:22 Жаныбарлардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асманга окшогон нерсе укмуштуу кристаллдай эле, ал жогорудан алардын баштарынын үстүнө жайылып турду.

    1:23 Ал эми көмкөрүлгөн асмандын астында алардын канаттары бири-бирине түз жайылып турду, ар биринин өздөрүн жапкан экиден канаты бар эле, ар биринин эки канаты денелерин жаап турду.

    1:24 Алар жүргөндө, канаттарынын дабышын уктум. Ал дабыш чоң суулардын дабышындай, Кудуреттүүнүн үнүндөй, аскер кошуунунун чуусундай эле. Алар токтогондо, канаттарын түшүрүп коюп жатышты.

    1:25 Алар токтоп, канаттарын түшүрүшкөндө, алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандан эн чыкты.

    1:26 Алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандын үстүндө болсо жакут таштан жасалган тактыга окшош нерсе бар эле. Ал эми тактыга окшош нерсенин үстүндө адамга окшош бирөө отурган.

    1:27 Мен анын ичинен тегерете чыгып жаткан от сыяктуу, жалындаган металлга окшош нерсени көрдүм. Анын белинен өйдө жана белинен ылдый кандайдыр бир отту көрдүм, анын айланасы жаркырап турду.

    1:28 Жамгыр жаап жатканда, булут бетиндеги көк желенин көрүнүшү кандай болсо, анын тегерегиндеги жаркырактын көрүнүшү да ошондой эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск