Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Плач Иеремии 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    үлдин ырайым сурап сыйынышы

    5:1 Теңир, биздин башыбызга эмне түшкөнүн үсте. Көз кырыңды сал, биздин кордолгонубузду кара.

    5:2 Биздин мурасыбыз чоочун элге өттү, үйлөрүбүз бөтөн урууларга өттү.

    5:3 Биз атасыз жетим калдык, энелерибиз жесирлердей болуп калышты.

    5:4 Биз өзүбүздүн суубузду күмүшкө сатып алып ичип жатабыз, өз отундарыбызды акчага алып жатабыз.

    5:5 Мойнубузга моюнтурук салып айдап алышты, биз иштеп жатабыз, бизде эс алуу жок.

    5:6 Нанга тоюш үчүн, мисирликтер менен ашурлуктарга колубузду сунуп жатабыз.

    5:7 Биздин ата-бабаларыбыз күнөөгө батышкан, азыр алар жок. Алардын мыйзамсыздыктары үчүн биз жазаланып жатабыз.

    5:8 Бизге кулдар үстөмдүк кылып жатышат, бизди алардын колунан куткарып алчу үч ким жок.

    5:9 өмүрүбүздү кылыч коркунучуна салып, чөлдө өзүбүзгө нан таап жатабыз.

    5:10 Жанга баткан ачкачылыктан терибиз мештей карарып кетти.

    5:11 Сиондо аялдардын, Жүйүт шаарларында кыздардын абийирин булгап жатышат.

    5:12 Төрөлөрдү асышты, аксакалдарды урматташкан жок.

    5:13 Уландарды тегирмен таштарын айлантууга алып жатышат, өспүрүмдөр көтөргөн отундарынын оордугунан жыгылып жатышат.

    5:14 Аксакалдар дарбаза алдында отурбай калышты, уландар ырдабай калышты.

    5:15 Жүрөгүбүз кубанбай калды, ыр-бийлерибиз кайгы-муңга айланды.

    5:16 Башыбыздан таажы түштү. Бизге кайгы, анткени биз күнөөгө баттык!

    5:17 Мына ошон үчүн жүрөгүбүз кыйналып жатат, ошон үчүн көздөрүбүз тунарды.

    5:18 Сион тоосу эүн калгандыктан, түлкүлөр жойлоп жүрөт.

    5:19 Сен, Теңир, түбөлүктүүсүң. Сенин тагың укумдан-тукумга турат.

    5:20 үмне үчүн бизди таптакыр эсиңден чыгарып салдың? эмне үчүн бизди узак убакытка таштап койдуң?

    5:21 Теңир, бизди өзүңө кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз. Биздин күндөрүбүздү байыркы күндөрдөгүдөй кылып жаңырт.

    5:22 Чын эле, Сен бизди биротоло четке кагып салдыңбы, бизге катуу каардандыңбы?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск