Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Плач Иеремии 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Иерусалимдин жазалангандыгынын себептери

    4:1 Алтын кандай карарды! эң жакшы алтын кандай өзгөрдү! Ыйык жайдын таштары көчөлөрдүн кесилишине чачылды.

    4:2 Сиондун таза алтынга барабар кымбат баалуу уулдары карапачы жасаган чопо идиштерге окшоп калышты!

    4:3 Чөөлөр да эмчек берип, балдарын тойгузуп жатат, менин элимдин кызы болсо чөлдөгү төө кушка окшоп, таш боор болуп калды.

    4:4 Суусаганынан эмчектеги баланын тили таңдайына жабышып калды. Балдар нан сурап жатышат, бирок аларга нан берген үч ким жок.

    4:5 Таттуу тамак жегендер көчөлөрдө соолуп жатышат. Кочкул кызыл кийим кийип чоңойгондор кык кучактап жатышат.

    4:6 үлимдин кызынын күнөөсү үчүн алган жазасы Содомдун күнөөсү үчүн алган жазасынан ашып түштү: Содом көз ачып-жумгуча кулатылган, ага адамдын колу тийген эмес.

    4:7 үлимдин төрөлөрү кардан таза, сүттөн ак болчу. Алардын денеси маржандан сулуу, ал эми көрүнүшү сапфирдей эле.

    4:8 Азыр болсо алардын жүзү бардык кара нерседен да кара. Көчөлөрдө аларды таанышпайт. Алардын териси сөөктөрүнө жабышып, жыгачтай болуп куурап калды.

    4:9 Кылычтан өлгөндөр ачарчылыктан өлгөндөргө караганда бактылуу, анткени булар талаа жемиштеринин жетишпегендигинен кыйналып өлүп жатышат.

    4:10 Менин элимдин кызы кыйрап жаткан убакта жүрөгү жумшак аялдар өздөрүнө тамак болуш үчүн, өз балдарын бышырышты.

    4:11 Теңир өзүнүн каарын, өзүнүн жалындаган каарын төктү, Сион шаарына от койду, ал от шаардын негиздерин жалмады.

    4:12 Иерусалимдин дарбазасынан душман менен жоо кирет деп, жер жүзүнүн падышалары жана ааламда жашагандардын баары ишенишкен эмес.

    4:13 Мунун баары анын жалган пайгамбарларынын күнөөлөрү үчүн, шаардын ичинде адил адамдардын канын төккөн анын ыйык кызмат кылуучуларынын мыйзамсыздыктары үчүн болду.

    4:14 Көчөлөрдө сокурлардай тентиреп жүрүштү, канга булганышты, ошондуктан алардын кийимдерине кол тийгизүү мүмкүн эмес эле.

    4:15 Алардын алдында: «Четке чыккыла! Таза эмес!» – деп кыйкырышты. «Четке чыккыла, четке чыккыла, кол тийгизбегиле!» – дешти. Ошондо алар уялып, кетип жатышты. элдер арасында болсо: «Алар бул жерде калышпасын, – деп жатышты.

    4:16 Теңирдин жүзү аларды чачат. Теңир эми аларды карабайт, анткени алар ыйык кызмат кылуучуларды сыйлашпайт, аксакалдарга ырайым кылышпайт».

    4:17 Биздин көзүбүз келбес жардамды күтүп талыды. өзүбүздүн күзөт мунарабыздан бизди куткара албай турган элди күттүк.

    4:18 өз көчөлөрүбүздө баса албашыбыз үчүн, алар биздин ар бир кадамыбызды аңдып турушту. Биздин акыркы күнүбүз жакындап калды, күнүбүз бүттү, биздин акыркы күнүбүз келди.

    4:19 Бизди куугунтуктагандар асмандагы бүркүттөрдөн да ыкчам эле. Алар тоолордо бизди кууп жүрүштү, чөлдө биз үчүн буктурма коюп жатышты.

    4:20 Биздин өмүрүбүздүн деми – Теңирдин майланганы алардын оруна түштү. Биз ал жөнүндө: «Биз элдер арасында анын көлөкөсү астында жашайбыз», – дечү элек.

    4:21 үдом кызы, Уc жеринин тургуну, кубан, шаттан! Каарга толгон чөйчөк сага да жетет. Мас болгуча ичип, жылаңачтанасың.

    4:22 Сион кызы! Сенин мыйзамсыздыгың үчүн жазалоо бүттү. Ал сени мындан ары кууп чыкпайт. Бирок мыйзамсыздыгың үчүн, эдом кызы, Ал сени жазалайт, күнөөлөрүңдү ачат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск