Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Амон жөнүндө пайгамбарчылык

    25:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    25:2 «Адам уулу! өз жүзүңдү Амон уулдарына бур, аларга каршы пайгамбарчылык кыл.

    25:3 Амон уулдарына айт: “Кудай-Теңирдин сөзүн уккула! Кудай-Теңир мындай дейт: «Сен Менин ыйык жайым булганганда, Ысрайыл жери кыйратылганда, Жүйүт туткундалып кеткенде, «И-и! И-и!» дегениң үчүн,

    25:4 мына ошон үчүн Мен сени чыгыш уулдарына мураска берем, алар сенин жериңе өз кошуундарын коюшат, сенин жериңе өз чатырларын тигишет, сенин жемиштериңди жешет, сенин сүтүңдү ичишет.

    25:5 Мен Рабени төөлөрдүн жайытына айландырам, Амон уулдарынын жерин койлор үчүн жатак жер кылам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер»”».

    25:6 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Сен кол чаап, жер тепкилегениң үчүн, Ысрайыл жерин жек көрүп, чын жүрөктөн кубанып турганың үчүн,

    25:7 ошон үчүн Мен өз колумду сага каршы сунуп, сени элдерге талатып-тонотом, сени элдердин арасынан жок кылам, жер үстүнөн атыңды өчүрөм, сени талкалайм, ошондо сен Менин Теңир экенимди билесиң».

    Маап жөнүндө пайгамбарчылык

    25:8 Кудай-Теңир мындай дейт: «Маап менен Сеир: “Жүйүт да башка элдердей эле болуп калды!” – дешкени үчүн,

    25:9 ошон үчүн Мен Мааптын капталын анын шаарларынан баштап, жердин асылы болгон анын бардык чек ара шаарларынан: Бейт-Айешимоттон, Баал-Мейондон жана Кирийатайимден баштап ачам.

    25:10 Аны чыгыш уулдары үчүн ачып, элдер арасында мындан ары Амон уулдарынын аты аталбашы үчүн, аны Амон уулдары менен бирге чыгыш уулдарына мураска берем.

    25:11 Ошентип, Маапты жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билишет».

    үдом жөнүндө пайгамбарчылык

    25:12 Кудай-Теңир мындай дейт: «үдом Жүйүт тукумунан ырайымсыз өч алганы үчүн, андан өч алып оор күнөөгө батканы үчүн,

    25:13 ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Колумду эдомго каршы сунуп, анын элин да, малын да жок кылам, аны Теймандан тартып Дыданга чейин кыйратам, алардын баары кылычтан өлүшөт.

    25:14 Мен эдомдон өзүмдүн Ысрайыл элимдин колу менен өч алам. Алар эдомдон Менин каарым менен, Менин кыжырым менен өч алышат, ошондо Менин өч алып жатканымды билишет», – дейт Кудай-Теңир.

    Пелиштиликтер жөнүндө пайгамбарчылык

    25:15 Кудай-Теңир мындай дейт: «Пелиштиликтер өч алганы үчүн, түбөлүк кастык үчүн кырып, жүрөгүндө жек көрүү менен өч алганы үчүн,

    25:16 ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Мен өз колумду пелиштиликтерге каршы сунам, криттиктерди кырам, алардын деңиз жүүгиндеги калдыгын жок кылам.

    25:17 Алардан каардуу жазалар менен катуу өч алам. Мен алардан өч алып жатканда, Менин Теңир экенимди билишет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск