Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Тир жөнүндө пайгамбарчылык

    26:1 Он биринчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:

    26:2 «Адам уулу! Тир Иерусалим жөнүндө: “И-и! И-и! элдердин дарбазасы болгон ал талкаланды. Ал мага бурулду, мен толом, анткени ал кыйрады”, – деп айтканы үчүн,

    26:3 ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Тир, Мен сага каршымын, деңиз өз толкунун көтөргөндөй, Мен да сага каршы көптөгөн элдерди көтөрөм.

    26:4 Алар Тир дубалдарын талкалашат, анын мунараларын кыйратышат. Анын ичинен топурагын шыпырып салам, аны жылаңач аскага айлантам.

    26:5 Ал деңиздин ортосунда балык кармаган тор жая турган жер болот, анткени муну Мен айттым, – дейт Кудай-Теңир, – аны элдер талап-тоношот.

    26:6 Анын жер үстүндөгү кыздары болсо кылычтан өлүшөт, ошондо Менин Теңир экенимди билишет.

    26:7 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: Мен Тирге каршы түндүктөн падышалардын падышасы болгон Бабыл падышасы Небухаданасарды аттары, майдан арабалары, атчандары, аскерлери, көп сандаган эли менен алып келем.

    26:8 Ал сенин жер үстүндөгү кыздарыңды кылычтап кырат, сага каршы курчоо мунараларын тургузат, сага каршы жал эйөт, сага каршы тосмолорду коёт.

    26:9 Ал сенин дубалдарыңдын жанына дубал бузгучтарды орнотот, мунараларыңды балталары менен кыйратат.

    26:10 Анын аттарынын көптүгүнөн сени чаң каптайт, талкаланган шаарга кирип келишкендей, ал сенин дарбазаңа кирип келгенде, атчандардын, дөңгөлөктөрдүн, майдан арабалардын дүбүртүнөн дубалдарың титирейт.

    26:11 Ал сенин бардык көчөлөрүңдү аттарынын туягы менен тебелеп таштайт, элиңди кылычтап кырат, сенин кудуреттүүлүгүңдүн үстеликтерин жерге кулатат.

    26:12 Байлыгыңды талап-тоноп кетишет, мал-мүлктөрүңдү уурдап кетишет, дубалдарыңды кыйратышат, кооз үйлөрүңдү талкалашат, таштарыңды, дарактарыңды жана топурагыңды сууга ыргытышат.

    26:13 Сенин ырларыңды токтотом, арфаңдын үнү мындан ары угулбайт.

    26:14 Ошентип, сени жылаңач аскага айлантам, сен балык кармаган тор жая турган жер болосуң. Кайра курулбайсың, анткени муну Мен, Теңир, айттым», – дейт Кудай-Теңир.

    26:15 Кудай-Теңир Тирге мындай дейт: «Сенин ичиңде болуп жаткан катуу кыргында жарадар болгондордун онтоосунан, сен кулаганда чыккан дабыштан аралдар титиребес бекен?

    26:16 Ошондо деңиз боюндагы төрөлөрдүн бардыгы өз тактыларынан түшүп, падыша кийимдерин чечип ыргытып, саймалуу кийимдерин чечип, коркунучка батып, жерге отурушат, көз ирмем сайын титиреп, сага таң калышат.

    26:17 Анан сен үчүн ыйлап, сага: “Деңизде жүрүүчүлөр жашаган, деңиз үстүндө күч-кубаттуу болгон атактуу шаар, сен кандай жок болдуң! Сен жана сенин бүт тургундарың деңиздин айланасындагы элдерге коркунуч туудурчу элеңер!” – дешет».

    26:18 Азыр, сен кулаган күнү аралдар титиреди. Деңиздеги аралдар сенин кыйраганыңды көрүп дүрбөлөңгө түштү.

    26:19 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сени эл жашабаган шаарлардай кылып, эүн калган шаарга айлантканда, үстүңө суу иримин көтөргөндө, сени чоң суулар каптаганда,

    26:20 Мен сени көргө түшүүчүлөр менен бирге небак жок болгон элдин жанына түшүрөм, сенде үч ким жашабашы үчүн, Мен сени көргө түшүүчүлөр менен бирге небак талкаланган жерлерге отурукташтырам. Тирүүлөрдүн жеринде Мен даңкты көрсөтөм.

    26:21 Сени көргөндөрдүн эрөйү учат, сен жок болосуң, сени издешет, бирок сени мындан ары, түбөлүккө таба алышпайт», – дейт Кудай-Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск