Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Тирди жоктоп ыйлоо

    27:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    27:2 «Сен да, адам уулу, Тир үчүн ыйла.

    27:3 Деңиз булуңдарыңда жайланышкан, көп аралдардагы элдер менен соода жүргүзгөн Тирге айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Тир! Сен: «Мен сулуулуктун жеткен чегимин!» – дейсиң.

    27:4 Сенин чек араларың деңиздердин жүрөгүндө. Куруучуларың сенин сулуулугуңду жеткилеңдикке жеткиришкен:

    27:5 Сенин бүт такталарыңды Сенирдин кипарис жыгачынан жасашкан. Сага мамыларды жасаш үчүн, Лебанондон кедр алышкан.

    27:6 Калактарыңды Башандын эмен жыгачынан жасашкан. Отургучтарыңды бук жыгачынан жасашкан, алардын алкактарын Китим аралдарынан алынып келинген пил сөөгүнөн жасашкан.

    27:7 Парустарың Мисирдин гүлдүү зыгыр кездемесинен жасалды, алар сага желек катары болду, жабууларың элиша аралдарынын көк жана кочкул кызыл түстөгү кездемелеринен болду.

    27:8 Сидон менен Арбат тургундары калакчыларың болду. Тир, сенде акылман адамдар бар эле. Алар сенин кеме башкаруучуларың болду.

    27:9 Гебалдын аксакалдары менен акылмандары сенин кемелериңдин тешиктерин бүтөөчүлөр эле. Деңиздеги бардык кемелер жана кеме айдоочулар аркылуу сенин соодаң жүрүп турган.

    27:10 Сенин аскерлериңдин арасында персиялыктар, луттуктар, путтуктар бар эле, алар сенин жоокерлериң эле. Алар сага калкан жана туулга илишчү, сага алар көрк берип турчу.

    27:11 Арбат уулдары менен сенин аскерлериң дубалдарыңдын үстүнө тегерете турушчу, гамдыктар сенин мунараңдын үстүндө турушчу. Алар сенин дубалдарыңды айланта өз саадактарын илишчү, алар сенин сулуулугуңду чегине жеткиришти.

    27:12 Ар кандай байлыктын молдугунан Таршыш сени менен соода жүргүзчү. Сенин товарларыңа күмүш, темир, калай, коргошун беришчү.

    27:13 Жабан, Тубал жана Мешех сени менен соода жүргүзүп, сенин товарларыңа адамдар менен жез идиштерди алмашышчу.

    27:14 Тогарма үйүнөн сенин товарларыңдын ордуна жылкыларды, минги аттарды, качырларды беришчү.

    27:15 Сени менен Дыдан уулдары соода жүргүзчү. Көп аралдар сени менен товар алмашып турчу. Пил сөөгүн жана кара жыгачты сага төлөм кылып жиберип турушчу.

    27:16 Сен көп нерселерди өндүрүп чыгаргандыктан, сени менен арамейликтер соода жүргүзчү. Алар сенин товарларыңдын ордуна зымырыт, кочкул кызыл кездеме, саймалуу кездеме, зыгыр кездеме, маржан, лаал беришчү.

    27:17 Сени менен Ысрайыл жери жана Жүйүт аймагы соода-сатык жүргүзчү. Сенин товарларыңдын ордуна Минит буудайын, бал, таттуу нерселерди, жыгач майын, бальзам беришчү.

    27:18 Сен көп нерселерди өндүрүп чыгаргандыктан, ар кандай байлыгың мол болгондуктан, Дамаск сени менен соода жүргүзүп, сенин товарларыңдын ордуна Хелбон шарабын жана ак жүн берчү.

    27:19 Бедан менен Жабан сенин товарларыңдын ордуна жип беришчү; сенин товарларыңа иштетилген темир, корица жана жыпар жыттуу камыш алмашып турушчу.

    27:20 Дыдан сени менен ат үстүнө жабылуучу кымбат баалуу ат жабуулары менен соода кылчу.

    27:21 Аравия жана Кейдардын бардык төрөлөрү сени менен товар алмашып турушчу: сенин товарларыңа козуларды, койлорду жана эчки-текелерди алмашышчу.

    27:22 Шеба менен Раманын көпөстөрү сенин товарларыңа ар кандай жыпар жыттуу заттарды, ар кыл асыл таштарды жана алтын беришчү.

    27:23 Сени менен Харан, Каней, эден жана Шеба көпөстөрү, Ашур жана Килмат соода жүргүзүп турчу.

    27:24 Алар сени менен кымбат баалуу кийимдер менен, жибек жана саймалуу кездемелер менен соода кылып турушчу. Аларды сенин базарларыңа кедр жыгачынан жасалган сандыктарга салып, жакшылап таңып алып келишчү.

    27:25 Таршыш кемелери сенин соодаң үчүн сага кербен болуп турушкан. Ошентип, сен деңиз ортосунда бай жана атактуу болуп калдың.

    27:26 Калакчыларың сени чоң сууларга алып киришти, бирок чыгыш шамалы сени деңиздердин ортосунда талкалады.

    27:27 Сенин байлыгың да, товарларың да, сактоочу кампаларың да, кеме айдоочуларың да, кеме башкаруучуларың да, кеме тешиктерин бүтөөчүлөрүң да, соодаңды башкаруучуларың да, жоокерлериң да, көп сандаган элиң да сен кулаган күнү сени менен кошо деңиз түбүнө түшөт.

    27:28 Сенин кеме башкаруучуларыңдын өкүрүгүнөн тегеректегилер солкулдайт.

    27:29 Калакчылар, кеме айдоочулар, кеме башкаруучулар өз кемелеринен түшүп, жерде турушат.

    27:30 Сени жоктоп катуу кыйкырышат, баштарына күл чачып, топуракка оонап, катуу онтошот.

    27:31 Сени жоктоп, чачтарын такырайта кырдырышат, белдерине зумбал курчанышат, сени жоктоп, жандары кейип, өксүп ыйлашат.

    27:32 Сени жоктоп кайгырып, минтип кошок кошуп ыйлашат: «Деңиздин ортосунда Тирге окшоп кыйраган шаар барбы?!»

    27:33 Деңиздерден товарларың келип турганда, сен көп элдерди тойгузчу элең. Мол байлыгың менен, соодаң менен жердеги падышаларды байытып турчу элең.

    27:34 үми сени деңиздер талкалады, товарларың жана ичиңдеги көп сандаган элиң айлампага чөктү.

    27:35 Сен жөнүндө укканда, аралдарда жашагандардын баарынын эрөйү учту, алардын падышалары титиреп, өңдөрү бузулду.

    27:36 Башка элдердин соодагерлери сен жөнүндө ышкырышты. Сен коркунучка айландың, эми сен түбөлүккө жок болосуң”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск