Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Ысмайылдын төрөлүшү

    16:1 Ыбрамдын аялы Сара төрөгөн жок. Анын Ажар деген мисирлик күңү бар болчу.

    16:2 Сара Ыбрамга мындай деди: «Теңир мени төрөбөс кылып койду. Менин күңүмдүн үстүнө кир, балким, мен андан балалуу болормун». Ыбрам Саранын тилин алды.

    16:3 Ошентип, Ыбрамдын Канаан жеринде турганына он жыл болгондо, Ыбрамдын аялы Сара Ажар деген мисирлик күңэн күйөөсү Ыбрамга аялдыкка алып берди.

    16:4 Ал Ажарга жакындады. Анын боюна бүттү. Боюна бүткөнүн билип, ал мырзайымы Сараны жек көрө баштады.

    16:5 Ошондо Сара Ыбрамга мындай деди: «Менин таарынычыма сен күнөөлүүсүң. Күңүмдү сага бердим эле. Ал болсо өзүнүн боюна бүткөнүн билип, мени жек көрө баштады. экөөбүздүн ортобузга Теңир өзү сот болсун».

    16:6 Ыбрам Сарага мындай деди: «Мына, күңэң өз колуңда. эмне кылам десең, өзүң бил». Ошондо Сара Ажарды кысымга ала баштады. Ажар андан качып кетти.

    16:7 Теңирдин периштеси аны чөлдөгү булак суусунун жанынан, Шурга кеткен жолдогу булактын жанынан тапты.

    16:8 Анан ага мындай деди: «Ажар, Саранын күңү! Сен кайдан келдиң, кайда бара жатасың?» Ал: «Мен өзүмдүн мырзайымым Сарадан качып бара жатам», – деп жооп берди.

    16:9 Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий.

    16:10 Укум-тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм, көптүгүнөн санап чыккыс болот».

    16:11 Теңирдин периштеси ага дагы мындай деди: «Азыр сенин боюңда бар, уул төрөйсүң, атын Ысмайыл деп коёсуң, анткени сенин кайгы-муңуңду Теңир укту.

    16:12 Ал эл арасында жапайы эшектей болот. Ал баарына каршы, баары ага каршы болот. Ал өз бир туугандарынын жанында жашайт».

    16:13 Ошондо Ажар: «Мен бул жерден мени көргөндү чын эле көрдүм», – деп, өзүнө сүйлөгөн Теңирге мындай деп ат койду: «Сен мени көрүп турган Кудайсың».

    16:14 Ошон үчүн ал булак Бейир-Лакай-Ройи деп аталат. Ал Кадеш менен Береттин ортосунда жайгашкан.

    16:15 Ажар Ыбрамга уул төрөп берди. Ыбрам Ажардан төрөлгөн уулунун атын Ысмайыл койду.

    16:16 Ажар Ыбрамга Ысмайылды төрөп бергенде, Ыбрам сексен алты жашта эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск