Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Кудайдын Ыбрам менен келишим түзүшү

    15:1 Бул окуялардан кийин Теңир Ыбрамга көрүнүш аркылуу мындай деди: «Коркпогун, Ыбрам, Мен сенин калканыңмын, сенин сыйлыгың абдан чоң».

    15:2 Ошондо Ыбрам мындай деди: «О, эгедер Теңирим! Мага Сен эмне бересиң? Мен баласыз өтүп бара жатам, эй ишин башкаруучум – дамасктык ушул элиезер.

    15:3 Сен мага тукум берген жоксуң, ошондуктан үйүмдөгү адам менин мураскорум».

    15:4 Ошондо Теңирден ага мындай сөз айтылды: «Ал сенин мураскоруң болбойт, сенин мураскоруң өзүңдөн чыккан балаң болот».

    15:5 Анан аны сыртка чыгарып, мындай деди: «Асманды карачы, эгерде жылдыздарды санай алсаң, санап чык. Сенин тукумуң ошончо болот».

    15:6 Ыбрам Теңирге ишенди. Теңир анын ишенимин ага адилдик катары эсептеди.

    15:7 Теңир Ыбрамга минтип айтты: «Бул жерди сенин эүлигиңе берүү үчүн, сени каздимдердин Ур шаарынан алып чыккан Теңир Менмин».

    15:8 Ыбрам Андан: «үгедер Теңирим! Мен бул жерге эү болорумду эмнеден билем?» – деп сурады.

    15:9 Теңир ага мындай деди: «Мага үч жылдык кунажын, үч жылдык эчки, үч жылдык кочкор, бактек жана жаш көгүчкөн алып кел».

    15:10 Ал алардын бардыгын алып келди да, канаттуулардан башкасын экиге бөлүп, бөлүктөрдү бири-биринин тушуна койду.

    15:11 Ошондо этке жырткыч куштар жабалактап учуп келишти, бирок Ыбрам аларды кубалап турду.

    15:12 Күн батарда Ыбрамды катуу уйку басты. Ошондо аны эрөй учурган коркунуч менен коюу караңгылык каптады.

    15:13 Ошондо Теңир Ыбрамга мындай деди: «Билип ал, сенин укум-тукумуң бөтөн жерде келгин эл болот. Аларды кул кылып, төрт жүз жыл эзишет.

    15:14 Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм, ошондо алар ал жерден көп мал-мүлк менен чыгышат.

    15:15 Ал эми сен ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, бакыбат өмүр сүрүп, көргө коюласың.

    15:16 Бул жерге алардын төртүнчү тукуму кайтып келет, анткени аморлуктардын мыйзамсыздыгы чегине жете элек».

    15:17 Күн батары менен караңгылык каптап, мештен чыккандай түтүн менен от жалыны бири-биринин тушуна коюлган бөлүктөрдүн ортосунан өттү.

    15:18 Бул күнү Теңир Ыбрам менен мындай келишим түздү: «Мен сенин укум-тукумуңа бул жерди, Мисир дарыясынан тартып улуу эфрат дарыясына чейинки:

    15:19 кейнилердин, кеназдыктардын, кадмонитсалыктардын,

    15:20 хеттиктердин, периздиктердин, репалыктардын,

    15:21 аморлуктардын, канаандыктардын, гиргештиктердин жана жебустуктардын жерин бердим».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск