Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кудай өзүнүн Уулу аркылуу сүйлөгөн

    1:1 Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сүйлөп келген Кудай

    1:2 акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган.

    1:3 Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү. Ал өз Сөзүнүн күчү менен бардык нерсени кармап турат. Күнөөлөрдөн тазалоону ишке ашыргандан кийин, Ал асмандагы улуу Кудайдын оң жагына отурду.

    1:4 Периштелерден Ал канчалык жогору болсо, алардын алдында Анын мураска алган ысымы да ошончолук жогору.

    1:5 Кудай периштелердин кимисине: «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» же «Мен Ага Ата болом, Ал Менин Уулум болот», – деп айтты эле?

    1:6 Тун Уулун дүйнөгө кайра дагы алып киргенде, Ал мындай дейт: «Кудайдын бардык периштелери Ага табынышсын».

    1:7 Периштелер жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Сен өзүңдүн периштелериңди шамал, кызматчыларыңды жалындаган от кыласың».

    1:8 Ал эми Уул жөнүндө мындай деп айтылган: «Оо, Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү, Сенин Падышачылыгыңдын таягы – адилеттик таягы.

    1:9 Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң. Мына ошон үчүн Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган.

    1:10 Сен, Теңир, адегенде жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.

    1:11 Алар жок болушат, Сен болсо түбөлүк жашайсың. Алардын баары чапандай эскирет.

    1:12 Сен аларды жабуудай түрөсүң, кийимдей алмаштырасың, алар өзгөрөт. Бирок Сен ошол бойдонсуң, Сенин жылдарыңдын аягы жок».

    1:13 Кудай периштелердин кимисине: «Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенге чейин, Менин оң жагыма отур», – деп айтты эле?

    1:14 Периштелердин баары куткарылууну мураска алчуларга кызмат кылуу үчүн, Теңир тарабынан жиберилген кызмат кылуучу рухтар гана эмеспи?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск