Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Мааптын кыйратылары жөнүндө

    15:1 Маап жөнүндө пайгамбарчылык: Чынында эле, түн ичинде Ар-Маап талкаланып жок болот. Чынында эле, түн ичинде Кир-Маап талкаланып жок болот!

    15:2 Ал ыйлаш үчүн Байыт менен Дибонго чыгып бара жатат, бутканага чыгып бара жатат. Маап Небо менен Мейдеба үчүн боздоп ыйлап жатат. Алардын бардыгынын чачы кырылган, бардыгынын сакалы алынган.

    15:3 Анын көчөлөрүндө зумбал кийип жүрүшөт, анын үйлөрүнүн үстүндө, аянттарында бардыгы боздоп ыйлап, көз жашын көлдөтүп жатышат.

    15:4 Кешпон да, элалей да боздоп ыйлап жатат. Алардын үнү Жааска чейин угулуп жатат. Алардын артынан Мааптын жоокерлери да боздоп ыйлап жатышат. Ал коркунучтан титиреп жатат.

    15:5 Жүрөгүм Маап үчүн боздоп ыйлап жатат. Анын качкындары Соарга, үчүнчү эглатка качып жатышат. Лухитке ыйлап чыгып бара жатышат, Хоронайымга бараткан жолдо катуу кыйкырып бара жатышат.

    15:6 Анткени Нимримдин суулары соолуду, шалбаалар куурады, чөптөр күйүп кетти, өсүмдүктөр жок калды.

    15:7 Ошондуктан алар өздөрүнүн жыйнаган байлыгын, өздөрүнүн жыйган-тергенин Аравия дарыясынын аркы өйүзүнө ташып жатышат.

    15:8 Анткени Мааптын бүткүл аймагын ый басты. Анын ыйы эглайымга чейин, Бейир-үйлимге чейин жетип жатат.

    15:9 Анткени Димондун суулары канга толду, анткени Мен Димонго дагы жаңы мүшкүл салам. Мааптын качып чыккандарына да, өлкөдө калгандарына да арстандарды жиберем.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск