Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Мааптын эмүтсүз абалы

    16:1 Козуларды Селадан чөл аркылуу жер эүсине, Сион кызынын тоосуна жибергиле.

    16:2 Анткени Маап кыздары Арнон кечүүлөрүндө уясынан түшүп калып адашкан куштай болушат.

    16:3 Кеңеш түз, чечим чыгар. Чак түштө бизди өз көлөкөң менен түн ичиндегидей калкала, куугунтукта жүргөндөрдү жашыр, тентип жүргөндөрдү кармап бербе.

    16:4 Менин куугунтукта жүргөн мааптыктарым сеникинде жашай турушсун, талоончулардан качкан аларга баш паана бол, анткени эзүүчү жок болот, талап-тоноо токтойт, тебелеп-тепсегендер жер үстүнөн жок болушат.

    16:5 Ошондо падыша тагы ырайымдуулук менен бекемделет, ага Дөөттүн тукумунан чындыкты издеген, адилеттикке умтулган башкаруучу чындыктын негизинде отурат.

    16:6 Биз Мааптын текебердиги жөнүндө, ашкан текебердиги жөнүндө, менменсингендиги жөнүндө, бой көтөргөндүгү жөнүндө, тажаалдыгы жөнүндө укканбыз: ал курулай мактанат.

    16:7 Ошондуктан Маап үчүн Маап боздоп ыйлайт, бардыгы боздоп ыйлашат. Кир-Харесеттин негиздери үчүн онтогула, анткени алар биротоло талкаланды.

    16:8 Кешпон талаалары, ошондой эле Сыбма жүзүмзары куурады. элдердин өкүмдарлары анын Жазерге чейин жеткен, чөлдө жайылган эң мыкты сабактарын жок кылышты. Алардын жаш бутактары жайылып, деңиздин аркы өйүзүнө өттү.

    16:9 Ошондуктан мен да Сыбманын жүзүм сабагы үчүн Жазердин ыйы менен ыйлайм. Кешпон жана элалей, сага көз жашымды төгөм, анткени мындан кийин сенин жүзүмдөрүңдү жыйноо учурунда жана оруу-жыюу учурунда шаңдуу кубаныч болбойт.

    16:10 Түшүмдүү жерлерден кубаныч менен шаттык жоголот, жүзүмзарлардын арасында ырдашпайт, кубанышпайт. Жүзүмчү жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелебейт, анткени Мен кубанычтуу эндү бастым.

    16:11 Мына ошондуктан ички дүйнөм Маап үчүн арфадай онтойт, Кир-Харесет үчүн жүрөгүм сыздайт.

    16:12 Маап келип, бутканаларында чарчаганча жалынса да, өзүнүн ыйык жайына сыйынганы келсе да, үч нерсе жардам бербейт.

    16:13 Теңирдин Маап тууралуу небак эле айткан сөзү ушул.

    16:14 Азыр болсо Теңир мындай дейт: «Жалданган жылдар боюнча эсептегенде, үч жылдан кийин Мааптын текебердиги өзүнүн көп эли менен кошо басылат, аман калган калдыгы эң эле аз, анча-мынча эле болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск