Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Сириянын жана эпрайымдын жазаланары жөнүндө

    17:1 Дамаск жөнүндө пайгамбарчылык. «Мына, Дамаск шаарлардын эсебинен чыгат, үйүлгөн урандыга айланат.

    17:2 Аройердин эүн калган шаарлары малга калат, мал ошол жерге жайылат, аларды эркүткөн үч ким болбойт.

    17:3 үпрайымдыктардын сепили да, Дамаск падышачылыгы да жок болот. Ысрайыл уулдарынын даңкына эмне болсо, Сириянын калган бөлүгүнө да ошондой болот», – дейт Себайот Теңир.

    17:4 «Ошол күнү Жакыптын даңкы кемийт, анын семиз денеси арыктайт.

    17:5 Орокчу эгин жыйнагандан кийин, анын колу машак тергенден кийин, Репа уулдарынын өрөөнүндө машак жыйнагандан кийин кандай болсо, ошол күнү ошондой болот.

    17:6 Зайтун дарагын күбүгөндөн кийин, эң башында калган эки-үч мөмөдөй же мөмөлүү шагында калган төрт-беш мөмөдөй андан калдык калат», – дейт Ысрайылдын Кудай-Теңири.

    17:7 Ошол күнү адам өзүнүн Жаратуучусуна кайрылат, анын көзү Ысрайылдын Ыйыгына бурулат.

    17:8 Ал курмандык чалынуучу жайларга да, өзүнүн колу менен жасалган иштерге да карабайт, өз колдору менен жасаган жасалма кудайларга – Ашейра менен Баалга да карабайт.

    17:9 Ошол күнү анын бекемделген шаарлары токойлордо жана тоолордун башында Ысрайыл уулдарынын алдында таштап кетишкен урандылардай болот. Ал чөлгө айланат.

    17:10 Анткени сен өзүңдү куткарган Кудайыңды унутуп койдуң, өзүң баш калкалаган асканы эсиңен чыгарып койдуң. Ошондуктан сен көңүл ачуучу бактарды көбөйттүң, башка бирөөнүн жүзүм сабагынан алып келип, жаш бутактарды отургуздуң.

    17:11 Алар өссүн деп, сепкендериң эрте гүлдөсүн деп, отургузган күнү кам көрдүң. Бирок түшүм жыйнаган күнү үйүлгөн түшүм эмес, оор кайгы болот.

    17:12 Оо, көп элдердин ызы-чуусу! Алар деңиз күркүрөгөндөй күркүрөп жатышат. Уруулардын өкүрүгү! Алардын өкүрүгү шар аккан суунун күрүлдөгөнүнө окшош.

    17:13 үлдер шар аккан суулардай күрүлдөп жатышат, бирок Теңир аларды коркутканда, алар алыс качып кетишти, алар тоолордогу шамал учурган топурактай, куюн сапырган чаңдай болушту.

    17:14 Кеч киргенде коркунуч басты! Бирок таң атканга чейин эле ал коркунуч жок болду. Бизди талап-тоногондордун элүшү, бизди кыйраткандардын тагдыры ушундай.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск