Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Ысрайылдын туткундан кайтып келери жөнүндө

    14:1 Анын мезгили жакын калды, анын күндөрү кечикпейт. Анткени Теңир Жакыпка ырайым кылат, Ысрайылды кайрадан тандап алат. Аларды өз жерине көчүрөт, ошондо аларга чет жерликтер кошулат, Жакыпка жабышышат.

    14:2 үлдер аларды өз жерине алып келишет, Ысрайыл аларды өзүнө Теңирдин жеринде кул жана күң кылып алат, аларды туткундап алгандарды туткундап алат, аларды эзгендердин үстүнөн бийлик кылат.

    Бабыл падышасын жеңгендеги жеңиш ыры

    14:3 Теңир сени кайгыдан, коркунучтан, сени кулга айландырган оор эзүүдөн куткарып, сага тынчтык берген күнү

    14:4 сен Бабыл падышасы жөнүндө мындай деп жеңиш ырын ырдайсың: «үзүүчү жок болору менен талап-тоноочулук жок болду».

    14:5 Теңир мыйзамсыздардын союлун, өкүмдарлардын бийлик таягын сындырды.

    14:6 Ал таяк жаалданып, өзүнүн токтотулбас соккулары менен элдерди кырган, каарданып, эү-жаа бербеген куугунтук менен урууларга үстөмдүк кылган.

    14:7 Бүт жер эс алып, тынч жатат, кубанычтан кыйкырып жатат.

    14:8 Сенин кулаганыңа кипаристер да, лебанон кедрлери да: «Сен уктап калгандан бери бизди кыйганы үч ким келген жок», – деп кубанып жатышат.

    14:9 Сен үчүн, сени кирип бара жатканда тосуп алыш үчүн, түпкүрдөгү өлгөндөр жаткан жай кыймылга келди. Сен үчүн өлгөндөрдү, жер жүзүнүн бардык жол башчыларын ойготту, бутпарас элдердин бардык падышаларын тагынан тургузду.

    14:10 Алардын бардыгы сага: «Сен да биз сыяктуу алсыз болуп калдың! Сен да бизге окшоп калдың!» – дешет.

    14:11 Сенин сыймыгың арфаңдын үнү менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүрүлдү. Астыңа курттар төшөлдү, үстүңдөгү жабууң да курт болду.

    14:12 Таң жылдызы, таң уулу, сен асмандан кандай куладың! элдерди тебелеп-тепсөөчү, сен жерге кулап түшүп, кандай талкаландың!

    14:13 Бирок сен өз жүрөгүңдө мындай деп айттың эле: «Асманга чыгып, тагымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём, тоодо, сансыз кудайлардын арасында, түндүктүн четинде отурам.

    14:14 Булуттардын үстүнө чыгам, Бардыгынан Жогору Тургандын өзүнө окшоп калам».

    14:15 Бирок сен өлгөндөр жаткан жайга, түпкүрдүн түбүнө түшүрүлдүң.

    14:16 Сени көргөндөр сенден көзүн албай, сен жөнүндө минтип ойлошот: «Жерди солкулдатып, падышачылыктарды титиреткен киши ушул беле?

    14:17 Ааламды чөлгө айланткан, анын шаарларын кыйраткан, өзүнүн туткундарын үйүнө коё бербеген киши ушул беле?»

    14:18 үлдердин бардык падышалары, бардыгы урмат-сый менен өз күмбөздөрүндө жатышат.

    14:19 Сен болсо өзүңдүн күмбөзүңдөн жарабаган бутактай болуп ыргытылдың, кылычтан өлгөндөрдүн кийиминдей болуп таш чуңкурга коюлдуң, сен тебеленген өлүктөй болдуң!

    14:20 Сен аларга мүрзөдө кошулбайсың, анткени сен өз жериңди талкаладың, өз элиңди кырдың: мыйзамсыздык кылгандардын тукуму кылымдар бою эскерилбейт.

    14:21 Атасынын мыйзамсыздыгы үчүн уулдарын сойгонго даярдагыла, алар көтөрүлүп чыгып, жерди эүлеп алып, ааламды душмандарга толтуруп жиберишпесин.

    Бабылдын жана Ашурдун кулары жөнүндө

    14:22 «Аларга Мен каршы чыгам, – дейт Себайот Теңир, – Бабылдын ысымын жана калдыкты, уулун да, небересин да жок кылам, – дейт Теңир.

    14:23 Аны кирпилерге мурас кылып берем, саз кылам, аны кыйратуучу шыпыргы менен шыпырып салам», – дейт Себайот Теңир.

    14:24 Себайот Теңир мындай деп ант берип жатат: «Мен кандай ойлосом, ошондой болот; Мен кандай чечсем, ошондой аткарылат.

    14:25 Ашурду өзүмдүн жеримде талкалайм, аны өзүмдүн тоолорумда тебелейм, ошондо алардын мойнунан анын моюнтуругу түшөт, алардын ийининен анын жүгү алынат».

    14:26 Бүт жер жүзү жөнүндө чечилген чечим ушундай, бардык элдерге сунулган кол ушул!

    14:27 Анткени Себайот Теңир чечти, аны ким жокко чыгара алат? Анын колу сунулуу, ким аны тарта алат?

    Пелишти жеринин кыйратылары жөнүндө

    14:28 Ахаз падыша өлгөн жылы мындай пайгамбарчылык сөз болгон:

    14:29 «Пелиштиликтердин жери, сени кыйраткан таяктын талкаланганына кубанба, анткени жылан тукумунан уулуу жылан чыгат, анын тукуму учуп жүрүүчү ажыдаар болот.

    14:30 Ошондо кедейлер тоюшат, жакырлар коопсуз жатышат, ал эми сенин тукумуңду ачарчылык менен кырам, ал сенин калдыгыңды жок кылат.

    14:31 Дарбазалар, ыйлагыла! Шаар, улуп-уңшуп ыйла! Бүт Пелишти жери, сен кыйрайсың, анткени түндүктөн түтүн каптап келе жатат, алардын аскерлеринин арасында артта калганы жок».

    14:32 үлдин кабарчылары эмне дешет болду экен? Алар: «Теңир Сионду бекемдеди, ал жерден Анын элинин жакырлары баш паана табышат», – дешет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск