Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Бабыл жөнүндөгү пайгамбарчылык

    13:1 Бабыл тууралуу Амос уулу Ышайанын пайгамбарчылыгы:

    13:2 «Токою жок тоонун үстүндө туу көтөргүлө, катуу кыйкыргыла. Аларга кол булгагыла, алар төрөлөрдүн дарбазаларына киришсин.

    13:3 Мен өзүмдүн тандалгандарыма буйрук берип, өзүмдүн бүт каарымды төгүш үчүн, Менин улуулугума кубанып жаткан күчтүүлөрүмдү чакырдым».

    13:4 Тоолордон чыккан ызы-чуу көп сандаган элдин, падышачылыктардын жана чогулган элдердин козголоңдуу ызы-чуусуна окшош. Себайот Теңир согуш аскерлерин карап турат.

    13:5 Бүт жерди кыйратыш үчүн, эң алыскы өлкөлөрдөн, асмандын эң четинен Теңир жана Анын каарынын куралы келе жатат.

    13:6 Ыйлагыла, анткени Теңирдин күнү жакын калды, ал Кудуреттүүнүн кыйратуучу күчү катарында келе жатат!

    13:7 Ошондуктан бардыгынын колдору шалдайды, бардык адамдардын жүрөгү суу жүрөк болуп калды.

    13:8 Алардын эрөйү учуп, калтырап, онтоп жатышат, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатышат, бири-бирин таң калуу менен карашат, жүздөрү оттой жанат.

    13:9 Мына, жерди чөлгө айлантыш үчүн, андагы күнөөкөрлөрдү кырыш үчүн, ачууга, жалындаган каарга толгон Теңирдин ырайымсыз күнү келе жатат.

    13:10 Асмандагы жылдыздар, топ жылдыздар өз жарыгын бербей калат, күн чыгары менен өчөт, ай өз жарыгын чачпай калат.

    13:11 «Мен дүйнөнү жаман иштери үчүн, мыйзамсыздарды мыйзамсыздыктары үчүн жазалайм. Текеберлердин акылдуусунганын токтотом, эзүүчүлөрдүн менменсингендигин басам.

    13:12 Адамдарды таза алтындан кымбат кылам, эркектерди Опирдин таза алтынынан кымбат кылам.

    13:13 Ал үчүн асманды солкулдатам, жер Себайот Теңирдин ачуусунан Анын каары жалындаган күнү ордунан жылат».

    13:14 Ошондо ар бир адам аңчыдан качкан жейрендей жана эүси таштап кеткен койлордой болуп өз элине кайрылат, ар бир адам өз жерине качып барат.

    13:15 Бирок колго түшкөн адам жебеге сайылат, кармалган адам кылычтан өлөт.

    13:16 Алардын көз алдында наристелерин өлтүрүшөт, үйлөрүн талап-тоношот, аялдарынын абийирин төгүшөт.

    13:17 «Мына, Мен аларга каршы күмүштү баалабаган, алтынга кызыкпаган мадайлыктарды көтөрөм».

    13:18 Алардын жаалары уландарды өлтүрөт, боюнда бар аялдарды аябайт. Алардын көздөрү жаш балдарга боор оорубайт.

    13:19 Ошентип, падышачылыктардын көркү, каздимдердин сыймыгы болгон Бабылды Кудай Содом менен Амордой кылып кулатат.

    13:20 Ал жерге үч ким үч качан көчүп барбайт, ал жерде түбөлүккө үч ким жашабайт. Ал жерге аравиялык адам чатырын тикпейт, ал жерге койчулар койлорун жайышпайт.

    13:21 Бирок ал жерде чөл жырткычтары жашайт, алардын үйлөрүнө экүлөр толот, төө куштар уя салышат, жапайы текелер секирип жүрөт.

    13:22 Алардын падыша сарайларында чөөлөр, көңүл ачуучу үйлөрүндө карышкырлар улуйт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск