Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Теңирди адилет соту үчүн даңктоо

    25:1 Теңир! Сен менин Кудайымсың. Сени даңазалайм, Сенин ысымыңды мактайм, анткени Сен укмуштарды жараттың, байыркы убакта алдын ала белгилеп койгондоруң чындык, оомийин!

    25:2 Сен шаарды таштын эймөгүнө, чепти урандыга айланттың: шаарда бөтөн уруулардын үйлөрү калган жок, ал үч качан калыбына келтирилбейт.

    25:3 Ошондуктан Сени күчтүү элдер даңазалашат, коркунучтуу уруулардын шаарлары Сенден корко турган болушат.

    25:4 Анткени Сен жардыга тирек болдуң, жакырга башына кыйынчылык түшкөн күндөрдө таяныч болдуң, бороондо баш паана болдуң, аптапта көлөкө болдуң. Анткени канкор эзүүчүлөрдүн каардуу деми дубалдарга каршы соккон бороондой.

    25:5 Суусуз жердеги аптаптай, Сен душмандардын жаңжалын токтоттуң. Аптапты булуттун көлөкөсү баскандай, эзүүчүлөрдүн кубанычы басылат.

    25:6 Ошондо Себайот Теңир бардык элге ушул тоонун үстүндө дасторкон жайып, тамактын майлуусун, шараптын тазасын, жиликтин чучугун, шараптын эң тазасын коёт.

    25:7 Бардык элдерди жаап турган жабууну, бардык уруулардын үстүндөгү жабууну ушул тоонун үстүндө жок кылат.

    25:8 Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт, бүт жер жүзүндөгү өз элинин маскарачылыгын алып салат, анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

    25:9 Ошол күнү: «Мына, бул – биздин Кудай! Биз Ага таянганбыз, ошондуктан Ал бизди куткарды! Бул – Теңир, биз Андан эмүт кылганбыз. Анын куткарганына кубаналы, шаттаналы!» – деп айтышат.

    25:10 Анткени Теңирдин колу ушул тоодо турат, саман кыктын үстүндө тебеленгендей, Маап өз ордунда тебеленет.

    Мааптын жазаланары жөнүндө

    25:11 Суучул сүзүш үчүн колун сунгандай, ал өзүнүн колдорун анын ортосуна сунса да, Кудай анын текебердигин колдорунун анткорлугу менен кошо басат.

    25:12 Сенин сепилиңдин бийик дубалдарын талкалап, жерге кулатып, топуракка айландырат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск