Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Теңир – Ысрайылдын Куткаруучусу

    26:1 Ошол күнү Жүйүт жеринде мына бул ырды ырдашат: «Биздин шаар бекем, дубал менен тосмо ордуна Теңир куткаруу берди.

    26:2 Дарбазаны ачкыла, чындыкты сактаган адил эл кирсин.

    26:3 Руху бекем адамды Сен жеткилең тынчтыкта сактайсың, анткени ал Сенден эмүттөнөт.

    26:4 Түбөлүккө Теңирден эмүттөнгүлө, анткени Кудай-Теңир – түбөлүк таяныч.

    26:5 Ал бийиктикте жашагандарды басынтты, бийиктикте турган шаарды кулатты. Аны жерге кулатып, топуракка айлантты.

    26:6 Аны бут тебелейт, аны жакырлардын буту, кедей-кембагалдардын таманы тебелейт.

    26:7 Адил адамдын жолу түз. Сен адил адамдын жолун түздөйсүң.

    26:8 Теңир, Сенин сотторуңдун жолунда биз Сенден эмүттөнгөнбүз! Биздин жаныбыз Сенин ысымыңа, Сени эскерүүгө умтулган.

    26:9 Менин жаным Сага түн ичинде умтулду, Сени рухум менен таң заардан издейм, анткени жер үстүндө Сенин сотуң жүрүп жатканда, жер жүзүндө жашагандар акыйкаттыкка эйрөнүшөт.

    26:10 Мыйзамсызга ырайым кылынса, анда ал чындыкка эйрөнбөстөн, адил адамдардын жеринде жамандык кыла берет жана Кудайдын улуулугун көрбөйт.

    26:11 Теңир! Сенин колуң бийик көтөрүлгөн, бирок алар көргөн жок. Сенин элиңди жек көргөндөр аны көрүп уялышат. Сенин душмандарыңды от жалмайт.

    26:12 Теңир! Сен бизге тынчтык тартуулап жатасың, анткени Сен биздин бардык иштерибизди да биз үчүн аткарып жатасың.

    26:13 Кудай-Теңирибиз! Сенден башка өкүмдарлар бизге үстөмдүк кылышчу, бирок биз Сенин ысымыңды Сен аркылуу гана даңктайбыз.

    26:14 өлгөндөр тирилишпейт, өлүктөр турушпайт, анткени аларды Сен жазалап, алардын атын биротоло өчүрдүң.

    26:15 үлди көбөйттүң, Теңир, элди көбөйтүп, өзүңдү даңктадың, даңкыңды жер жүзүнө тараттың.

    26:16 Теңир! Башына күн түшкөндө, ал Сени издеген, ага Сенин жазаң жеткенде, шыбырап жалынган.

    26:17 Кош бойлуу аял толгоо тартканда, кандай кыйналып кыйкырса, Теңир, Сенин алдыңда биз да ошондой кыйналдык.

    26:18 Кош бойлуу болгонбуз, кыйналганбыз, шамал төрөгөндөй болгонбуз, жерге куткарууну жеткирген жокпуз, дүйнөгө жердин жаңы тургундары келген жок.

    26:19 Сенин өлгөндөрүң тирилишет, өлүү денелер кайра турушат! Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла! Анткени Сенин шүүдүрүмүң – өсүмдүк шүүдүрүмү. Жер өлгөндөрдү бүркөт».

    Бутпарастардын жазаланары жана Ысрайылдын калыбына келтирилери жөнүндө

    26:20 Бар, элим, үйүңө кир, эшигиңди жап, каар өтүп кеткенче, көз ирмемге жашына тур.

    26:21 Анткени мына, Теңир өз турагынан жердин жашоочуларын мыйзамсыздыгы үчүн жазалаганы чыгып келе жатат, ошондо жер өзү жуткан канды кайра алып чыгат, ошондон кийин өзүнүн өлтүрүлгөндөрүн жашырбайт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск