Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    27:1 Ошол күнү Теңир өзүнүн оор, чоң, бекем кылычы менен түз чуркаган жылан лебийатанды, сойлогон жылан лебийатанды жазалайт, деңизде жашаган коркунучтуу жаныбарды өлтүрөт.

    27:2 Ошол күнү ал тууралуу – сүйүктүү жүзүмзар тууралуу ырдагыла:

    27:3 «Мен, Теңир, анын сактоочусумун, аны көз ирмем сайын сугарып турам, бирөө кирип кетпесин деп, аны күндүр-түндүр кайтарам.

    27:4 Мен каарданган жокмун. Бирок кимдир бирөө анын ичине Мага каршы отоо чөп жана тикенек коё турган болсо, Мен ага каршы согуш ачып, аны өрттөп жок кылам.

    27:5 үгерде ал Менден жардам сурап кайрылса, Мени менен тынчтык келишимин түзгүсү келсе, анда Мени менен тынчтык келишимин түзсүн.

    27:6 Келечекте Жакып тамыр жаят, Ысрайыл бутак чыгарып гүлдөйт. Ошондо бүт жер жүзү жемишке толот».

    27:7 Теңир аны ургандарды кандай урса, аны да ошондой урду беле? Аны өлтүргөндөр кандай өлтүрүлсө, аны да ошондой өлтүрдү беле?

    27:8 Сен аны четке кагып, күнөөсүнө жараша жазаладың. Чыгыштын шамалы соккон күндөгүдөй, Сен аны өзүңдүн күчтүү демиң менен ыргыттың.

    27:9 Ошондуктан ушул аркылуу Жакыптын мыйзамсыздыгы кечирилет. Анын күнөөдөн тазалангандыгынын жемиши болуп, курмандык чалынуучу жайдын бүт таштарын майдаланган акиташтай кылгандыгы эсептелет. Ошондон кийин Ашейра жана күндүн буркандары турбайт.

    27:10 Анткени бекемделген шаар эүн калат, турак жайларды таштап кетишет, кароосуз калтырышат, алар чөлгө окшоп эүн калат. Ал жерге музоо жайылат, ал ошол жерге жатып алып, анын бутактарын кемирет.

    27:11 Анын бутактары куурап калганда, аларды сындырып салышат. Аялдар келип, аларды өрттөп жиберишет. Бул эл акылсыз болгондуктан, Жаратканы аны аябайт, Жасаганы ага ырайым кылбайт.

    27:12 Бирок ошол күнү Теңир улуу дарыядан Мисир сууларына чейин – бардыгын титиретет. Ошондо силер, Ысрайыл уулдары, баарыңар чогултуласыңар.

    27:13 Ошол күнү мындай болот: улуу сурнай тартылат, ошондо Ашур жеринде адашып жүргөндөр жана Мисир жерине куугунтукталып кеткендер келип, Иерусалимдеги ыйык тоодо Теңирге таазим кылышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск