Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Теңирдин жерди жазалары жөнүндө

    24:1 Мына, Теңир жерди эүн калтырып, түшүмсүз кылып жатат. Анын көрүнүшүн өзгөртүп, тургундарын туш-тушка чачыратып жатат.

    24:2 үлге эмне болсо, ыйык кызмат кылуучуга да ошол болот; кулга эмне болсо, кожоюнга да ошол болот; күңгө эмне болсо, кожоюндун аялына да ошол болот; сатып алуучуга эмне болсо, сатуучуга да ошол болот; карыздарга эмне болсо, карыз берүүчүгө да ошол болот; үстөккө берүүчүгө эмне болсо, үстөккө алуучуга да ошол болот.

    24:3 Жер эүн калды, таланып-тонолду, анткени бул сөздү Теңир айтты.

    24:4 Жер кайгырды, анын ындыны өчтү. Аалам башын жерге салды, анын ындыны өчтү. эл башчыларынын баштары шылкыйды.

    24:5 Ошентип, жер үстүндө жашагандар жерди булгашты, анткени алар мыйзамдарды бузушту, буйруктарды өзгөртүштү, түбөлүктүү келишимди бузушту.

    24:6 Ошон үчүн жерди каргыш жеп жатат, анын үстүндө жашагандар жазаланып жатышат. Ошон үчүн жерде жашагандар өрттөлдү, аз эле адам калды.

    24:7 Шиңгилдин ширеси ыйлап жатат, жүзүмдүн сабагы ооруп жатат. Жүрөгү менен кубангандардын баары онтоп жатышат.

    24:8 Дап каккандардын шаңдуу үнү басылды, көңүл ачкандардын үнү өчтү, гуслилердин үнү угулбай калды.

    24:9 үми шарап ичип ырдабай калышты, күчтүү ичимдик аны ичкендерге ачуу болуп калды.

    24:10 үэн калган шаар талкаланды, бардык үйлөр кулпуланган, кирүүгө мүмкүн эмес.

    24:11 Көчөлөрдө шарапты эңсеп ыйлашат, бардык кубаныч кайгыга айланды, жер үстүндө бардык кубаныч жоголду.

    24:12 Шаар кыйрады, дарбазалар талкаланды.

    24:13 Ал эми жер ортосунда, элдер арасында зайтун дарагын күбүп алгандан кийин, жүзүмдү терип алгандан кийин, түшүмдү жыйнап алгандан кийин кандай болсо, ошондой болот.

    24:14 Алар үнүн бийик чыгарып, Теңирдин улуулугуна кубанышат, деңизден катуу кыйкырышат.

    24:15 Ошондуктан чыгышта Теңирди даңктагыла, деңиз аралдарында Ысрайылдын Кудайын, Теңирдин ысымын даңктагыла!

    24:16 Биз жер шарынын учу-кыйырынан «Адил адамга даңк!» деген ырды угуп жатабыз. Ошондо мен мындай дедим: «Башыма мүшкүл түштү! Башыма мүшкүл түштү! Башыма кайгы келди! Жамандык кылгандар жамандык кылып жатышат, кыянаттык кылгандар кыянаттык менен кыянатчылык кылып жатышат.

    24:17 Жер тургуну, сени коркунуч, ор, тор күтүп турат!

    24:18 Ошондо коркунуч туудурган кыйкырыктан качкан адам орго түшөт, ордон чыккан адам торго түшөт, анткени асмандын терезеси ачылат, жердин негиздери солкулдайт».

    24:19 Жер кыйрап жатат, жер талкаланып жатат, жер катуу титиреп жатат.

    24:20 Жер мас кишидей ыргалып жатат, бешиктей термелип жатат, аны өзүнүн мыйзамсыздыгы кыйнап жатат. Ал кулайт, кайра турбайт.

    24:21 Ошол күнү Теңир асмандагы асман кошуундарын, жердеги падышаларды жазалайт.

    24:22 Алардын баары чогултулуп, туткундар катары орго салынып, зынданга камалышат, анан көп күн өткөндөн кийин жазага тартылышат.

    24:23 Себайот Теңир Сион тоосуна жана Иерусалимге падыша болгондо, ай кызарат, күн уялат, Анын элинин аксакалдарынын алдында даңк болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск