Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Тир жөнүндөгү пайгамбарчылык

    23:1 Тир жөнүндөгү пайгамбарчылык: «Таршыштын кемелери, боздоп ыйлагыла, анткени ал кыйрады. Yйлөр да жок, үйлөргө кире турган адам да жок». Аларга Китим жеринен ушундай кабар келди.

    23:2 Деңизде жүрүүчү Сидон соодагерлерине толгон арал тургундары, унчукпай калгыла.

    23:3 Ал жерге зор дарыялар аркылуу Шихордун эрөндөрү, чоң дарыянын түшүмү алып келинип турчу, ал элдердин соода кыла турган жери болчу.

    23:4 Уял, Сидон, анткени деңиз, күчтүү деңиз, мындай деп айтып жатат: «Мен толгоо тартып төрөгөн жокмун, уулдарды чоңойткон жокмун, кыздарды өстүргөн жокмун».

    23:5 Бул кабар мисирликтерге жеткенде, алар Тир тууралуу укканда, титирешет.

    23:6 Таршышка көчүп кеткиле, аралдын тургундары, ыйлагыла!

    23:7 Байыркы күндөрдө эле негизделип, кубанып келген шаарыңар ушубу? Буттары аны алыскы өлкөдө тентип жүрүүгө алып бара жатат.

    23:8 Таажы тараткан, көпөстөрү төрө болгон, соодагерлери өлкөнүн атактуу кишилери болгон Тирге муну ким күн мурун белгилеп койду?

    23:9 Ар кандай даңктын текебердигин уятка калтырыш үчүн, жер үстүндөгү бүт атактууларды басынтыш үчүн, муну Себайот Теңир күн мурунтан белгилеп койгон.

    23:10 Таршыш кызы, өз жериңди дарыядай арала! Мындан ары тоскоолдук жок.

    23:11 Теңир өз колун деңизге сунуп, падышачылыктарды силкилдетти. Теңир Канаан жөнүндө, анын сепилдерин кыйратууга буйрук берди.

    23:12 Ал мындай деди: «Маскара болгон кыз, Сидондун кызы, сен мындан ары кубанбайсың! Тур, Китимге бар, бирок сага ал жерде да тынчтык болбойт».

    23:13 Мына, Каздим жери. Бул эл мурун жок болчу. Ашур аны чөлдүн тургундарынан баштаган. Алар өздөрүнүн мунараларын тургузуп жатышат, анын сарайларын бузуп жатышат, аны урандыга айлантып жатышат.

    23:14 Таршыштын кемелери, ыйлагыла! Анткени силердин тирегиңер кыйрады.

    23:15 Ошол күнү Тир бир падышанын падышачылык күндөрүндөй, жетимиш жылга унутулат. Жетимиш жыл өткөндөн кийин, бузулган аял жөнүндө кандай ырдашса, Тир жөнүндө да ошондой ырдашат:

    23:16 «Лираңды колуңа ал, шаарды аралап чык, унутулган бузулган аял! Чебер ойно, көп ырда, сен жөнүндө үстешсин».

    23:17 Жетимиш жыл өткөндөн кийин Теңир Тирди үстейт. Ошондо ал кайрадан өз кирешесин таба баштайт, бүт жер жүзүндөгү падышачылыктардын баары менен бузукулук кылат.

    23:18 Бирок анын соодасы жана кирешеси Теңирге арналат, аларды кампаларга жыйнашпайт, сакташпайт. Анын соодадан түшкөн кирешеси Теңирдин алдында жашагандарга өтөт, ошондо алар тоё жешет, жакшы кийим кийишет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск