Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 46

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    46-БөЛЄМ

    46:1 Бел кулады, Небо төмөндөн ылдый кулады, алардын жасалма кудайлары малдын үстүндө жана жүк жүктөлүүчү малдын үстүндө. Силердин жүгүңөр чарчаган мал үчүн оордук болду.

    46:2 Алар кулашты, бирге жыгылышты. Алар көтөрүп жүргөндөрдү коргоп кала алышпады, өздөрү да туткундалып кетишти.

    46:3 «үненин курсагында жатканда эле өзүм кабыл алган, эненин курсагында жатканда эле өзүм көтөрүп жүргөн Жакып тукуму жана Ысрайыл тукумунун бүт калдыгы, Мага кулак салгыла:

    46:4 Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин, чачыңар агарганга чейин, силерди Мен көтөрүп жүрөм. Мен жараттым, ошондуктан силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм.

    46:5 Мени кимге теңеп жатасыңар? Мени кимге салыштырып жатасыңар? Мени кимге окшоштуруп жатасыңар?

    46:6 Намыяндан алтындарды төгүп жатышат, таразага күмүштөрдү тартып жатышат, зергер жалдап жатышат, ал андан кудай жасап жатат. Ага табынып, анын алдына жыгылып жатышат.

    46:7 Аны ийинге салышат, аны көтөрүшөт, аны өз ордуна коюшат, ал турат, ал өз ордунан жылбайт. Ага кыйкырышат, бирок ал жооп бербейт, кыйынчылыктан куткарбайт.

    46:8 Ушуну үстегиле, өзүңөрдү эр жүрөк кылып көрсөткүлө. Кудайдан баш тарткандар, муну жүрөгүңөргө кабыл алгыла.

    46:9 Мурун болуп өткөндөрдү, атам замандан бери болгондорду үстегиле, анткени Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок, Мага окшош үч ким жок.

    46:10 Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам: “Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм”.

    46:11 Мен чыгыштан бүркүттү, алыскы өлкөдөн Менин чечимдеримди аткара турганды чакырдым. Мен эмнени айтсам, ошону орундатам. эмнени алдын ала белгилесем, ошону жасайм.

    46:12 Жүрөгү катаалдар, акыйкаттан алыс жүргөндөр, Мени уккула!

    46:13 Мен өзүмдүн адилеттигимди жакындаттым, ал алыс эмес, Менин куткаруум кечикпейт. Мен өзүмдүн даңкым Ысрайылга, Сионго куткаруу берем».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск