Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 47

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    47-БөЛЄМ

    Бабылдын жазаланары жөнүндө

    47:1 «Бабылдын кызы, эркек көрө элек кыз, жерге түш, топуракка отур, жерде отур. Каздимдердин кызы, падыша тагы жок, мындан ары сени назик жана бай деп аташпайт.

    47:2 Жаргылчакты алып, ун тарт. Жабууңду алып таштап, этегиңди көтөр, тизеңди ач, дарыядан кечип өт.

    47:3 Сенин этиң ачылат, атүгүл, абийириң да көрүнүп калат. өч алам, үч кимди аябайм».

    47:4 Биздин Куткаруучубуз – Теңир, Анын ысымы – Себайот, Ысрайылдын Ыйыгы.

    47:5 «Каздимдердин кызы, унчукпай отур, караңгыга кет, анткени мындан ары сени падышачылыктардын ханышасы деп аташпайт.

    47:6 Мен өз элиме каардандым, өз мурасымды кордоттум, аларды сенин колуңа салып бердим, сен аларга ырайым кылган жоксуң, карыларга өзүңдүн эң оор моюнтуругуңду салдың.

    47:7 Сен: “Түбөлүккө ханыша болом”, – дегенсиң, бирок аны оюңда элестеткен жоксуң, андан кийин эмне болорун ойлогон жоксуң.

    47:8 Бирок азыр муну ук, эрке, камырабай жашаган, өз жүрөгүндө: “Мен элемин, мага тең келген үч ким жок, мен жесир болуп отурбайм, балдарым өлбөйт”, – деген кыз.

    47:9 Күтүлбөгөн жерден, бир күндүн ичинде сага экөө тең келет: балдарыңдан ажырайсың, жесирлик башыңа түшөт. Сыйкырчылыкты көп кылганыңа карабастан, сыйкырчылыгыңдын чоң күчүнө карабастан, алар сенин башыңа жетишерлик түшөт.

    47:10 Анткени сен өзүңдүн жаман иштериңе таяндың: “Мени үч ким көрбөйт”, – дедиң. Акылмандыгың менен билимиң сени жолдон чыгарды, жүрөгүңдө: “Мен элемин, менден бөлөк үч ким жок”, – дедиң.

    47:11 Ошондуктан башыңа алаамат түшөт, анын кайдан келерин билбейсиң, башыңа мүшкүл түшөт, сен аны болтурбай коё албайсың, сенин башыңа күтүлбөгөн жерден бүлгүн түшөт, сен ал жөнүндө ойлогон да эмессиң.

    47:12 үми сен жаш чагыңдан бери кылып келе жаткан сыйкырчылыктарың менен, көп сандаган көз байлоочулуктарың менен кала бер. Балким, ошолордон пайда табарсың, балким, туруштук бере аларсың.

    47:13 Сен өзүңдүн кеңешиңдин көптүгүнөн чарчадың: асманды байкоочулар, жылдыз саноочулар, жаңырган ай боюнча алдын ала айтуучулар келип, сени башыңа түшө турган нерседен куткарышсын.

    47:14 Мына, алар самандай. Аларды от күйгүзүп кетти. Алар өздөрүнүн жанын жалындан куткара алышкан жок, жылынууга чок да калган жок, кактанып отурууга от да калган жок.

    47:15 Жаш кезиңден бери сен ким менен иштешип, ким менен соода-сатык жүргүзүп келсең, ошолор сен үчүн ушундай болуп калышты. Ар ким өз тарабына илкип басып кетти, сени үч ким куткарбайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск