Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 63

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    63-БөЛЄМ

    өч алуу күнү

    63:1 үдомдон келе жаткан бул ким? Ботсрадан кызыл чапанчан келе жаткан бул ким? өзүнүн кийими менен ушунчалык улуу көрүнгөн, өзүнүн толук күч-кубаты менен чыгып келе жаткан бул ким? «Ал Менмин. Мен чындыкты айтам, куткаруу үчүн күчтүүмүн».

    63:2 Анда эмне үчүн Сенин кийимиң кызыл? эмне үчүн чапаның жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелеп жаткандын чапанындай?

    63:3 «Мен жүзүм сыгылуучу жайда жалгыз тебеледим, элдердин ичинен Мени менен үч ким болгон жок. Мен аларды ачууланып жатканымда тебеледим, каарданып жатканымда тепселедим. Алардын каны Менин чапаныма чачырады, ошондуктан Мен бүт кийимимди булгап алдым.

    63:4 Анткени өч алуу күнүм Менин жүрөгүмдө. Менин элимдин куткарылуу жылы келди.

    63:5 Мен карап турдум, бирок жардамчы болгон жок. Мени колдоого үч ким чыкпаганына таң калдым, бирок Мага өзүмдүн каруу-булчуңум жардам берди, Мени өзүмдүн каарым колдоду.

    63:6 Мен элдерди ачууланып жатканымда тебеледим, аларды каарданып жатканымда кыйраттым, алардын канын жерге төктүм».

    Кудайдын Ысрайылга көрсөткөн ырайымы

    63:7 Мен Теңирдин ырайымын жана даңкын, Анын биз үчүн жасаган бардык ишин, өзүнүн боорукердиги менен, өтө берешендиги менен Ысрайыл тукумуна көрсөткөн зор мүүримин эсимден чыгарбайм.

    63:8 Ал: «Чындыгында эле, алар Менин элим, чындыгында эле, алар Менин калп айтпаган балдарым», – деди. Ошондуктан Теңир алардын Куткаруучусу болду.

    63:9 Алардын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө, Теңир аларды таштаган жок, аларды Анын жүзүнүн периштеси куткарып турду. Теңир аларды өзүнүн сүйүүсү, ырайымдуулугу менен куткарып алды. Аларды байыркы күндөрдөн бери көтөрүп жүрдү.

    63:10 Бирок алар баш ийбей, Анын Ыйык Рухун капа кылышты. Ошондуктан Ал алардын душманына айланды, аларга каршы өзү согушту.

    63:11 Ошондо Анын эли Мусанын учурундагы байыркы күндөрдү мындай деп эске түшүрдү: Аларды өзүнүн койлорунун койчусу менен деңизден алып чыккан Теңир кана? Анын жүрөгүнө өзүнүн Ыйык Рухун салган Теңир кана?

    63:12 Ал өзүнүн улуу каруу-булчуңу менен Мусаны оң колунан кармап алып жүргөн, Ал өзүнүн ысымын түбөлүктүү кылыш үчүн, алардын алдында сууларды экиге бөлгөн.

    63:13 Талаадан аттарды алып өткөнсүп, Теңир аларды түпкүр аркылуу алып өткөн, алар мүдүрүлүп жыгылышкан эмес.

    63:14 Мал өрөөнгө түшкөн сыяктуу, Теңирдин Руху аларды тынчтыкка алып келген. өзүнүн ысымын даңктуу кылыш үчүн, Сен өзүңдүн элиңди ушинтип алып жүрдүң.

    Ысрайылдын Кудайдан ырайым сурап сыйынышы

    63:15 Асмандан көз сал, өзүңдүн даңктуу жана ыйык жайыңдан кара: Сенин кызганчаактыгың кайда? Сенин зор кудуретиң кайда? Сенин мага болгон мүүримиң жана ырайымың кармалып турат.

    63:16 Биздин атабыз бир гана Сенсиң, анткени Ыбрайым бизди билбейт, Ысрайыл бизди өзүмдүкү деп эсептебейт. Сен, Теңир, биздин Атабызсың, кылымдардан бери Сенин ысымың – «Биздин Куткаруучу».

    63:17 Теңир, эмне үчүн Сен бизге өз жолдоруңдан адашып кетүүгө жол бердиң? Сенден коркпош үчүн, биздин жүрөгүбүздүн таш болуп катып калуусуна эмне үчүн жол бердиң? өз кулдарың үчүн, өз мурасыңдын уруулары үчүн, бизге кайрылып кел.

    63:18 өзүңдүн ыйык элиң өзүнүн жерин аз эле убакыт эүлеп турду. Биздин душмандарыбыз Сенин ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти.

    63:19 Биз өзүң үч качан бийлик кылбаган, Сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск