Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 64

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    64-БөЛЄМ

    64:1 Оо, эгерде Сен асманды жарып түшүп келсең, Сенин жүзүңдөн тоолор эрип кетмек.

    64:2 Сенин ысымыңды душмандарыңа белгилүү кылыш үчүн, алар эритүүчү оттон эригендей, сууну кайнаткан оттон эригендей эримек. Сенин жүзүңдөн бардык элдер титиреп кетмек.

    64:3 Сен биз күтпөгөн коркунучтуу иштерди кылганыңда жана асмандан түшүп келгениңде, Сенин жүзүңдөн тоолор эриди.

    64:4 Анткени Теңирден эмүт кылгандар үчүн ушунчалык көп иштерди жасаган Сенден башка Кудайды кылымдардын башталышынан бери үч бир кулак уккан эмес, үч бир көз көргөн эмес.

    64:5 Кубанган адамды, адилеттикти жараткан адамды, Сенин жолдоруңда Сени унутпаган адамды Сен мүүримдүүлүк менен тосуп алып турдуң. Бирок мына, Сен каардандың, анткени биз эзелтеден бери күнөө кылып келе жатабыз. Анан биз кантип куткарылабыз?

    64:6 Биз баарыбыз таза эместей болуп калдык, биздин болгон адилеттигибиз булганган кийимдей. Баарыбыз жалбырактай болуп соолуп калдык, мыйзамсыздыктарыбыз бизди шамалдай учуруп жатат.

    64:7 Сенин ысымыңды чакырган, Сенден таптакыр кетпөөнү жүрөгүндө чечкен адам жок. Ошондуктан Сен бизден өз жүзүңдү жашырдың, өз мыйзамсыздыктарыбыздын айынан жок болушубузга жол бердиң.

    64:8 Бирок азыр, Теңир, Сен биздин Атабызсың. Биз топуракпыз, Сен болсо биздин Жаратуучубузсуң, биз баарыбыз Сенин колуңдун ишибиз.

    64:9 Теңир, ченемсиз каарданба, мыйзамсыздыкты түбөлүккө эскере бербе. Бизге көз сал, биз баарыбыз Сенин элиңбиз.

    64:10 Сенин ыйык шаарларың чөлгө айланды. Сион чөл болуп калды. Иерусалим эүн калды.

    64:11 Ата-бабаларыбыз Сени даңазалаган, ыйык, даңкка толгон үйүбүз өрттөлдү, бардык асыл буюмдарыбыз таланып-тонолду.

    64:12 Теңир, Сен ушундан кийин да карманып тура бересиңби? Унчукпай, бизди ченемсиз жазалай бересиңби?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск