Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 65

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    65-БөЛЄМ

    Кудайдын баш ийбегендерди жазалары жөнүндө

    65:1 «Мен Мени сурабагандарга ачылдым. Мени издебегендер Мени табышты. Менин ысымым менен аталбаган элге: “Мына Мен! Мына Мен!” – дедим.

    65:2 Мен баш ийбеген, жаман жол менен жүргөн, өз ойлору менен жүргөн элге,

    65:3 токойлордо курмандык чалып, кыш үстүндө жыпар жыттуу зат түтөтүп, Мени дайыма ачууланткан,

    65:4 мүрзөлөрдө отурган, үңкүрлөрдө түнөгөн, чочконун этин жеген, идиштерине жийиркеничтүү тамак бышырган элге бир күн бою колумду сунуп турдум.

    65:5 Ал эл: “Токто, мага жакындаба, анткени мен сенден ыйыкмын”, – дейт. Ал эл – Менин таноом үчүн түтүн, бир күн бою күйүп турган от.

    65:6 Менин алдымда мына мындай деп жазылган: Унчукпай калбайм, жазалайм, аларды мыйзамсыздыгына жараша жеткире жазалайм.

    65:7 Силерди мыйзамсыздыктарыңар үчүн, – дейт Теңир, – тоолордо жыпар жыттуу зат түтөтүп, адырларда Мени шылдыңдаган ата-бабаларыңардын мыйзамсыздыгы үчүн жазалайм. Аларды мурунку иштерине жараша жеткире жазалайм».

    65:8 Теңир мындай дейт: «Жүзүмдүн шиңгили ширелүү болуп турганда: “Ага зыян кылба, анткени ал бата алган”, – дешет. Ошол сыңары, бардыгын өлтүрбөш үчүн, Мен өзүмдүн кулдарым үчүн ушундай кылам.

    65:9 Жакыптан тукум чыгарам, Жүйүттөн Менин тоолорума мурасчы чыгарам: Менин тандалган адамдарым ал жерди эүлеп алышат, Менин кулдарым ал жерде жашап калышат.

    65:10 Шарон койлор үчүн жайыт болот, Акор өрөөнү Мени издеген өз элимдин өгүздөрүнө жата турган жай болот.

    65:11 Ал эми Теңирди таштаган, Менин ыйык тоомду унуткан, Гат үчүн дасторкон даярдаган, Мени үчүн чөйчөк толо шарап куйган силерди болсо

    65:12 Мен кылычка салып берем, баарыңар мууздалууга тизе бүгүп бересиңер, анткени Мен чакырганда, силер жооп берген жоксуңар, Мен сүйлөгөндө, силер укпай койдуңар, тескерисинче, Менин көз алдымда жамандык кылдыңар, Мага жакпаган нерсени тандап алдыңар».

    65:13 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Менин кулдарым жешет, силер болсо ачка болосуңар. Менин кулдарым ичишет, силер болсо суусайсыңар.

    65:14 Менин кулдарым кубанышат, силер болсо уятка каласыңар. Менин кулдарым жүрөктөрүнүн кубанганынан ырдашат, силер болсо жүрөгүңөрдүн кайгысынан кыйкырасыңар, рухуңардын кыйналганынан боздоп ыйлайсыңар.

    65:15 өзүңөрдүн ысымыңарды Менин тандап алган адамдарым үчүн каргышка калтырасыңар. Сени Кудай-Теңир өлтүрөт, өзүнүн кулдарын болсо башка ысым менен атайт.

    65:16 Ал ысым менен ким өзүнө жер үстүндө бата берсе, ал чындыктын Кудайынан бата алат. Ким жер үстүндө ант берсе, ал чындыктын Кудайы менен ант берет, анткени мурунку кайгылар унутулат жана Менин көз алдымдан жок болуп кетет.

    Ысрайылдын батага эү болору жөнүндө

    65:17 Анткени мына, Мен жаңы асманды жана жаңы жерди жаратып жатам, мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт.

    65:18 Силер болсо Мен жаратканга кылымдар бою кубанып, шаттанасыңар: анткени мына, Мен Иерусалимди шаттык менен жаратып жатам, анын элин кубаныч менен жаратып жатам.

    65:19 Мен Иерусалимге кубанам, өз элиме сүйүнөм. эми анын ичинде ыйдын үнү, боздогон эн угулбайт.

    65:20 Ал жерде эми жетер жашына жетпеген ымыркай бала же кары адам болбойт, анткени жүз жаштагы адам жаш бойдон өлөт, бирок жүз жаштагы күнөөкөр каргышка калат.

    65:21 Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет.

    65:22 Алар башка бирөө жашаш үчүн эй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт, анткени Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот. Мен тандап алган адамдар өз эмгегинин эзүрүн көпкө чейин көрүшөт.

    65:23 Алар текке эмгектенбейт, балдарын кайгы үчүн төрөбөйт, анткени алар Теңирдин батасын алган тукум болот, алардын укум-тукуму өздөрү менен бирге болот.

    65:24 Алар чакырардан мурун эле, Мен жооп берем. Алар сүйлөп жатканда эле, Мен угам.

    65:25 Карышкыр менен козу бирге жайылат, арстан өгүздөй болуп саман жейт, ал эми жыландын тамагы топурак болот. Алар Менин ыйык тоомдун үч бир жерине зыян келтирбейт, жамандык кылбайт», – дейт Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск