Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Талкаланган кумурадай…

    19:1 Теңир мындай деди: «Бар, карапачыдан чопо кумура сатып ал. өзүң менен кошо эл аксакалдарын жана ыйык кызмат кылуучулардын башчыларын ал.

    19:2 Анан Харсит дарбазасынын алдындагы Ином уулдарынын өрөөнүнө чык, ошол жерде Мен сага айта турган сөздөрдү жарыя кыл.

    19:3 Ошондо мындай де: “Жүйүт падышалары жана Иерусалим тургундары, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла! Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: "Мына, бул жерге Мен кайгы каптатам, ал тууралуу уккан адамдын кулагы тунат.

    19:4 Анткени алар Мени таштап кетишти, бул жерди Мага жат жер кылышты, бул жерде өздөрү да, ата-бабалары да, Жүйүт падышалары да билбеген башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүштү, бул жерди айыпсыз канга толтурушту.

    19:5 Баалга бутканаларды курушту, өз уулдарын Баалга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка өрттөштү, Мен аны буйрук кылган эмесмин, айткан эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.

    19:6 Ошон үчүн, мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрдөн кийин бул жер Топет же Ином уулдарынын өрөөнү эмес, өлтүрүү өрөөнү деп аталып калат.

    19:7 Бул жерде Жүйүттүн да, Иерусалимдин да кеңешин жок кылам, аларды өз душмандарынын көз алдында кылыч менен, аларды өлтүргүсү келгендердин колу менен өлтүрөм, алардын өлүктөрүн асман канаттууларына жана жердеги жырткычтарга азык кылам.

    19:8 Бул шаарды көргөн элдин эрөйүн учургудай кылам, күлкүгө айлантам. Бул шаар аркылуу өткөн ар бир адам таң калат, анын бардык жараатын көрүп ышкырат.

    19:9 Аларга өз уулдарынын жана өз кыздарынын этин жедирем. Аларды өлтүргүсү келген душмандары кысымга алганда, курчоодо, эзүүдө жатып, ар кимиси өз жакынынын этин жейт"”.

    19:10 Анан сени менен келген кишилердин көз алдында кумураны талкала.

    19:11 Аларга мындай деп айт: Себайот Теңир мындай дейт: “Мен бул элди жана бул шаарды карапачынын талкаланган, калыбына келбей турган идишиндей кылып талкалайм. Көмүүгө жер жетишсиз болгондуктан, аларды Топетте көмүшөт.

    19:12 Бул жерди, – дейт Теңир, – жана бул жерде жашагандарды так ушундай кылам, бул шаарды Топеттей кылам.

    19:13 Иерусалимдин үйлөрү да, Жүйүт падышаларынын үйлөрү да Топет жериндей таза эмес жер болот, анткени бардык үйлөрдүн төбөсүндө бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат түтөтүшөт, бөтөн кудайларга куюлуучу курмандыктарын куюшат”».

    19:14 Жеремия Теңир пайгамбарчылык кылууга жиберген Топеттен келип, Теңир үйүнүн короосунда туруп алып, бүт элге мындай деп айтты:

    19:15 «Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Мына, Мен бул шаарга жана Жүйүттүн бардык шаарларына, ага каршы айткан бүт кайгыны каптатам, анткени алар – тоң моюн эл, Менин сөздөрүмдү угушпайт”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск