Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Аюбдун такыбаалыгы

    1:1 Ус деген жерде бир адам болгон, анын ысымы Аюб эле. Ал кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам болчу.

    1:2 Анын жети уулу, үч кызы болгон.

    1:3 Анын энчисинде: жети миң майда мал, үч миң төө, беш жүз жуп өгүз, беш жүз ургаачы эшек жана көп сандаган эй кызматчылары бар эле. Ал чыгыш элдеринин ичинен эң атактуу адам болгон.

    1:4 Анын уулдары чогулуп, ар бири өз үйүндө, өз күнү келгенде, той өткөрүп турчу. Алар чогуу ичип-жеш үчүн, үч кыз бир тууганын киши жиберип чакыртышчу.

    1:5 Алардын той берген күндөрү кезеги менен өтүп бүткөндөн кийин, Аюб аларга киши жиберип чакыртып алып, аларды ыйыктачу. эртең менен эрте туруп, алардын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу. Анткени Аюб: «Балким, уулдарым ичинен Кудайга акарат айтып, күнөөгө баткандыр», – деп ойлочу. Бардык ушундай күндөрү Аюб ушундай кылып турчу.

    1:6 Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.

    1:7 Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.

    1:8 Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам», – деди.

    1:9 Ошондо шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?

    1:10 Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар.

    1:11 Бирок колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»

    1:12 Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, анын колунда болгонунун баары сенин колуңда, бирок өзүнө тийбе», – деди. Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетти.

    Аюбдун балдарынан жана байлыгынан ажырашы

    1:13 Анын уулдары менен кыздары тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жаткан күнү

    1:14 Аюбга кабарчы келип, мындай деп билдирди:

    1:15 «өгүздөр кош айдап жатышкан, алардын жанында ургаачы эшектер оттоп жүрүшкөн, ошондо шебалыктар кол салып, аларды тартып алышты, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».

    1:16 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Асмандан Кудайдын оту түшүп, малды да, кулдарды да күйгүзүп кетти. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.

    1:17 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Каздимдиктер үч топко бөлүнүп алып, төөлөргө кол салып, аларды алып кетишти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.

    1:18 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип, мындай деди: «Сенин уулдарың менен кыздарың тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышканда,

    1:19 чөлдөн катуу шамал келип, эйдү талкалады. Балдарыңды эй басып калды, алар өлүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».

    1:20 Ошондо Аюб тура калып, сырт кийимин айрып, чачын алды, жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга таазим кылып:

    1:21 «Мен бул дүйнөгө жылаңач келгем, жылаңач кетем. Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» – деди.

    1:22 Ошонун бардыгына карабастан, Аюб күнөө кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск