Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    27:1 Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:

    27:2 «Мени акыйкаттыктан ажыраткан Кудай тирүү, жанымды кейиткен кудуреттүү Кудай тирүү.

    27:3 Жаным өзүмдө турганда, Кудайдын руху таноомдо турганда,

    27:4 менин оозум жалганды сүйлөбөйт, тилим калп айтпайт!

    27:5 Мен силерди адилеттүү деп эсептөөдөн алысмын. өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм.

    27:6 Мен өз чындыгымды бек кармадым, эми аны коё бербейм. өмүрүм өткөнчө жүрөгүм мени жемелебейт.

    27:7 Душманым кара ниет адамдай болот, мага каршы чыккан адам мыйзамсыз адамдай болот.

    27:8 Анткени Кудай эки жүздүү кишинин жанын сууруп алганда, ал эмнеден эмүттөнмөк эле?

    27:9 Башына мүшкүл түшкөндө, Кудай анын зар-муңун укмак беле?

    27:10 Ал кудуреттүү Кудайдан сооронуч алмак беле? Ар убакта Кудайды чакырмак беле?

    27:11 Кудайдын колунда эмне бар экенин силерге жарыялайм, бардыгын кармап туруучу Кудайдын колунда эмне бар экенин силерден жашырбайм.

    27:12 Мына, силер өзүңөр да бардыгын көрдүңөр! Сөз деп эле сүйлөй берүүнүн силерге эмне кереги бар?

    27:13 Мыйзамсыз адамдын Кудайдан тийген энчиси бул, зулумдардын кудуреттүү Кудайдан алган мурасы мындай:

    27:14 үгерде алардын уулдары көбөйсө, анда кылычтан өлүшөт. Урпактары нанга тойбойт.

    27:15 Артында калгандарды өлүм көргө түшүрөт, жесирлери ыйлабайт.

    27:16 Ал күмүштү топурактай жыйып алат, кийимди ылайдай көп даярдап алат.

    27:17 Даярдаганы менен, анын кийимин адил адам киет, күмүшү айыпсыз адамдын энчисине тиет.

    27:18 Ал өз үйүн күбө курттай курат, өз чатырын күзөтчүдөй жасап алат.

    27:19 Ал бай адам болуп уктайт, бирок турганда бай адам болуп турбайт. Көзүн ачса, ал мурункудай эмес.

    27:20 Коркунучтар аны суудай каптайт, түн ичинде аны бороон учуруп кетет.

    27:21 Аны чыгыш шамалы көтөрүп учуруп кетет, ал аны турган жеринен учуруп кетет.

    27:22 Ага жулкунуп кирет, анын колунан ал канчалык качууга аракет кылса да, ал аны аябайт.

    27:23 Аны табалап кол чабышат, анын турган ордунан ага таң калып ышкырышат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск