Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Аюбдун акыркы сөзү

    29:1 Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:

    29:2 «Оо, мен мурунку айлардагыдай болсом кана! Кудай мени сактап жүргөн күндөрдөгүдөй болсом кана!

    29:3 Анын чырактаны менин үстүмдө күйүп турчу, караңгыда мен Анын жарыгы менен жүрчүмүн.

    29:4 Жаш чагымда, Кудайдын ырайымы менин чатырыма тийип турганда, мен кандай элем!

    29:5 Кудуреттүү Кудай мени менен эле, балдарым тегерегимде болчу!

    29:6 Жолдорума сүт төгүлүп турчу, аскалар мен үчүн зайтун майын чыгарып турчу.

    29:7 Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда, аянтка отургучумду койгонумда,

    29:8 жигиттер мени көрүп, жашынып калышчу, карылар ордунан туруп, туруп турушчу.

    29:9 Төрөлөр сөзүн токтотуп, колдору менен ооздорун жабышар эле.

    29:10 Атактуулардын үнү басылып, тилдери таңдайына жабышып калар эле.

    29:11 Мени уккан кулак мени урматтап турар эле, мени көргөн көз мени даңктап турар эле.

    29:12 Анткени мен жардам сураган жакырды да, карай турган кишиси жок жетимди да сактап калчумун.

    29:13 Мага өлүп бара жаткандын батасы тийчү, жесир аялдын жүрөгүнө кубаныч берчүмүн.

    29:14 Мен адилеттиктин кийимин кийип жүрчүмүн, калыстыкты чапан жана баш кийим катары кийип жүрчүмүн.

    29:15 Мен сокурга көз, аксакка бут болчумун.

    29:16 Кайырчыларга ата болчумун. өзүм билбеген адамдын талаш-тартыш маселесин кылдаттык менен чечип турчумун.

    29:17 Мыйзамсыздын жаагын талкалап турчумун, уурдагандарын тиштеринен сууруп алып турчумун.

    29:18 Мен мындай деп айтчумун: “өз уямда өлөм, жашоо күндөрүм кумдай көп болот.

    29:19 Тамырым сууга жетет, бутактарыма шүүдүрүм түнөйт.

    29:20 Атак-даңкым карыбайт, колумдагы жаа бек турат”.

    29:21 Мага кулак салып турушчу, күтүп турушчу, акыл айтканымда унчугушчу эмес.

    29:22 Мен сүйлөгөндөн кийин, алар сүйлөшчү эмес, менин сөздөрүм алардын кулактарына куюлчу.

    29:23 Мени жамгырды күткөндөй күтүшчү, ооздорун кеч жааган жамгырга ачкансып ачып турушчу.

    29:24 Аларга жылмайып койсом, көргөн көздөрүнө ишенишчү эмес. Алар менин жүзүмдөгү жарыкты өчүрүшчү эмес.

    29:25 Мен аларга жол көрсөтүп турчумун, алардын башында отурчумун, жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун, ыйлагандардын көңүлүн жубаткан сооротуучудай болчумун.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск