Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    30:1 Азыр болсо мени өзүмдөн кичүүлөр шылдың кылып жатышат, мен алардын аталарын койлорумду кайтарган иттеримдин жанына да жаткырганга макул болбойт элем.

    30:2 Алардын күчтүү колунун мага эмне кереги бар? Алардын убагы өтүп кеткен.

    30:3 Жакырчылык менен ачарчылыктан алсырагандар түнөргөн, эүн калган, суусуз талаада каңгып жүрүшөт.

    30:4 Тикенектин түбүнөн майда чөп терип жешет, тикенектүү бадалдын мөмөсү – алардын тамагы.

    30:5 Аларды эл ичинен кубалап, ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.

    30:6 Ошондуктан аларга сай-сайдын жарларында, капчыгай боорлорунда, аска-зоолордун коңулдарында жашоого туура келет.

    30:7 Алар тикенектин арасында ыйлашат, бадалдын түбүнө корголошот.

    30:8 Алар – четке кагылган адамдар, атсыз-нарксыз адамдар, жер жүзүнүн таштандылары!

    30:9 Азыр мен ошолордун ырдар ыры болдум, оозунан түшпөгөн сөзү болдум.

    30:10 Алар мени жек көрүшөт, менден качышат, менин бетиме түкүрүүдөн тартынышпайт.

    30:11 Теңир менин жаамдын жибин эзүп, мени талкалады, ошон үчүн алар менин көз алдымда өздөрүнүн ооздорундагы ооздукту алып салышты.

    30:12 Бул жер жайнаган эл менин оң капталыман чыгып, мени буттан чалып жатат, өздөрүнүн кыйратуучу жолдорун мени көздөй буруп жатышат.

    30:13 Менин жолумду болсо бузушту, жардамчысыз эле менин өлүмүм үчүн бардыгын камдоого элгүрүштү.

    30:14 Алар мага чоң тешиктен түшкөнсүп түшүп келишти, чуру-чуу менен мага кол салышты.

    30:15 өтө жаман коркунучтар мага бет алды. Менин кадыр-баркым шамалдай учуп кетти, бак-таалайым булуттай тарап кетти.

    30:16 Азыр болсо ичимдеги жаным кыйналып жатат: мени кайгылуу күндөр курчады.

    30:17 Түнкүсүн сай-сөөгүм сыздайт, тарамыштарымдын тынчы кетти.

    30:18 Yстүмдөгү кийимим өтө кыйынчылык менен чечилет, көйнөгүмдүн жакасы кысып турат.

    30:19 Ал мени ылайга таштады, мен күл менен топуракка окшоп калдым.

    30:20 “Мен Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсиң, Сенин алдыңда турам, бирок Сен мага көңүл бурбайсың.

    30:21 Сен мага ырайымсыз болуп калдың, кубаттуу колуң менен мага каршы чыгып жатасың.

    30:22 Сен мени көтөрүп, катуу шамал менен кошо учуруп жатасың, бороон менен көтөрүп чаап жатасың.

    30:23 Ошондуктан мен билем, Сен мени өлүмгө дуушар кылып, бардык жашоочулар чогула турган жайга алып барасың”.

    30:24 Урандылардын астында калган адам жардам сурап колун сунбай коймок беле? Башына кырсык түшкөн адам кыйкырбай коймок беле?

    30:25 Мен башына мүшкүл түшкөндөрдү көргөндө, ыйлаган жок белем? Жардыларды көргөндө, жаным кыйналган жок беле?

    30:26 Мен жакшылыкты эңсеп турганда, жамандык келди, жарыкты күтүп турганда, караңгылык келди.

    30:27 Менин ичим кайнап жатат, басылбайт, мен кайгылуу күнгө туш келдим.

    30:28 Мен капкара болуп басып жүрөм, бирок бул күндөн эмес. эл арасында туруп, жардам сурап кыйкырып жатам.

    30:29 Мен чөөлөрдүн бир тууганы болуп калдым, төө куштардын досу болуп калдым.

    30:30 Менин терим карарып кетти, сөөктөрүм ысыктан куйкаланды.

    30:31 Лирамдын үнү кайгылуу чыгып калды, сыбызгымдын үнү ыйга окшоп калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск