Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    31:1 Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм.

    31:2 Мага жогорудан, Кудайдан кандай элүш тиймек эле? Асмандан, кудуреттүү Кудайдан кандай мурас берилмек эле?

    31:3 өлүм мыйзамсыздар үчүн эмеспи, кырсык кыянаттык кылгандардын башына түшпөйбү?

    31:4 Кудай менин жолдорумду көргөн жок беле? Менин баскан кадамымды эсептеген жок беле?

    31:5 үгерде мен жалган жолдо жүргөн болсом, эгерде менин буттарым амалкөйлүккө шашкан болсо,

    31:6 анда мени чындыктын таразасына тартышсын, ошондо Кудай менин айыпсыздыгымды билет.

    31:7 үгерде менин бутум жолдон бурулган болсо, жүрөгүм көзүмдү эүрчип жүргөн болсо, эгерде таза эмес бир нерсе колума жабышып калган болсо,

    31:8 анда мен сепкенди башка бирөө жесин жана мен өндүргөн нерсе тамырынан жулунсун.

    31:9 үгерде менин жүрөгүм аялга азгырылса, жакынымдын эшигинин алдына тузак койгон болсом,

    31:10 анда менин аялым башка бирөөнүн жаргылчагын тартсын, аны башка бирөөлөр маскара кылышсын.

    31:11 Анткени бул – ойноштук, бул – сотко тартыла турган күнөө.

    31:12 Бул – менин бүт мал-мүлкүмдү түп-тамыры менен жок кылып сала турган жалмап салуучу от.

    31:13 Кулум менен күңүм мага каршы чыкканда, алардын укуктарын тоотпой койгон болсом,

    31:14 анда Кудай мага каршы чыгар эле, ошондо мен эмне кылар элем? Ал менин ишимди тергей баштаса, мен Ага эмне деп жооп бере алар элем?

    31:15 Мени да, аны да эненин курсагында жараткан өзү эмеспи, бизди эненин курсагында жасаган өзү эмеспи?

    31:16 Жакырлардын сураганын бербей койдум беле? Жесирдин көзүн жалдыраттым беле?

    31:17 Бир эзүм нанды жалгыз жедим беле? Андан жетим да жеген жок беле?

    31:18 Анткени ал бала күнүнөн бери меникинде атасыныкында жашагандай жашады, энемдин курсагынан чыккандан бери мен жесирге көз салып келдим.

    31:19 Мен кийими жок өлүп бара жатканды, жамынчысы жок жардыны көргөндө,

    31:20 ал мага чын жүрөктөн батасын бербей койду беле? Ал менин койлорумдун жүнүнө жылынган жок беле?

    31:21 Дарбаза алдында мага жардам беришсе да, жетимге кол көтөрсөм,

    31:22 анда менин ийиним далымдан бөлүнүп түшүп калсын, колум чыканагымдан сынып түшсүн.

    31:23 Анткени Кудайдын жазасы мен үчүн өтө коркунучтуу. Анын улуулугунун алдында мен туруштук бере алмак эмесмин.

    31:24 Мен алтынга таяндым беле? Байлыкка: “Менин эмүтүм сенсиң!” – деп айттым беле?

    31:25 Байлыгымдын ашып-ташыганына, колумдун көп тапканына кубандым беле?

    31:26 Күндүн жаркырап тийип турганын карап туруп, айдын сөөлөттүү калкып баратканын карап туруп,

    31:27 жүрөгүм жашыруун азгырылды беле, оозум колдорумду өптү беле?

    31:28 Анда бул да сотко тартыла турган кылмыш болмок, анткени мен кудуреттүү Кудайдан баш тарткан болор элем.

    31:29 Мен душманымдын кыйраганына кубандым беле? Анын башына түн түшкөндө, салтанат курдум беле?

    31:30 Оозумдун аны каргап күнөөгө батуусуна жол берген эмесмин.

    31:31 Менин чатырымдагы кишилер: “Оо, анын этинен жегендерден үч ким тойбой калган эмес!” – дешкен жок беле?

    31:32 Бөтөн жерден келген киши көчөдө түнөгөн эмес. Жолоочуга эшигимди ачып берчүмүн.

    31:33 үгерде мен адам катары күнөөлөрүмдү жашырып койгон болсом, мыйзамсыз иштеримди көкүрөгүмө катып койгон болсом,

    31:34 анда мен чоң жамааттан коркор элем, урук-туугандарымдын жек көрүүсү эрөйүмдү учурар эле, мен ооз ачпас элем, босогодон сыртка чыкпас элем.

    31:35 Оо, мени кимдир бирөө укса кана! Менин каалоом мындай: кудуреттүү Кудай мага жооп берсе экен, менин коргоочум буларды китепке жазып койсо экен.

    31:36 Мен аны ийиниме көтөрүп жүрөр элем, башыма гүл таажыдай кийип алар элем.

    31:37 Баскан кадамымдын санын ага кабарлар элем, ага төрөгө жакындагандай жакындар элем.

    31:38 үгерде жерим менин үстүмөн арызданып ыйлаган болсо, анын бороздору менин үстүмөн даттанган болсо,

    31:39 үгерде мен анын түшүмүн акысыз жеген болсом, дыйкандардын жашоосун кыйынчылыкка салган болсом,

    31:40 анда буудай ордуна төө тикенек, арпа ордуна карамык өссүн». Ошентип, Аюбдун сөзү бүттү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск