Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-БөЛЄМ

    үлийунун сөзү

    32:1 Аюб өзүнүкүн туура деп эсептегендиктен, тигил үч киши Аюбга жооп бергенин токтотушту.

    32:2 Ошондо Рам уруусунан чыккан буздук Барахел уулу элийунун каары кайнады. өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептегени үчүн, ал Аюбга аябай ачууланды.

    32:3 үмне деп жооп берүүнү билбей туруп, Аюбду айыптай берген үч досуна да ачууланды.

    32:4 Алар өзүнөн улуу болгондуктан, элийу Аюбга каршы сүйлөй элек эле.

    32:5 үлийу тигил үч кишинин оозунда жооп жок экенин көргөндө, абдан ачууланды.

    32:6 Буздук Барахел уулу элийу мындай деп жооп берди: «Мен силерден жашмын, силер карысыңар, ошондуктан ыйбаа кылып, оюмду айткандан корктум.

    32:7 Мен өзүмчө: “Карылык сүйлөсүн, көп жашагандар акылмандыкка эйрөтсүн”, – дедим.

    32:8 Бирок адамга акылды адамдын ичиндеги рух менен кудуреттүү Кудайдын деми берет.

    32:9 Көп жашагандар эле акылман боло бербейт, чындыкты карылар эле түшүнө бербейт.

    32:10 Ошондуктан мен мындай дейм: “Мени уккула, мен да өз пикиримди айтайын”.

    32:11 Мен силер сүйлөп бүткөнчө күтүп турдум, силердин пикириңерди көңүл коюп угуп турдум, силер айтар сөзүңөрдү ойлоп тапкыча күтүп турдум.

    32:12 Мен силерди кадала карап турдум, бирок Аюбду үч кимиңер ашкерелеген жоксуңар, анын сөздөрүнө үч кимиңер жооп берген жоксуңар.

    32:13 Ошондуктан силер: “Биз акылмандыкка жеттик, аны адам эмес, Кудай ашкерелейт”, – деп айтпагыла.

    32:14 үгерде Аюб мага карата сүйлөсө, анда мен силерге окшоп жооп бермек эмесмин.

    32:15 Коркуп кетишти, жооп бере албай калышты, сүйлөбөй калышты.

    32:16 Мен күтө бердим, алар болсо сүйлөбөй коюшту, токтоп калышты, жооп бере албай калышты.

    32:17 Ошондуктан өзүм тараптан мен да жооп берейин, мен да өз оюмду айтайын.

    32:18 Анткени айтар сөзүм толтура, рухум ичиме батпай бара жатат.

    32:19 Ичим оозу ачыла элек шараптай, жарылганы турган жаңы чаначтай болуп турат.

    32:20 Сүйлөсөм, жеңилдеп калам, оозумду ачып жооп берейин.

    32:21 үч кимге бет карамалык кылбайм, үч бир адамга жагынып, кошомат кылбайм.

    32:22 Анткени мен кошоматчылык кылганды билбейм, эгерде ошондой болсо, Жаратканым, мени азыр өлтүр!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск