Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-БөЛЄМ

    33:1 Ошондуктан, Аюб, менин сөздөрүмө кулак сал, менин бардык сөздөрүмдү ук.

    33:2 Мына, мен оозумду ачып жатам, менин тилим көмөкөйүмдө сүйлөп жатат.

    33:3 Менин сөздөрүм таза жүрөктөн чыгат, оозум таза билимди сүйлөйт.

    33:4 Мени Кудайдын Руху жараткан, мага кудуреттүү Кудайдын деми жан берген.

    33:5 үгерде жооп бере алсаң, жооп бер, даярдан, менин алдымда сүйлө.

    33:6 Кудайдын алдында мен да сендеймин, мен да сага окшоп топурактан жаратылгам.

    33:7 Ошондуктан менден коркуп тынчың кетпесин, менин колум сен үчүн оор болбосун.

    33:8 Сен менин кулагыма сүйлөдүң, мен сенин сүйлөгөн үнүңдү уктум.

    33:9 Сен: “Мен тазамын, кемчилигим жок, күнөөлүү эмесмин, менде жалганчылык жок.

    33:10 Бирок Кудай менден айып тапты, мени өзүнүн душманы деп эсептейт.

    33:11 Менин буттарымды көзөнөк жыгачка салып, менин бардык жолдорумду карап турат”, – дедиң.

    33:12 Сенин ушинтип айтканың туура эмес, мен сага муну далилдеп берем, анткени Кудай адамдан жогору.

    33:13 үмне үчүн сен Аны менен айтышып жатасың? Ал өзүнүн иштеринин биринин да эсеп-кысабын бербейт.

    33:14 Кудай бир жолу айтат, эгерде аны байкабай калышса, экинчи жолу:

    33:15 түшүндө, түнкү көрүнүштө, адамдардын баары уктап жатканда, төшөгүндө эргүлөп жатканда айтат.

    33:16 Ошол учурда Ал адамдын кулагын ачып, өзүнүн насаатын куят.

    33:17 Адамды кандайдыр бир жаман иштен буруп кетиш үчүн жана анын текеберлигин жок кылыш үчүн,

    33:18 анын жанын туңгуюктан сакташ үчүн жана анын өмүрүн кылычтан өлүүдөн сакташ үчүн ошентет.

    33:19 Же болбосо ал оору аркылуу, сай-сөөгүн сыздаткан оору аркылуу төшөктө жатып эсине келет.

    33:20 Анын нанга көңүлү чаппай калат, жаны жактырган тамакты жүүрип калат.

    33:21 үти качат, көрүнбөгөн сөөктөрү көрүнүп, оркоюп чыгат.

    33:22 Анын жаны көргө, өмүрү өлүмгө жакындайт.

    33:23 үгерде анын адамга түз жол көрсөтүүчү, миңдеген периштелердин бири болгон насаатчы периштеси бар болсо,

    33:24 Кудай ага боор ооруп: “Аны көрдөн куткар, Мен анын жаны үчүн төлөнүүчү кун таптым”, – дейт.

    33:25 Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал өзүнүн жаш чагына кайрылып келет.

    33:26 Кудайга сыйына турган болсо, Ал ага ырайым кылат. Ал анын жүзүнө кубаныч менен карайт. Адамга адилдигин кайра берет.

    33:27 Ошондо ал адамдарга карап, мындай деп айтат: “Мен күнөөгө батып, чындыкты бурмалагам, бирок жазаланган эмесмин.

    33:28 Ал менин жанымды көрдөн куткарды, ошондуктан менин өмүрүм жарыкты көрүп жатат”.

    33:29 Кудай адамга ушунун баарын эки-үч жолу кылат.

    33:30 Анын жанын көрдөн алып калыш үчүн жана тирүүлөрдүн жарыгы менен жарык кылыш үчүн, ушундай кылат.

    33:31 Көңүл бур, Аюб. Ук мени, эндөбө, мен сүйлөйүн!

    33:32 үгер айтар жообуң болсо айт, сүйлө, анткени мен сенин актанышыңды каалар элем.

    33:33 үгер жок десең, анда мени ук, унчукпа, мен сени акылмандыкка эйрөтөм».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск