Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Ыйсанын биринчи керемети

    2:1 үки күндөн кийин Галилеядагы Каана шаарында үйлөнүү тою болду. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу.

    2:2 Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды.

    2:3 Шарап жетпей калганда, энеси Ыйсага: «Шараптары түгөнүп калыптыр», – деди.

    2:4 Ыйса ага: «Сен экөөбүздүн ишибиз эмне, аял! Менин убагым али келе элек», – деди.

    2:5 энеси кулдарга: «Ал силерге эмнени айтса, ошону кылгыла», – деди.

    2:6 Ошол жерде жүйүттөрдүн тазалануу расмисин аткарууга арналган, эки-үч ченем суу баткан алты таш идиш турган эле.

    2:7 Ыйса кулдарга: «Идиштерге суу толтургула», – деди. Кулдар идиштерге мелт-калт кылып суу толтурушту.

    2:8 Андан кийин аларга: «үми сузуп алгыла да, той башкаруучуга алып баргыла», – деди. Алар алып барышты.

    2:9 Той башкаруучу шарапка айланган суудан татып көргөндөн кийин, (ал шараптын кайдан экенин билген жок, аны суу сузуп алган кулдар гана билишчү), күйөөнү чакырып:

    2:10 «үлдин баары адегенде шараптын жакшысын беришет, коноктор кызып калгандан кийин, начарын беришет. Сен болсо шараптын жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң», – деди.

    2:11 Ошентип, Ыйса Галилеядагы Каанада өзүнүн эң алгачкы кереметин жасап, өзүнүн даңкын көрсөттү. Ошондо шакирттери Ага ишенип калышты.

    2:12 Ошондон кийин Ыйса энеси, инилери жана шакирттери менен Капернаумга барып, ал жерде бир нече күн болду.

    Пасах майрамы жана Кудай үйүн тазалоо

    2:13 Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге келип,

    2:14 ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү.

    2:15 Аркандан камчы жасап алып, алардын баарын кой, өгүздөрү менен кошо ийбадаткананын короосунан кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын акчасын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салды.

    2:16 Анан көгүчкөн саткандарга: «Буларыңарды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!» – деди.

    2:17 Ошондо шакирттер Ыйык Жазуудагы «Сенин үйүңө болгон кызганыч Мени жеп жатат» деген сөздөрдү үстешти.

    2:18 Жүйүттөр Ыйсадан: «Ушундай кылууга укугуң бар экенин кандай жышаан менен көрсөтө аласың?» – деп сурашты.

    2:19 Ыйса аларга: «Бул ийбадаткананы бузгула, Мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам», – деп жооп берди.

    2:20 Жүйүттөр буга: «Бул ийбадаткана кырк алты жылда курулуп бүткөн. Сен аны үч күндүн ичинде тургузуп коёсуңбу?» – дешти.

    2:21 Ыйса болсо «ийбадаткана» деп, өзүнүн денеси жөнүндө айткан эле.

    2:22 Ыйса өлүп, кайра тирилгенден кийин, шакирттери Анын ушул жөнүндө айтканын үстешип, Ыйык Жазууда жазылгандарга жана Анын сөзүнө ишеништи.

    2:23 Көп адамдар Ыйсанын Иерусалимде, Пасах майрамында кылган кереметтерин көрүп, Ага ишенип калышты.

    2:24 Алардын баарынын кандай экендигин билгендиктен, Ыйса өзүн аларга ишенип тапшырган жок.

    2:25 Адамдын жүрөгүндө эмне бар экендигин билгендиктен, Ал кимдир бирөөнүн адам жөнүндө күбөлөндүрүүсүнө муктаж эмес эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск