Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Никедимдин Ыйса менен сүйлөшүүсү

    3:1 Фарисейлер арасында жүйүт эл башчыларынын бири Никедим деген киши бар эле.

    3:2 Ал бир күнү түн ичинде Ыйсага келип: «Устат, Сенин Кудайдан келген Устат экениңди билебиз. Анткени Сен кылып жаткандай кереметтерди Кудайсыз үч ким кыла албайт», – деди.

    3:3 Ыйса ага: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт», – деп жооп берди.

    3:4 Никедим Андан: «Карыган адам кайра кантип төрөлмөк эле? эмне, ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлөбү?» – деп сурады.

    3:5 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт.

    3:6 Денеден төрөлгөн – дене, Рухтан төрөлгөн – рух.

    3:7 “Жогорудан төрөлүшүң керек”, – деп айтканыма таң калба!

    3:8 Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кетерин билбейсиң. Ыйык Рухтан төрөлгөн адамда да ушундай болот».

    3:9 Ошондо Никедим Андан: «Бул кандай болушу мүмкүн?» – деп сурады.

    3:10 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ысрайыл элинин окутуучусу болуп туруп, ушуну билбейсиңби?

    3:11 Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, биз билгенибизди айтабыз, көргөнүбүздү күбөлөндүрөбүз, силер болсо биздин күбөлөндүрүүбүздү кабыл албайсыңар.

    3:12 Мен силерге жердеги нерселер жөнүндө айтсам ишенбейсиңер, анан асмандагы нерселер жөнүндө айтсам, кантип ишенесиңер?

    3:13 Асманда жашаган, асмандан түшкөн Адам Уулунан башка үч ким асманга көтөрүлгөн эмес.

    3:14 Муса чөлдө жыланды жогору көтөргөндөй, Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш.

    3:15 Ошондо Ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө эү болот.

    3:16 Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө эү болсун деп берди.

    3:17 Кудай өз Уулун бул дүйнөгө дүйнөнү соттош үчүн эмес, Ал аркылуу дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди.

    3:18 Ага ишенген адам соттолбойт, ал эми ишенбеген адам соттолду. Анткени ал Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей койду.

    3:19 Соттун себеби мында: «Дүйнөгө жарык келди, бирок адамдар жарыкка караганда караңгылыкты жакшы көрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман эле.

    3:20 Жаман иштерди жасаган адам жарыкты жек көрүп, кылган жаман иштери ашкереленбеши үчүн, жарыкка келбейт.

    3:21 Ал эми акыйкаттык жолунда жүргөн адам кылган иштеринин Кудайдын жардамы менен кылынгандыгы көрүнүп туруш үчүн, жарыкка келет».

    Чөмүлдүрүүчү Жакандын акыркы күбөлөндүрүүсү

    3:22 Ошондон кийин Ыйса шакирттери менен Жүйүт жерине келди. Алар менен ошол жерде калып, адамдарды сууга чөмүлдүрүп жатты.

    3:23 Жакан болсо Шалемдин жанындагы Айнондо чөмүлдүрүп жатты, анткени ал жерде суу көп эле. Адамдар келип, сууга чөмүлдүрүлүп жатышты.

    3:24 Анткени Жакан түрмөгө камала элек болчу.

    3:25 Жакандын шакирттери менен бир жүйүттүн ортосунда тазалануу жөнүндө талаш чыгып кетти.

    3:26 Шакирттери Жаканга келип: «Устат! Иордан дарыясынын наркы өйүзүндө сени менен чогуу болгон, сен күбөлөндүргөн Адам элди сууга чөмүлдүрүп жатат. элдин баары Ага барып жатышат», – дешти.

    3:27 Жакан аларга мындай деп жооп берди: «Кудай бермейинче, адам өз мойнуна үч нерсени ала албайт.

    3:28 “Мен Машайак эмесмин, бирок Анын алдынан жиберилгем” дегениме силер өзүңөр күбөсүңөр.

    3:29 Колуктусу бар адам – күйөө. Ал эми күйөөнү жанында туруп алып тыңшап турган күйөө жолдош анын үнүн укканда, аябай кубанат. Мен ошол кубанычты башымдан өткөрдүм.

    3:30 Ал өсүшү керек, мен болсо кичирейишим керек.

    3:31 Жогорудан Келген баарынан жогору. Бул дүйнөдөн келген бул дүйнөгө таандык, ошондуктан дүйнөдөгүнү сүйлөйт. Асмандан Келген баарынан жогору.

    3:32 Ал асмандан көргөн-укканы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бирок Анын күбөлөндүрүүсүн үч ким кабыл албайт.

    3:33 Ал эми Анын күбөлөндүрүүсүн кабыл алган адам Кудайдын чындык экендигин далилдеди.

    3:34 Кудай жиберген Адам Кудайдын сөзүн сүйлөйт. Анткени Кудай Рухту ченемсиз берет.

    3:35 Атасы Уулун сүйөт, ошондуктан бардыгын Анын колуна берди.

    3:36 Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө эү, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө эү болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск