Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Ыйса жана самариялык аял

    4:1 Ыйса «Ал Жаканга караганда көбүрөөк шакирт күтүп, элди сууга чөмүлдүрүп жатат» деген сөз фарисейлерге жеткенин билгенде,

    4:2 (чынында, Ыйсанын өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жатышкан эле),

    4:3 Жүйүт аймагынан кайра Галилеяга жөнөдү.

    4:4 Ыйса Самария аймагы аркылуу өтүүгө тийиш эле.

    4:5 Ошондуктан Ал Самариянын Шекем шаарына келди. Ал шаар Жакып өзүнүн уулу Жусупка мурас кылып калтырган жерге жакын жайгашкан эле.

    Ыйса менен самариялык аялдын аңгемелешүүсү

    4:6 Ошол жерде «Жакыптын кудугу» деп аталган кудук бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Ыйса кудуктун жанына отура кетти. Алтынчы саат чамасы эле.

    4:7 Ошол маалда самариялык бир аял кудуктан суу алганы келди. Ыйса андан ичкенге суу сурады.

    4:8 Шакирттери тамак сатып алуу үчүн, шаарга кетишкен эле.

    4:9 Самариялык аял Ага: «өзүң жүйүт болуп туруп, менден, самариялык аялдан, суу сурайсыңбы?» – деди. Себеби жүйүттөр самариялыктар менен мамилелешчү эмес.

    4:10 Ыйса аялга: «үгерде Кудайдын белеги эмне экендигин жана сенден суу сураган Ким экендигин билсең, сен Андан өзүң сурар элең, ошондо Ал сага тирүү суу бермек», – деп жооп берди.

    4:11 Аял Ага: «Мырза, суу сузуп алгыдай үч нерсең жок экен, кудук болсо терең, Сенде тирүү суу кайдан болсун?

    4:12 Сен, эмне, бизге ушул кудукту калтырган атабыз Жакыптан да чоңсуңбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушул кудуктан суу ичишкен», – деди.

    4:13 Ыйса аялга мындай деп жооп берди: «Бул суудан ичкен адам кайра эле суусайт.

    4:14 Ал эми Мен берген суудан ичкен адам түбөлүк суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде түбөлүк өмүргө агып баруучу булакка айланат».

    4:15 Ошондо аял Ага: «Мырза, суусабашым үчүн, бул жерге сууга келбешим үчүн, мага ошол суудан берчи!» – деди.

    4:16 «Барып, күйөөңдү бул жерге чакырып кел», – деди Ыйса.

    4:17 «Менин күйөөм жок», – деп жооп берди аял. Ошондо Ыйса ага: «“Күйөөм жок”, – деп, чындыкты айттың.

    4:18 Сен беш жолу күйөөгө чыккансың, бирок азыркысы күйөөң эмес. Муну сен туура айттың», – деди.

    4:19 Аял Ага: «Мырза, Сенин пайгамбар экениңди билдим.

    4:20 Биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоодо Кудайга табынышчу экен, силер болсо Кудайга табынуучу жай Иерусалимде болуш керек дейсиңер», – деди.

    4:21 Ыйса ага мындай деди: «Мага ишен, бул тоонун үстүндө да, Иерусалимде да Атага табынбай турган убак келет.

    4:22 Силер эмнеге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз. Анткени куткарылуу жүйүттөрдөн келет.

    4:23 Чыныгы табынуучулар Атага рух менен, чындык боюнча табына турган убакыт келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Ата да өзүнө ошондой табынуучуларды издейт.

    4:24 Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек».

    4:25 Аял Ыйсага: «Машайак келерин билем. Ал келгенде, бизге баарын айтып берет», – деди.

    4:26 Ошондо Ыйса ага: «Сен дал ошонун өзү менен сүйлөшүп турасың», – деди.

    4:27 Ошол мезгилде шакирттери келип калышты. Алар Анын аял менен сүйлөшүп жатканын көрүп таң калышты. Бирок үч кимиси Андан: «Андан эмнени сурап жатасың?» же «Аны менен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатасың?» – деп сураган жок.

    4:28 Аял суу алган идишин таштап, шаарга барды да, элге:

    4:29 «Жүргүлө, кылганымдын баарын айтып берген Адамды көргүлө! Ал Машайак эмеспи?» – деп айта баштады.

    4:30 Ошондо алар шаардан чыгып, Ыйсаны көздөй жөнөштү.

    Оруу-жыюу маалы

    4:31 Ошол арада шакирттери Ыйсадан: «Устат, тамактанып ал», – деп өтүнүштү.

    4:32 Бирок Ыйса аларга: «Менде силер билбеген тамак бар», – деди.

    4:33 Шакирттери бири-бирине: «Ага бирөө тамак алып келип бергенби?» – дешти.

    4:34 Ыйса аларга мындай деди: «Менин тамагым – Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү.

    4:35 Силер: “Төрт айдан кийин орок маалы башталат”, – дейсиңер. Бирок Мен силерге айтып коёюн: талаага көз чаптырып, эгинди карагылачы, ал орууга даяр болуп бышып калды.

    4:36 Орокчу азыртадан эле эмгек акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат. Ошентип, себүүчү да, орокчу да кубанат.

    4:37 Анткени ушул учурга “Бирөө себет, бирөө орот” деген сөз туура келет.

    4:38 Мен силерди өзүңөр эмгектенбегенди орушуңар үчүн жибергем. Башкалар эмгектеништи, силер болсо түшүмүн жыйнап жатасыңар».

    4:39 Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү: «Ал мага кылганымдын баарын айтып берди», – деп күбөлөндүргөн аялдын сөзү аркылуу Ыйсага ишенип калышты.

    4:40 Ошондуктан алар Ага келип, Андан өздөрү менен калуусун өтүнүштү. Ыйса ал жерде эки күн болду.

    4:41 Анын сөзүн угуп, Ага дагы көп киши ишенип калды.

    4:42 Алар аялга: «Биз эми Ага сенин сөзүң боюнча эле ишенип жаткан жокпуз. Анткени Анын сөзүн өзүбүз да угуп, Анын, чын эле, дүйнөнүн Куткаруучусу, Машайак экенин билдик», – дешти.

    4:43 үки күндөн кийин Ыйса ал жерден Галилеяга жөнөп кетти.

    4:44 Анткени Ыйса өзү: «Пайгамбар өз жеринде урматталбайт», – деп күбөлөндүргөн эле.

    4:45 Галилеяга келгенде, ал жердин тургундары Аны кабыл алышты. Анткени алар да Иерусалимде болгон майрамга барып, Анын майрамда кылган иштеринин баарын көрүшкөн болчу.

    Сарай кызматчысынын уулунун айыгышы

    4:46 Ошентип, Ыйса Галилеядагы Каанага дагы келди. Ал жерде Ал сууну шарапка айландырган эле. Капернаумда падышанын сарай кызматчысынын уулу ооруп жаткан.

    4:47 Ал Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенин угуп, Ага келди да: «Келип, өлүм алдында жаткан баламды айыктыра көр», – деп өтүндү.

    4:48 Ыйса ага: «Силер Мага керемет-жышаандарды көрмөйүнчө ишенбейсиңер!» – деди.

    4:49 Сарай кызматчысы Ага: «Теңир! Балам өлүп кала электе келе көр!» – деди.

    4:50 Ошондо Ыйса ага: «Кете бер, балаң айыкты», – деди. Ал Ыйсанын айткан сөзүнө ишенип, үйүнө жөнөдү.

    4:51 Аны кулдары тосуп чыгышып: «Балаң айыгып калды», – дешти.

    4:52 Ал кулдарынан баласынын кайсы убакта жакшы болуп калганын сурады. «Кечүү, жетинчи саат чамасында ысытмасынан айыкты», – деп жооп беришти алар.

    4:53 Ошондо ал Ыйсанын: «Балаң айыкты», – деп, дал ошол убакта айтканын үстеди. Ал бүт эй-бүлөсү менен Ыйсага ишенип калды.

    4:54 Бул Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенден кийин жасаган экинчи керемети эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск