Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Сөз адам болду

    1:1 эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.

    1:2 Сөз эң башында Кудайда болгон.

    1:3 Бардыгы Ал аркылуу башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес.

    1:4 Анда өмүр болгон, ал өмүр адамдар үчүн жарык болгон.

    1:5 Жарык караңгыда жаркырап турат, караңгылык жарыкты каптаган жок.

    1:6 Кудай жиберген бир адам болгон, анын ысымы Жакан эле.

    1:7 Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калыш үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.

    1:8 Ал Жарык эмес болчу, бирок Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.

    1:9 Бул дүйнөгө келген ар бир адамды жарык кылуучу чыныгы Жарык бар эле.

    1:10 Ал бул дүйнөдө болгон, дүйнө Ал аркылуу жаралган, бирок бул дүйнө Аны тааныган жок.

    1:11 Ал өз элине келди, бирок өз эли Аны кабыл алган жок.

    1:12 Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди.

    1:13 Алар кандан эмес, дененин каалоосу менен эмес, эркектин каалоосу менен эмес, Кудайдан төрөлүштү.

    1:14 Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле.

    Чөмүлдүрүүчү Жакандын күбөлөндүрүүсү

    1:15 Жакан Ал жөнүндө бийик эн менен мындай деп күбөлөндүрдү: «“Менден кийин Келе Жаткан менин алдыма чыкты, анткени Ал менден мурун эле бар болчу”, – деп, мен ушул Адам жөнүндө айткам».

    1:16 Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык.

    1:17 Анткени мыйзам Муса аркылуу берилди, ал эми ырайым менен чындык Ыйса Машайак аркылуу пайда болду.

    1:18 Кудайды үч ким үч качан көргөн эмес. Аны бизге Атанын ичиндеги жалгыз Уул көрсөттү.

    1:19 Жүйүттөр Иерусалимден ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди жиберип, «Сен кимсиң?» – деп суратышканда, Жакан аларга:

    1:20 «Мен Машайак эмесмин», – деп күбөлөндүрдү. Ал жооп берүүдөн баш тарткан жок, ачык эле айтты.

    1:21 Ошондо алар: «Анда сен кимсиң, Илияссыңбы?» – деп сурашты. «Жок», – деди ал. «Пайгамбарсыңбы?» – деп сурашканда, ал: «Жок», – деп жооп берди.

    1:22 «Деги сен кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергидей бололу: өзүң жөнүндө эмне дейсиң?» – дешти алар.

    1:23 Ошондо Жакан мындай деди: «Ышайа пайгамбар: “"Теңирге жолду түздөгүлө", – деп, эүн талаада бир эн жар салат”, – деп айткан. Ошол эн менмин».

    1:24 Жиберилген адамдар фарисейлерден эле.

    1:25 Алар Жакандан: «үгерде Сен Машайак да, Илияс да, пайгамбар да эмес болсоң, анда эмне үчүн сууга чөмүлдүрүп жатасың?» – деп сурашты.

    1:26 Жакан аларга: «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарда силер тааныбаган Бирөө турат.

    1:27 Ал менден кийин келип, менин алдыма турду. Мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын», – деп жооп берди.

    1:28 Бул Иордан дарыясынын чыгыш тарабындагы Битабара айылында, Жакан сууга чөмүлдүрүп жаткан жерде болду.

    Ыйса – Кудайдын курмандык Козусу

    1:29 Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн өз мойнуна алат.

    1:30 “Менден кийин келген Адам менин алдыма турду, анткени Ал менден мурун эле бар болчу”, – деп, мен ушул Адам жөнүндө айткам.

    1:31 Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок Ысрайыл эли Аны билип калсын деп, сууга чөмүлдүрүү үчүн келгем», – деди.

    1:32 Жакан күбөлөндүрүүсүн мындай деп улантты: «Рухтун асмандан көгүчкөн сыяктуу түшүп, Анын үстүндө турганын көрдүм.

    1:33 Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок адамдарды сууга чөмүлдүртүү үчүн мени жиберген Кудай мага: “Рухтун кимдин үстүнө түшүп, Анда болуп турганын көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол”, – деген.

    1:34 Мен көрдүм да: “Бул – Кудайдын Уулу”, – деп күбөлөндүрдүм».

    Ыйсанын биринчи шакирттери

    1:35 үртеси күнү да Жакан өзүнүн эки шакирти менен турган эле.

    1:36 Ал өтүп бара жаткан Ыйсаны көргөндө: «Мына, Кудайдын курмандык Козусу!» – деди.

    1:37 Жакандан бул сөздөрдү укканда, эки шакирт тең Ыйсаны эүрчип жөнөштү.

    1:38 Ыйса артына бурулуп, алардын эүрчип келе жатканын көрүп: «Силерге эмне керек?» – деп сурады. Алар Андан: «Устат, кайсы жерде турасың?» – деп сурашты.

    1:39 «Барып, өзүңөр көргүлө», – деди Ыйса. Алар барып, Ыйсанын кайсы жерде турарын көрүштү да, ал күнү Аныкында калып калышты. Бул убак онунчу саат чамасы эле.

    1:40 Жакандан угуп, Ыйсанын артынан эүрчиген эки адамдын бири Шымон Петирдин бир тууганы Андрей эле.

    1:41 Ал адегенде агасы Шымонду таап, ага: «Биз Машайакты таптык», – деди.

    1:42 Андрей бир тууганы Шымонду Ыйсага алып келди. Ыйса аны карап: «Жунус уулу Шымон, сага Кейфа деген ысым коюлат», – деди.

    1:43 үртеси күнү Ыйса Галилеяга бармакчы болду. Филипти таап: «Менин артымдан эүрчи!» – деди.

    1:44 Филип болсо Андрей менен Петир жашаган Бетсайида шаарынан эле.

    1:45 Филип Натанаелди таап, ага: «Мусанын “Тоорат” китебинде, ошондой эле “Пайгамбарлар” китебинде жазылган Машайакты таптык, Ал – назареттик Жусуптун Уулу Ыйса», – деди.

    1:46 Бирок Натанаел ага: «Назареттен жакшы нерсе чыкмак беле?» – деп койду. Ошондо Филип ага: «Барып, өзүң көр», – деди.

    1:47 Ыйса келе жаткан Натанаелди көрүп: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул», – деди.

    1:48 Натанаел Андан: «Мени кайдан билесиң?» – деп сурады. Ыйса ага: «Филип сени чакыра электе эле, Мен сени анжыр дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм», – деди.

    1:49 Ошондо Натанаел: «Устат, Сен Кудайдын Уулусуң! Сен Ысрайыл элинин Падышасысың!» – деди.

    1:50 Ыйса ага: «Сен Мага: “Мен сени анжыр дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм”, – дегеним үчүн ишенип жатасың. Мындан чоңун көрөсүң», – деди.

    1:51 Дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, мындан ары ачылган асманды жана Адам Уулун көздөй жогору чыгып, кайра төмөн түшүп жаткан Кудайдын периштелерин көрөсүңөр».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск