Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Ыйса Машайактын тирилиши

    24:1 Жуманын биринчи күнү аялдар өздөрү даярдаган жыпар жыттуу майларды алып, таң заардан мүрзөгө келишти.

    24:2 Алар мүрзөнүн оозундагы таштын четке жылдырылып калганын көрүштү,

    24:3 ичине кирип, Теңир Ыйсанын сөөгүн таппай калышты.

    24:4 Алар буга таң калып турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына жаркыраган кийимчен эки адам туруп калды.

    24:5 Аялдар коркуп кетип, жер карап калышканда, алар: «үмнеге өлүктөрдүн арасынан Тирүүнү издеп жүрөсүңөр?

    24:6 Ал бул жерде жок, Ал тирилди! Анын Галилеяда жүргөндө силерге айткан сөздөрүн үстегилечи.

    24:7 “Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилип, айкаш жыгачка кадалып, үчүнчү күнү тирилиши керек”, – деп айткан эмес беле», – дешти.

    24:8 Ошондо аялдар Ыйсанын сөздөрүн үстешти.

    24:9 Алар мүрзөдөн кайтып келишип, мунун баарын он бир шакиртке жана башкаларга кабарлашты.

    24:10 Муну элчилерге айткандар магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана алардын жанында жүргөн башка аялдар эле.

    24:11 үлчилер аялдарга ишенишкен жок, бул сөздөр аларга куру сөздөй сезилди.

    24:12 Бирок Петир ордунан тура калып, мүрзөгө чуркап келди да, үңкейип карап, жерде жаткан кепинди гана көрдү. Ал болгон окуяга таң калып, артына кайтты.

    үмауска бара жаткан жолдо

    24:13 Так ошол күнү эки шакирт Иерусалимден болжол менен алтымыш стадий алыстыкта жайгашкан эмаус деген бир айылга жөнөдү.

    24:14 Алар жолдо ушул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда,

    24:15 Ыйса жакын келип, аларга кошулду.

    24:16 Бирок алардын көздөрү жабылып калгандыктан, Аны таанышкан жок.

    24:17 Ыйса алардан: «Силер эмне жөнүндө сүйлөшүп келе жатасыңар, эмнеге капалуусуңар?» – деп сурады.

    24:18 Алардын бири Клеопа Ага: «Ушул күндөрү Иерусалимде болуп өткөн окуяны жалгыз эле сен билбейт окшойсуң», – деди.

    24:19 Ыйса алардан: «Кайсы окуяны?» – деп сурады. Алар Ага мындай деп жооп беришти: «Назареттик Ыйсаны эмне кылышканын билбейсиңби? Ал Кудай алдында, эл алдында иши менен да, сөзү менен да күчтүү пайгамбар болчу.

    24:20 Биздин башкы ыйык кызмат кылуучуларыбыз, башкаруучуларыбыз Аны өлүм жазасына тартыш үчүн кармап берип, айкаш жыгачка кадатып салышты.

    24:21 Бул окуянын болгонуна үч күн болду. Биз болсо: “Ал Ысрайыл элин куткарат”, – деп эмүттөнүп жүргөнбүз.

    24:22 Бирок арабызда жүргөн күү бир аялдар бизди аябай таң калтырышты. Алар таң заардан мүрзөгө барып,

    24:23 Анын сөөгүн таппай калышыптыр. Кайтып келишкенде, Анын тирүү экендигин айткан периштелерди көрүшкөндүгүн айтышты.

    24:24 Биздин арабыздан күү бирөөлөр мүрзөгө барышса, аялдардын айтканындай болуп чыгыптыр. Бирок алар Ыйсанын өзүн көрүшпөптүр».

    24:25 Ошондо Ыйса аларга: «Пайгамбарлардын айткандарына оңой менен ишенбеген акылсыздар!

    24:26 өзүнүн даңкына эү болордон мурун, Машайак ушундай азаптарды башынан өткөрүшү керек эмес беле?» – деди.

    24:27 Анан аларга «Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Жазмалар» китептеринде өзү тууралуу айтылгандардын баарын түшүндүрүп берди.

    24:28 Алар өздөрү бара жаткан айылга жакын келип калышканда, Ыйса аларга андан ары жолун улантчудай түр көрсөттү.

    24:29 Бирок алар: «Биз менен кал, күн да батайын деп калды», – деп, Аны калууга аргасыз кылышты. Ыйса алар менен бирге айылга кирди.

    24:30 Алар менен чогуу дасторконго отурганда, Ал колуна нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга сындырып берди.

    24:31 Ошондо алардын көздөрү ачылып, Аны тааный коюшту. Бирок Ыйса аларга көрүнбөй калды.

    24:32 Алар бири-бирине: «Ал жолдо бизге сүйлөп келе жатканда, бизге Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле?» – дешти да,

    24:33 ошол замат орундарынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти. Ал жерден алар чогулган он бир элчиге жана алардын жанындагыларга жолугушту.

    24:34 Алар: «Теңир чын эле тирилиптир, Ал Шымонго көрүнүптүр», – деп сүйлөшүп жатышкан эле.

    24:35 Бул эки шакирт болсо аларга жолдо болгон окуяны, Аны нан сындырып жатканда гана таанышкандыгын айтып беришти.

    Ыйсанын он бир шакиртке көрүнүшү

    24:36 Алар ушул жөнүндө сүйлөшүп жатышканда, Ыйса өзү алардын ортосуна туруп калды да, аларга: «Силерге тынчтык!» – деди.

    24:37 Катуу коркуп кеткен алар: «үлес көрүп жатабыз го», – деп ойлошту.

    24:38 Бирок Ыйса аларга: «үмне коркуп кеттиңер? эмнеге шектенип жатасыңар?

    24:39 Менин колдорумду, буттарымды карагылачы: Бул Мен, өзүммүн. Мага колуңарды тийгизип көргүлө, элестин денеси да, сөөгү да болбойт, бирок өзүңөр көрүп тургандай, Менде бар», – деп,

    24:40 аларга колу-бутун көрсөттү.

    24:41 Алар бир чети кубанып, бир чети таң калып, көргөн көздөрүнө ишене албай турушканда, Ыйса алардан: «Бул жерде силердин жей турган бир нерсеңер барбы?» – деп сурады.

    24:42 Ошондо алар Ага бир кесим куурулган балык беришти.

    24:43 Ыйса аны алып, шакирттеринин көзүнчө жеди.

    24:44 Андан кийин Ыйса аларга мындай деди: «Силер менен бирге жүргөнүмдө, Мен силерге “Тоорат”, “Пайгамбарлар” жана “Забур” китептеринде Мен тууралуу жазылгандардын бардыгы орундалышы керек деп айтпадым беле».

    24:45 Ошондон кийин Ыйык Жазууну түшүнүшү үчүн, Ыйса алардын акылын ачты.

    Акыркы буйрук

    24:46 Анан аларга мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Машайак азап чегип өлүп, үчүнчү күнү тирилиши керек.

    24:47 Иерусалимдин элинен баштап, бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн тобо кылуу Анын ысымынан жарыяланышы керек”, – деп жазылган.

    24:48 Буга силер өзүңөр күбөсүңөр.

    Ыйса Машайактын асманга көтөрүлүп кетиши

    24:49 Мен силерге Атамдын убада кылганын жөнөтөмүн. Силер болсо жогорудан келе турган күчтү алганыңарча, Иерусалим шаарында калгыла».

    24:50 Анан аларды шаардан чыгарып, Бетанияга жакын жерге эүрчитип келди да, колун жогору көтөрүп, аларга бата берди.

    24:51 Бата бергенден кийин, алардан бөлүнүп, асманга көтөрүлүп кетти.

    24:52 Ошондо алар Ага таазим кылышты да, зор кубаныч менен Иерусалимге кайтып келишти.

    24:53 Дайыма ийбадатканада болуп, Кудайды даңктап жүрүштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск