Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Ыйса Пилаттын алдында

    23:1 Чогулгандардын бардыгы орундарынан туруп, Ыйсаны Пилатка алып барышты да,

    23:2 мындай деп айыптай башташты: «Биз бул Адамдын элибизди бузуп жатканын көрдүк. Падышага салык төлөөгө тыюу салып, өзүн “Машайак, Падышамын” деп жүрөт».

    23:3 Ошондо Пилат Ыйсадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. Ыйса ага: «өзүң айтып жатасың», – деп жооп берди.

    23:4 Пилат башкы ыйык кызмат кылуучуларга, чогулган элге: «Мен бул Адамдан үч кандай күнөө тапкан жокмун», – деди.

    23:5 Бирок алар айткандарынан кайтышпай: «Бул Галилеядан баштап ушул жерге чейин, бүт Жүйүт аймагында өзүнүн окутуусун таратып, элге дүрбөлөң түшүрүп жүрөт», – дешти.

    Ыйса Ироддун алдында

    23:6 Пилат муну укканда: «үмне, бул Адам галилеялыкпы?» – деп сурады.

    23:7 Ыйсанын Ирод башкарган аймактан экенин билгенде, Пилат Аны Иродго жөнөттү. Анткени ошол күндөрү Ирод Иерусалимде жүргөн эле.

    23:8 Ирод Ыйсаны көргөндө, аябай кубанып кетти, анткени Ал тууралуу көп уккандыктан, кандайдыр бир керемет көрүүгө эмүттөнүп, Аны көптөн бери көргүсү келип жүргөн.

    23:9 Ал Ыйсага көп суроо берди. Бирок Ыйса ага үч кандай жооп берген жок.

    23:10 Ал жерде турган башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Аны аябай айыпташты.

    23:11 Ирод болсо өзүнүн аскерлери менен Аны кордоп, мазактады да, Ага жылтылдаган кийим кийгизип, кайра Пилатка жөнөтүп жиберди.

    23:12 Буга чейин бири-бири менен касташып жүргөн Ирод менен Пилат ушул күнү дос болуп калышты.

    Ыйса кайрадан Пилаттын алдында

    23:13 Пилат болсо башкы ыйык кызмат кылуучуларды, башчыларды жана элди чакыртып алып, аларга мындай деди:

    23:14 «Силер бул Адамды мага элди бузуучу катары алып келгенсиңер. Бирок мен силердин алдыңарда тергөө жүргүзүп, Андан силер койгон айыптардын үч бирин тапкан жокмун.

    23:15 Мен Аны Иродго жибергем, бирок ал да Андан күнөө таппай, Аны кайра бизге жөнөтүп жибериптир. Демек, Ал өлүм жазасына татырлык үч бир күнөө жасаган эмес.

    23:16 Ошондуктан Аны жазалап туруп, коё берем».

    23:17 Пилат майрамга карата бир туткунду бошотуп бериши керек эле.

    23:18 Бирок чогулган элдин баары: «Ага өлүм! Бизге Бараббаны бошотуп бер!» – деп кыйкырышты.

    23:19 Барабба болсо шаарда болгон бир козголоңго катышып киши өлтүргөндүктөн, түрмөгө камалган эле.

    23:20 Пилат кайрадан элге кайрылып, Ыйсаны бошоткусу келгенин айтты.

    23:21 Бирок алар: «Аны айкаш жыгачка када, айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты.

    23:22 Пилат үчүнчү жолу аларга: «Ал кандай жаман иш кылды? Мен Андан өлүм жазасына татырлык үч кандай күнөө тапкан жокмун. Ошондуктан Аны жазалап туруп, коё берем», – деди.

    23:23 Бирок алар болгон эндөрү менен: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырып, талап кыла беришти. Алар улам күчөп кыйкыра беришкендиктен,

    23:24 Пилат алардын талабын орундатууну чечти.

    23:25 Ошентип, ал козголоңго катышып жана киши өлтүрүп түрмөдө жаткан кишини элдин суранычы боюнча бошотту, Ыйсаны болсо алардын эркине тапшырды.

    23:26 Аскерлер Ыйсаны алып бара жатышканда, талаадан келе жаткан Шымон деген киренеялык кишини кармап алышты да, ага айкаш жыгачты көтөртүп, Ыйсанын артынан эүрчитип коюшту.

    Ыйсанын айкаш жыгачка кадалуусу

    23:27 Ыйсанын артынан өтө көп эл эүрчип бара жатты. Алардын арасында Ал үчүн боздоп ыйлаган аялдар бар эле.

    23:28 Ыйса аларга бурулуп, мындай деди: «Иерусалимдик кыздар, Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн, балдарыңар үчүн ыйлагыла.

    23:29 Анткени: “Тукумсуз, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу”, – деп айтыла турган күндөр келет.

    23:30 Ошондо тоолорго: “Биздин үстүбүзгө кулагыла”, дөбөлөргө болсо: “Бизди басып калгыла”, – деп айта башташат.

    23:31 Жашыл даракка ушундай кылышса, анда куураган дарак эмне болот?»

    23:32 Ыйса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүргөнү алып бара жатышты.

    23:33 Алар «Баш сөөгү» деген жерге келишкенде, Ыйсаны жана эки кылмышкерди айкаш жыгачка кадап коюшту. Бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына кадашты.

    23:34 Ыйса болсо: «Ата, буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт», – деди. Аскерлер өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты.

    23:35 үл ошол жерде карап турду. Башкаруучулар болсо: «Ал башкаларды куткарды. эгерде Ал Кудай тандаган Машайак болсо, анда өзүн куткарсын», – деп шылдыңдашты.

    23:36 Аскерлер Ыйсанын жанына келип, Ага ачуу ичимдик сунуп:

    23:37 «үгерде Сен жүйүттөрдүн Падышасы болсоң, анда өзүңдү куткар», – деп шылдыңдашты.

    23:38 Ыйсанын баш жагына грек, латын жана эврей тилдеринде «Бул – жүйүттөрдүн Падышасы» деп жазылган тактайчаны илип коюшту.

    Кылмышкердин Ыйсага кайрылуусу

    23:39 Айкаш жыгачка кадалган эки кылмышкердин бири: «үгерде Машайак болсоң, анда өзүңдү да, бизди да куткар!» – деп, Ага тил тийгизди.

    23:40 үкинчиси болсо аны тыйып: «Кудайдан коркпойсуңбу, өзүң деле ушул жазага тартылбадыңбы.

    23:41 Бизге го туура өкүм чыгарышты, анткени биз кылган иштерибизге жараша жазабызды алып жатабыз. Бул болсо үч кандай жаман иш жасаган жок да», – деди.

    23:42 Анан ал Ыйсага: «Ыйса! өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени үстей көр», – деди.

    23:43 Ыйса ага: «Мен сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң», – деди.

    23:44 Болжол менен түшкү алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин күн көрүнбөй, бүт жерди караңгылык каптап турду.

    23:45 Ийбадатканадагы көшөгө дал ортосунан айрылып калды.

    Ыйсанын өлүмү

    23:46 Ыйса үнүн катуу чыгарып: «Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырамын!» – деди. Ушинтип айткандан кийин, Ал жан берди.

    23:47 Муну көргөн жүз башы: «Бул чын эле адил Адам болчу», – деп, Кудайды даңктады.

    23:48 Муну көрүүгө чогулган эл болгон окуяны көргөндөн кийин, өкүнүү менен тарай баштады.

    23:49 Ыйсаны тааныгандардын бардыгы жана Аны Галилеядан эүрчип келген аялдар алыстан бул окуяны карап турушту.

    Ыйсанын көргө коюлушу

    23:50 Ал жерде жүйүттөрдүн Ариматая шаарынан ак ниет, адил, Кудайдын Падышачылыгын күтүп жүргөн Жусуп деген адам бар эле. Ал кеңештин мүчөсү болчу.

    23:51 Бирок ал кеңештин Ыйсаны өлтүрүү үчүн чыгарган чечимине жана кылган иштерине макул болгон эмес.

    23:52 Ал Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн сурады.

    23:53 Анан ал сөөктү түшүрүп алып, кепиндеди да, асканын бооруна оюлуп жасалган, али үч ким коюла элек мүрзөгө койду.

    23:54 Жума күнү аяктап, ишемби күнгө таяп калган эле.

    23:55 Ыйса менен Галилеядан келген аялдар да Жусупту эүрчип келишип, мүрзөнү жана Анын сөөгү кандай коюлганын көрүштү.

    23:56 Анан алар шаарга кайтып барышып, жыпар жыттуу заттарды жана майлоочу майларды даярдашты. Мыйзамдын талабына ылайык алар ишемби күнү эс алышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск