Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Жүйүттүн Ыйсага чыккынчылык кылышы

    22:1 «Пасах» деп аталган Ачыткысыз нан майрамы жакындап калган эле.

    22:2 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсаны өлтүрүүнүн жолун издешти, бирок элден коркушту.

    22:3 Ошондо он эки шакирттин бири – Искариот деген ысым коюлган Жүйүттүн ичине шайтан кирди.

    22:4 Ал барып, Ыйсаны кантип кармап берери жөнүндө башкы ыйык кызмат кылуучулар жана ийбадаткананын күзөт башчылары менен сүйлөштү.

    22:5 Алар кубанып, ага акча берүүгө макул болушту.

    22:6 Ошентип, Жүйүт аларга убада берди да, Ыйсаны эл жок жерде кармап берүү үчүн, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

    Пасах майрамына даярдык көрүү

    22:7 Пасах козусу союла турган Ачыткысыз нан майрамы келди.

    22:8 Ошондо Ыйса: «Барып, бизге Пасах тамагын даярдагыла», – деп, Петир менен Жаканды жөнөттү.

    22:9 Алар Ыйсадан: «Кайсы жерде даярдообузду каалайсың?» – деп сурашты.

    22:10 Ыйса аларга: «Шаарга кирсеңер, кумура менен суу көтөрүп бара жаткан адамга жолугасыңар. Анын артынан эүрчип, ал кирген эйгө киргиле да, ошол эйдүн эүсине:

    22:11 “"Шакирттерим менен Пасах тамагын жей турган бөлмө кайсы?" – деп, сенден Устатыбыз суратып жатат”, – дегиле.

    22:12 Ошондо ал силерге төшөнчүлөр төшөлгөн, үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт, тамакты ошол жерге даярдагыла», – деди.

    22:13 Алар барышты, баары Ыйса айткандай болду. Ошентип, алар Пасах тамагын даярдашты.

    Пасах

    22:14 Тамак жей турган убак болгондо, Ыйса он эки элчиси менен дасторконго отурду.

    22:15 Ошондо Ыйса аларга: «Азап тартарымдын алдында Мен ушул Пасах тамагын силер менен бирге жегенди аябай каалаган элем.

    22:16 Анткени силерге айтып коёюн, Пасах тамагын Кудайдын Падышачылыгында жей турган убакыт келгенге чейин, мындан ары Мен аны силер менен жебейм», – деди.

    22:17 Анан Ал чөйчөктү колуна алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга: «Муну алып, өз ара бөлүшүп ичкиле.

    22:18 Анткени Кудайдын Падышачылыгы келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесин ичпейм», – деди.

    Теңирдин Кечки Тамагы

    22:19 Анан нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Аны сындырып, шакирттерине берип жатып: «Бул нан – силер үчүн бериле турган Менин Денем. Муну Мени эскерүү үчүн жегиле», – деди.

    22:20 Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деди: «Бул чөйчөк – силер үчүн төгүлө турган Менин каным менен бекитиле турган жаңы келишим.

    Ыйсанын чыккынчы жөнүндө айтышы

    22:21 Бирок мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам Мени менен бирге дасторконго кол узатып жатат.

    22:22 Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен бара жатат. Бирок Ал ким аркылуу кармалып берилсе, ошол адамга кайгы».

    22:23 Ошондо элчилер: «Биздин арабыздан ким чыккынчылык кылат болду экен?» – деп, бири-биринен сурай башташты.

    Шакирттердин ортосундагы талаш

    22:24 Шакирттер өз ара: «Кимибиз чоңбуз?» – деп да талаша кетишти.

    22:25 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «үлдерге падышалар үстөмдүк кылышат, элдердин үстүнөн бийлик жүргүзүүчүлөр “Жакшылык кылуучулар” деп аталышат.

    22:26 Силер болсо андай болбогула. Тескерисинче, араңарда ким улуу болсо, ал кичүүдөй болсун; ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун.

    22:27 Анткени кимиси чоң: дасторкондо отурган адамбы же кызмат кылган адамбы? Албетте, дасторкондо отурган адам чоң. Мен болсо силердин араңарда кызмат кылган адам сыяктуумун.

    үлчилердин келечектеги падышачылыкта ала турган орду

    22:28 Силер болсо башыма кыйынчылык келген учурларда Мени менен бирге болдуңар.

    22:29 Атам Мага бийлик бергендей эле, Мен да силерге бийлик берем.

    22:30 Менин Падышачылыгымда Менин дасторконумдан ичип-жейсиңер, тактыларга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар».

    Ыйсанын Петирдин баш тартарын алдын ала айтышы

    22:31 Анан Ыйса Теңир Петирге: «Шымон, Шымон! Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды.

    22:32 Бирок ишенимин жоготпосун деп, Мен сен үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде», – деди.

    22:33 Петир болсо Ага: «Теңир, мен Сени менен түрмөгө отурууга да, өлүүгө да даярмын», – деди.

    22:34 Бирок Ыйса ага: «Петир, сага айтып коёюн, ушул түнү короз кыйкырганга чейин, сен Мени билбейм деп, үч жолу танасың», – деди.

    Ыйсанын өзүнүн алдында турган сыноолор жөнүндө шакирттерине айтышы

    22:35 Анан Ыйса аларга: «Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле?» – деди. Алар: «Жок, үч нерсеге муктаж болгон эмеспиз», – деп жооп беришти.

    22:36 Ошондо Ыйса аларга: «Бирок азыр кимдин капчыгы болсо, ал аны да, баштыгын да алсын. Ал эми кимдин кылычы жок болсо, ал өзүнүн кийимин сатып, кылыч сатып алсын.

    22:37 Силерге айтып коёюн, “Ал кылмышкер катары эсептелди” деген пайгамбарчылык Менин жашоомдо аткарылышы керек. Анткени Ыйык Жазууда Мен жөнүндө эмне жазылса, ошонун бардыгы аткарылып бүтүп калды», – деди.

    22:38 Алар Ага: «Теңир, мына, бул жерде эки кылыч бар», – дешти. Ыйса аларга: «Жетет», – деди.

    Ыйса Гетсемани багында

    22:39 Ыйса тышка чыгып, адатынча Зайтун тоосуна жөнөдү. Шакирттери Анын артынан эүрчишти.

    22:40 Ошол жерге келгенден кийин, Ыйса аларга: «Азгырылып кетпеш үчүн сыйынгыла», – деди.

    22:41 өзү нарыраак, таш ыргытса жетчүдөй жерге барып, чөгөлөп отуруп, мындай деп сыйынды:

    22:42 «Ата, эгерде Сенин эркиңе туура келсе, ушул чөйчөктү Менин жанымдан кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун!»

    22:43 Ошондо асмандан бир периште келип, Ага күч берди.

    22:44 Кыйналып жатканында, Ал бүт күчү менен сыйынды. Анын тери кандын тамчысына окшоп жерге таамп жатты.

    22:45 Ыйса сыйынып бүтүп, ордунан тургандан кийин, шакирттеринин жанына келди. Кайгыга баткан алар уктап калышкан эле.

    22:46 Ошондо аларга: «үмне уктап жатасыңар? Азгырылып кетпеш үчүн сыйынгыла», – деди.

    Ыйсанын туткундалышы

    22:47 Ыйса сүйлөп жатканда, он эки элчинин бири Жүйүт баштаган топ адам келди. Жүйүт Ыйсанын бетинен өбүү үчүн, жакын келди. Анткени ал: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол», – деп, алар менен сүйлөшүп койгон эле.

    22:48 Ыйса андан: «Жүйүт, сен Адам Уулун өөп туруп салып бересиңби?» – деп сурады.

    22:49 Иштин жайын түшүнгөн Ыйсанын жанындагылар: «Теңир, кылыч менен чаап салалыбы?» – дешти.

    22:50 Алардын бирөөсү башкы ыйык кызмат кылуучунун бир кулунун оң кулагын шылый чапты.

    22:51 Ыйса болсо: «Токтоткула, жетишет!» – деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны айыктырып койду.

    22:52 Анан Ыйса өзүн кармаганы келген башкы ыйык кызмат кылуучуларга, ийбадаткананын күзөт башчыларына жана аксакалдарга: «Каракчыны кармачудай болуп, Мени кармаш үчүн кылыч, союл алып чыктыңарбы?

    22:53 Силер менен күн сайын ийбадатканада болгонумда, Мага каршы кол көтөргөн жок элеңер. Бирок азыр силердин убагыңар, караңгылык бийлик кылган убак», – деди.

    Ыйса башкы ыйык кызмат кылуучулардын алдында. Петирдин тануусу

    22:54 Алар Ыйсаны туткундап алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун үйүнө алып барышты. Петир болсо аларды алысыраак жерде эүрчип бара жатты.

    22:55 Алар короонун ортосуна от жагып, отту тегеректеп отурушканда, Петир да алардын арасына барып отурду.

    22:56 Бир күң оттун жанында отурган Петирди көрүп, тигиле карады да: «Бул да Аны менен жүрчү», – деди.

    22:57 Бирок Петир: «үй, аял, мен Аны тааныбайм», – деп танып койду.

    22:58 Бир аздан кийин ошол жердегилердин дагы бири аны көрүп: «Сен да ошолордонсуң», – деди. Бирок Петир ага: «Жок, мен алардан эмесмин», – деди.

    22:59 Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин, дагы бир адам: «Чын эле, бул да Аны менен жүрчү, анткени бул галилеялык», – деп, көшөрө далилдей баштады.

    22:60 Бирок Петир: «үй, сенин эмне деп жатканыңды түшүнбөй турам», – деди. Ошол замат, ал ушинтип сүйлөп жатканда, короз кыйкырды.

    22:61 Ошондо Ыйса Теңир бурулуп, Петирди карады. Петир Теңирдин «Ушул түнү короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзүн үстеп,

    22:62 сыртка чыгып, өксөп ыйлады.

    Күнөөкөрлөрдүн Ыйсаны кордошу

    22:63 Ыйсаны кармап келген адамдар Аны шылдыңдап сабашты.

    22:64 Анын көзүн таңып коюшуп, жаакка чапкылап: «Кана, пайгамбарчылык кылчы! Сени ким чапты?» – деп сурап жатышты.

    22:65 Алар Аны дагы көптөгөн жаман сөздөр менен тилдешти.

    Ыйса жогорку соттун алдында

    22:66 үртеси эртең менен эл аксакалдары, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар чогулуп, Аны өздөрүнүн жогорку сотуна алып барышты да, Андан:

    22:67 «Кана, айтчы бизге, Сен Машайаксыңбы?» – деп сурашты. Ыйса болсо аларга: «Айтсам, баары бир ишенбейсиңер;

    22:68 сурасам, баары бир жооп бербейсиңер.

    22:69 Мындан кийин Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагына отурат», – деди.

    22:70 Ошондо бардыгы Ага: «Демек, Сен Кудайдын Уулу экенсиң да?!» – дешти. Ыйса аларга: «Менин Ошол экенимди өзүңөр айтып жатасыңар», – деп жооп берди.

    22:71 Ошондо алар: «Бизге дагы кандай далил керек? Анткени биз Анын өз оозунан укпадыкпы!» – дешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск