Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Жесирдин лептасы

    21:1 Ыйса курмандыктар салына турган кутуга өздөрүнүн Кудайга деген тартууларын салып жаткан бай адамдарды көрдү.

    21:2 Ага эки лепта салып жаткан жарды жесир аялды да көрүп, мындай деди:

    21:3 «Силерге чындыкты айтып коёюн, мына бул жарды жесир аял бардыгынан көп салды.

    21:4 Анткени башкалардын баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды».

    Зайтун тоосунда

    21:5 Бирөөлөр ийбадаткананын кымбат таштар менен, тартуулар менен кооздолгондугу жөнүндө сөз кылып жатышканда, Ыйса мындай деди:

    21:6 «Силер бул жерде көрүп тургандын баары кыйрап, таш үстүндө таш калбай турган күндөр келет».

    21:7 Ошондо алар Ыйсадан: «Устат, бул качан болот? Булардын ишке аша тургандыгын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

    21:8 Ал мындай деди: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула. Анткени: “Машайак Менмин” жана “Аз убакыт калды”, – деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келишет. Алардын артынан эүрчибегиле.

    21:9 Согуштар жана дүрбөлөңдөр тууралуу укканыңарда, коркпогула. Анткени алгач ушундай болушу керек. Бирок бул дүйнөнүн акыры эмес».

    21:10 Андан кийин аларга мындай деди: «Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт.

    21:11 Жер-жерлерде катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар, коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан чоң жышаандар болот.

    21:12 Бирок адегенде силерге кол салышат. Силерди куугунтукташат, синагогадагылардын колуна салып беришет, түрмөлөргө камашат. Менин ысымым үчүн падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышат.

    21:13 Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн ушундай болот.

    21:14 Ошондуктан эмне деп жооп берүү жөнүндө алдын ала ойлонбоо керектигин көкүрөгүңөргө түйүп алгыла.

    21:15 Анткени силерге каршы чыккандар каршы тура албагыдай, каршы сүйлөй албагыдай сөз менен акылмандыкты Мен берем.

    21:16 Силерди ата-энеңер, бир туугандарыңар, тууган-уругуңар жана досторуңар кармап беришет жана күү бирөөңөрдү өлтүрүшөт.

    21:17 Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар.

    21:18 Бирок башыңардан бир тал чачыңар да жоголбойт.

    21:19 Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар.

    Иерусалимдин кыйратылышы жөнүндө

    21:20 Иерусалимди аскерлер курчап алганын көрсөңөр, анда анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле.

    21:21 Ошондо Жүйүт аймагында жашагандар тоого качып кетишсин. Шаардагылар шаардан чыгып кетишсин; шаардын сыртындагылар шаарга киришпесин.

    21:22 Анткени ошол күндөр – Кудайдын элди жазалай турган күндөрү. Ыйык Жазууда жазылгандардын баары орундалат.

    21:23 Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот. Анткени жер үстүндө чоң алаамат болуп, бул элдин башына Кудайдын каары түшөт.

    21:24 Алар өткүр кылычтан кырылышат, бардык бутпарас элдердин арасына туткундалып кетишет. Бутпарастардын заманы бүткөнчө, Иерусалим алардын таман астында калат.

    Теңирдин даңк менен келери жөнүндө

    21:25 Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болот, жер үстүндө болсо адамдар деңиздин күүлдөгөнүнөн, толкуганынан дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларын билбей калышат.

    21:26 Асман күчтөрү кыймылдап калгандыктан, ааламга келе жаткан алааматты күтүп, адамдар коркунучтан үстен танышат.

    21:27 Ошондо Адам Уулунун булут ичинде улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

    21:28 Бул окуялар боло баштаганда, өйдө туруп, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарыла турган күнүңөр жакындайт».

    21:29 Анан аларга бул салыштырууну айтып берди: «Анжыр дарагын жана бардык бак-дарактарды карагыла.

    21:30 Алардын жалбырагы чыгып калганын көргөнүңөрдө, жай мезгили келерине аз калганын билесиңер.

    21:31 Ошол сыяктуу эле ушулар болуп жатканын көргөнүңөрдө, Кудайдын Падышачылыгы жакын калганын билгиле.

    21:32 Силерге чындыкты айтып коёюн, ушунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

    21:33 Асман менен жер жок болуп кетсе да, Менин сөздөрүм аткарылбай калбайт.

    21:34 өзүңөргө сак болгула, оюңардын баары эле ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр болуп калбасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын.

    21:35 Анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын тор сыяктуу басып калат.

    21:36 Ошондуктан сергек болгула, боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш үчүн жана Адам Уулунун алдына келип туруш үчүн, дайыма сыйынгыла!»

    21:37 Ыйса күндүзгү убакытты ийбадатканада элди окутуп, ал эми түнкү убакытты шаардан чыгып, Зайтун тоосунда өткөрүп жүрдү.

    21:38 үлдин баары Анын сөзүн угуу үчүн, ийбадатканага таң атары менен келишчү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск