Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Ыйсанын бийлиги жөнүндө суроо

    20:1 Бир күнү Ыйса ийбадатканада элди окутуп, Жакшы Кабар айтып жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар келишип:

    20:2 «Сен муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Сага бул бийликти ким берди?» – деп сурашты.

    20:3 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен да силерден бир нерсени сурайын. Мага айткылачы,

    20:4 Жакандын чөмүлдүрүүсү Кудайдан болду беле же адамдарданбы?»

    20:5 Алар өз ара: «үгерде “Кудайдан” десек, анда Ал: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – деп айтат.

    20:6 үгерде “адамдардан” десек, анда эл бизди таш бараңга алат. Анткени алар Жакандын пайгамбар экенине ишенишет», – деп акылдашышты да,

    20:7 «Кимден экенин билбейбиз», – деп жооп беришти.

    20:8 Ошондо Ыйса аларга: «Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтпайм», – деди.

    Жүзүмчүлөр жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    20:9 Ыйса бул элгү-насаат аңгемени элге айта баштады: «Бир адам жүзүм багын отургузуп, аны жүзүмчүлөргө тапшырат да, өзү узак убакытка башка жакка кетет.

    20:10 Жүзүм багынын жемишинен берсин деп, өз убагы келгенде, жүзүмчүлөргө бир кулун жиберет. Бирок жүзүмчүлөр аны сабап, куру кол кетирип жиберишет.

    20:11 Ошондо ал башка кулун жиберет. Бирок аны да уруп, кордоп, куру кол кетирип жиберишет.

    20:12 Жүзүм багынын эүси үчүнчү кулун жиберет. Бирок жүзүмчүлөр аны жарадар кылып, кууп жиберишет.

    20:13 Ошондо жүзүм багынын эүси: “үмне кылсам? Сүйүктүү уулумду жиберейин. Мүмкүн, аны көрүп уялышар”, – дейт.

    20:14 Бирок жүзүмчүлөр аны көргөндө, өз ара: “Бул – мурасчы, жүргүлө, аны өлтүрүп салалы, ошондо анын мурасы биздики болот”, – дешет.

    20:15 Ошентип, алар аны жүзүм багынын сыртына чыгарып, өлтүрүп салышат. эми жүзүм багынын эүси аларды эмне кылат?

    20:16 Ал келет да, жүзүмчүлөрдү өлтүрүп, жүзүм багын башка бирөөлөргө берет». Муну угуп тургандар болсо: «Кой, андай болбой эле койсун!» – деп жиберишти.

    20:17 Ошондо Ыйса аларды карап: «Анда Ыйык Жазуудагы “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.

    20:18 Ал ташка жыгылган адам өлөт. Ал эми ал таш кимдин үстүнө түшсө, аны басып өлтүрөт” деген сөздөр эмнени билдирет?» – деди.

    Салык жөнүндө суроо

    20:19 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсанын бул элгү-насаат аңгемеде өздөрү жөнүндө айтканын түшүнүшкөндүктөн, ушул учурда Ага кол салууга ниеттеништи, бирок элден коркушту.

    20:20 Алар Ыйсаны көзөмөлгө алып, адил адамдай көрүнгөн өз кишилерин жашыруун жөнөтүштү. Аны сөзүнөн кармап, башчылардын жана соттун колуна өткөрүп берүү үчүн, алар Андан:

    20:21 «Устат, Сенин туура сүйлөп, туура окутарыңды билебиз. Бет карамалык кылбайсың, Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың.

    20:22 Кандай дейсиң, биз Рим падышасына салык төлөшүбүз керекпи же жокпу?» – деп сурашты.

    20:23 Ыйса алардын жаман оюн билип: «Мени эмнеге сынап жатасыңар?

    20:24 Мага бир динарийди көрсөткүлөчү. Мунун бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики?» – деди. Алар: «Падышаныкы», – деп жооп беришти.

    20:25 Ыйса аларга: «Андай болсо, падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деди.

    20:26 Ошентип, алар Ыйсаны эл алдында сөзүнөн кармай албай, Анын жообуна таң калып, унчукпай калышты.

    Садукейлердин тирилүү жөнүндөгү суроосу

    20:27 Ошондон кийин «өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлердин күү бири келип, Ага мындай суроо беришти:

    20:28 «Устат! Муса пайгамбар бизге: “үгерде кимдир бирөөнүн бир тууганы бала көрбөй көз жумса, анда башка бир тууганы анын аялын алып, тукумун уласын”, – деп жазып калтырган.

    20:29 Жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, бала көрбөй көз жумду.

    20:30 Ал аялды экинчиси да алып, баласыз өттү.

    20:31 Аны үчүнчүсү да алды. Аны жети бир тууган тең алып, баласыз өтүп кетишти.

    20:32 Баары өлгөндөн кийин, аял да көз жумду.

    20:33 өлгөндөр тирилгенден кийин, ал кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең аялдыкка алган болчу».

    20:34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Бул дүйнөдөгү адамдар аял алышат, күйөөгө тийишет.

    20:35 Ал эми тиги дүйнөгө барууга ылайык деп табылгандар тирилгенден кийин үйлөнүшпөйт, турмушка да чыгышпайт.

    20:36 Алар ал жакта өлүшпөйт, анткени периштелерге окшош болуп калышат. Алар – Кудайдын балдары, анткени алар өлгөндөрдүн арасынан тирилишкен.

    20:37 өлгөндөр тириле тургандыгын Муса да жалындаган бадал жөнүндөгү аңгемеде айткан. Ал жерде Теңирдин Мусага: “Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын”, – дегендиги айтылат.

    20:38 Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Анткени Ал үчүн бардыгы тирүү».

    Ыйсанын мыйзам окутуучуларды ашкерелеши

    20:39 Муну укканда, күү бир мыйзам окутуучулар: «Устат, Сен жакшы айттың!» – дешти.

    20:40 Ушундан кийин алар Андан бир нерсе суроого батына албай калышты. Анан Ыйса аларга мындай деди:

    20:41 «үмне үчүн Машайакты Дөөттүн Уулу деп айтышат?

    20:42 Дөөт өзү Забурда мындай деп айтпады беле: “Теңир менин Теңириме мындай деди:

    20:43 "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”.

    20:44 Демек, Дөөт Аны Теңир деп атаган болсо, Ал кантип анын Уулу болсун?»

    20:45 Бүт эл Анын сөзүн угуп жатканда, Ал өзүнүн шакирттерине мындай деди:

    20:46 «Узун кийим кийип жүрүүнү, эл жыйылган жерлерде алик алууну, синагогаларда алдыңкы орундарда, тойлордо төрдө отурганды жакшы көргөн мыйзам окутуучулардан сак болгула!

    20:47 Алар жесир аялдардын үйлөрүн талап-тоношот, эки жүздүүлөнүп узакка сыйынышат. Алардын жазасы оор болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск