Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Закайдын Кудайга кайрылуусу

    19:1 Ыйса Жерихо шаарына кирип, аны аралап бара жатты.

    19:2 Ал жерде салык жыйноочулардын башчысы, Закай деген бай киши бар эле.

    19:3 Ал Ыйсаны көргүсү келди. Бирок бою кыска болгондуктан, көпчүлүктүн арасынан Аны көрө албай койду.

    19:4 Ошондо ал Ыйсаны көрүү үчүн чуркап барып, Ал өтө турган жолдун боюндагы анжыр дарагына чыгып алды.

    19:5 Ыйса ошол жерге келгенде, жогору карап: «Закай, тезирүүк түш! Мен бүгүн сенин үйүңдө болушум керек», – деди.

    19:6 Закай дарактан шашып түшүп, Аны үйүнө кубаныч менен кабыл алды.

    19:7 Муну көргөндөрдүн бардыгы: «Ал күнөөкөр адамдын үйүнө кирди», – деп күңкүлдөй башташты.

    19:8 Закай болсо ордунан туруп, Ыйсага: «Теңир, мен мал-мүлкүмдүн жарымын жакырларга таратып берем. эгерде кимдир бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, төрт эсе кайтарып берем», – деди.

    19:9 Ошондо Ыйса: «Бүгүн бул эйгө куткарылуу келди, анткени бул адам да Ыбрайымдын урпагы.

    19:10 Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап куткаруу үчүн келген», – деди.

    Он мина жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    19:11 Угуп отургандарга Ыйса элгү-насаат аңгеме да айтты. Анткени Ыйса Иерусалимге жакындап калгандыктан, алар: «Жакында Кудайдын Падышачылыгы келет», – деп ойлоп жатышкан.

    19:12 Ошондуктан Ал муну айтып берди: «Бир ак сөөк адам падышачылыкка дайындалып келүү үчүн, алыскы бир өлкөгө жөнөмөкчү болот.

    19:13 Ал өзүнүн он кулун чакырып алып, аларга он мина берип: “Мен кайтып келгенче, бул акчаны айландыргыла”, – дейт.

    19:14 Жердештери болсо аны жек көргөндүктөн, артынан элчилерди жиберип: “Анын бизге падыша болушун каалабайбыз”, – деп айттырышат.

    19:15 Бирок ал падышачылыкка дайындалып, кайтып келет. Берип кеткен күмүшү менен ким канча пайда тапканын билүү үчүн, ал кулдарын чакыртат.

    19:16 Ошондо биринчиси келип: “Кожоюн, сенин минаң менен он мина пайда таптым”, – дейт.

    19:17 Падыша ага: “Жарайсың, жакшы кул! Аз нерсеге ишенимдүү болгондугуң үчүн, он шаарга башкаруучу болосуң”, – дейт.

    19:18 үкинчиси келип: “Кожоюн, сенин минаң менен беш мина пайда таптым”, – дейт.

    19:19 Падыша ага да: “Сен да беш шаарга башкаруучу болосуң”, – дейт.

    19:20 Єчүнчүсү келип: “Кожоюн, сенин минаң мына! Мен аны жоолукка ороп катып жүрдүм.

    19:21 Мен сенден корктум, анткени сен койбогонуңду алып, экпегениңди оргон катаал адамсың”, – дейт.

    19:22 Падыша ага: “үй, арамза кул, мен сени өзүңдүн оозуңдан чыккан сөзүң менен соттоймун. Сен менин койбогонумду алып, экпегенимди оргон катаал адам экенимди билип туруп,

    19:23 үмне үчүн менин күмүшүмдү айландырган жоксуң? Мен кайтып келгенде, кирешеси менен албайт белем?” – дейт да,

    19:24 жанында тургандарга: “Андан минаны алып, он минасы барга бергиле”, – дейт.

    19:25 Алар болсо ага: “Кожоюн, анын он минасы бар да!” – дешет.

    19:26 Ошондо падыша мындай дейт: “Силерге айтып коёюн, кимде бар болсо, ага дагы берилет. Ал эми кимде жок болсо, анын болгон нерсеси да тартылып алынат.

    19:27 Менин падыша болуумду каалабаган душмандарымды болсо, бул жерге алып келип, менин көз алдымда өлтүргүлө”».

    Ыйсанын Иерусалимге салтанаттуу түрдө кириши

    19:28 Ушуну айткандан кийин, Ыйса Иерусалимди көздөй жолун улантты.

    19:29 Ал Зайтун тоосунун боорундагы Бейтфагия менен Бетания айылдарына жакындаганда, өзүнүн эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

    19:30 «Маңдайыңардагы айылга баргыла. Айылга киргенде, үч бир адам мине элек, байлануу турган кодикти табасыңар. Аны чечип, Мага алып келгиле.

    19:31 үгерде бирөө силерден: “Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?” – деп сураса, “Бул Теңирге керек”, – дегиле».

    19:32 Жөнөтүлгөндөр барышты, баары Ыйса айткандай болду.

    19:33 Алар кодикти чечип жатышканда, анын эүси: «Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?» – деп сурады.

    19:34 Алар болсо: «Бул Теңирге керек», – деп жооп беришти.

    19:35 Шакирттер кодикти Ыйсага алып келишти да, анын үстүнө өздөрүнүн кийимдерин салып, Ыйсаны мингизишти.

    19:36 Ал кодик минип бара жатканда, адамдар өздөрүнүн кийимдерин жолго төшөп жатышты.

    19:37 Ыйса Зайтун тоосунан түшө турган жерге жакындаганда, Анын бардык шакирттери өздөрү көргөн кереметтери үчүн кубанып, катуу эн менен Кудайды даңкташты:

    19:38 «Теңирдин атынан келе жаткан Падышага даңк! Асманда тынчтык болсун! эң бийик жердегиге даңк!»

    19:39 Ошондо эл арасынан айрым фарисейлер Ага: «Устат, шакирттериңди тый», – дешти.

    19:40 Ыйса болсо аларга: «Силерге айтып коёюн, эгерде булар унчукпаса, анда таштар кыйкырышат», – деп жооп берди.

    Ыйсанын Иерусалим үчүн кайгырышы

    19:41 Ыйса Иерусалим шаарына жакындаганда, шаарды карап алып, ал үчүн ыйлап, мындай деди:

    19:42 «Сенде тынчтык болуш үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, бүгүн билсең кана! Бирок ал азыр сен үчүн жашыруун.

    19:43 Сенин башыңа оор күндөр келет: душмандарың тегерегиңе аң казып, курчап алышат да, сени ар тараптан кысымга алышат.

    19:44 Сени талкалашат, балдарыңды өлтүрүшөт, таш үстүнө таш калтырышпайт, анткени сен өзүңдүн куткарылуу убагың келгенин билген жоксуң».

    Ыйсанын ийбадатканадагы сатуучуларды экинчи жолу кууп чыгышы

    19:45 Анан Ыйса ийбадатканага кирип: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм – сыйынуу үйү”, – деп жазылган.

    19:46 Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып алдыңар», – деп, андагы сатуучулар менен сатып алуучуларды кууп чыгара баштады.

    19:47 Ал күн сайын ийбадатканада элди окутту. Башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана эл аксакалдары болсо Аны өлтүрүүнүн жолун издешти.

    19:48 Бирок ыңгайын таба алышпады, анткени элдин баары Анын сөзүнө кулак салып, жанынан кетишчү эмес.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск