Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Адилетсиз сот жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    18:1 Ыйса шакирттерине дайыма сыйынуу жана чөкпөө жөнүндө мындай элгү-насаат аңгеме айтып берди:

    18:2 «Бир шаарда Кудайдан коркпогон, адамдардан уялбаган сот болуптур.

    18:3 Ошол эле шаарда бир жесир аял бар экен. Аял сотко кайра-кайра келип: “Мени каршылашымдан корго”, – деп өтүнөт.

    18:4 Бирок сот көпкө чейин анын өтүнүчүн аткаргысы келбейт. Акыры ал өз ичинен: “Кудайдан коркпосом да, элден уялбасам да,

    18:5 бул жесир аял мага тынчтык бербегендиктен, аны коргоюн. Ал келе берип, мени тажатпасын”, – дейт».

    18:6 Анан Теңир мындай деди: «Адилетсиз соттун эмне дегенин уктуңарбы?

    18:7 Кудай өзү тандап алган, өзүнө күнү-түнү жалынган адамдарды коргобойбу? Создуктурса да, аларды коргойт.

    18:8 Силерге айтып коёюн, аларды тез эле коргоого алат. Бирок Адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним таба алар бекен?»

    Фарисей жана салык жыйноочу жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    18:9 өздөрүн адил адам эсептеп, башкаларды басынткан күү бир адамдарга да Ыйса мындай элгү-насаат аңгеме айтты:

    18:10 «үки адам сыйыныш үчүн, ийбадатканага кирет. Алардын бири фарисей, бири салык жыйноочу экен.

    18:11 Фарисей туруп алып, ичинен мындай деп сыйынат: “Кудайым! Сага ыраазымын, анткени мен башка адамдарга окшоп талап-тонобойм, жамандык кылбайм, ойноштук кылбайм жана мына бул салык жыйноочудай эмесмин!

    18:12 Мен жумасына эки жолу орозо кармайм, тапкан бардык кирешемдин ондон бир бөлүгүн берем”.

    18:13 Салык жыйноочу болсо алыс туруп алып, асманды кароого да батынбастан, көкүрөгүн койгулап: “Кудайым! Мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!” – деп сыйынат.

    18:14 Силерге айтып коёюн, фарисейге караганда бул адам Кудай алдында көбүрөөк акталып, үйүнө кетти. Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».

    Ыйсанын балдарга батасын бериши

    18:15 Колун тийгизип койсун деп, күү бирөөлөр Ыйсага наристелерин алып келишти. Муну көргөн шакирттер аларга тыюу салышты.

    18:16 Бирок Ыйса наристелерди жанына чакырып, шакирттерине мындай деди: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышачылыгы ушундайлардыкы.

    18:17 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким Кудайдын Падышачылыгын баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт».

    Ыйса жана бай жигит

    18:18 Башчылардын бири Ыйсадан: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө эү болуш үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.

    18:19 Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка үч ким жакшы эмес.

    18:20 “Ойноштук кылба”, “Киши өлтүрбө”, “Уурдаба”, “Бирөөгө жалаа жаппа”, “Ата-энеңди сыйла” деген мыйзамдарды билесиң да», – деди.

    18:21 «Булардын баарын мен жаш чагымдан бери сактап келем», – деди ал.

    18:22 Ыйса муну укканда, ага мындай деди: «Сага дагы бир нерсе жетишпейт: колуңда болгондун бардыгын сатып, жакырларга таратып бер, ошондо сенин асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан эүрчи».

    18:23 Муну укканда, башчынын көңүлү чөгө түштү, анткени ал өтө бай эле.

    18:24 Ыйса анын көңүлү чөгө түшкөнүн көрүп: «Байлардын Кудайдын Падышачылыгына кирүүсү кандай кыйын!

    18:25 Анткени бай адамдын Кудайдын Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүүсү оңоюраак», – деди.

    18:26 Муну уккандар: «Анда ким куткарылат?» – дешти.

    18:27 Ошондо Ыйса: «Бул адамдын колунан келбейт, бирок Кудайдын колунан келет», – деди.

    Шакирттердин сыйлыгы

    18:28 «Мына, биз баарын таштап, Сени эүрчип жүрөбүз», – деди Петир.

    18:29 Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы үчүн эй-жайын, же ата-энесин, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же аялын, же балдарын таштаган адам

    18:30 бул дүйнөдө алардан көп эсе алат жана келечекте түбөлүк өмүргө эү болот».

    Ыйсанын өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө үчүнчү жолу айтышы

    18:31 Ыйса он эки шакиртин четке чыгарып алып, аларга: «Мына, биз Иерусалимге бара жатабыз. Ал жерде пайгамбарлар аркылуу Адам Уулу жөнүндө жазылгандардын баары орундалат.

    18:32 Анткени Аны бутпарастардын колуна салып беришет, алар болсо Аны шылдыңдашат, кордошот, бетине түкүрүшөт,

    18:33 камчы менен сабашат, анан өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет», – деди.

    18:34 Шакирттер болсо бул сөздөрдүн үч бирин түшүнүшкөн жок. Бул сөздөрдүн мааниси алар үчүн купуя болгондуктан, айтылгандарды түшүнүшкөн жок.

    Сокур адамдын айыгуусу

    18:35 Ыйса Жерихо шаарына келе жатты. Жол боюнда бир сокур адам кайыр сурап отурган эле.

    18:36 өзүнүн жанынан көп кишилердин өтүп бара жатканын уккан ал: «үмне болуп жатат?» – деп сурады.

    18:37 Ага: «Назареттик Ыйса өтүп бара жатат», – деп жооп беришти.

    18:38 Ошондо сокур адам: «Ыйса, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр!» – деп кыйкырды.

    18:39 Алдыда келе жаткандар анын унчукпай калуусун талап кылышты. Бирок ал: «Дөөттүн Уулу, мага ырайым кылчы!» – деп, мурункудан да катуу кыйкырды.

    18:40 Ыйса токтоп, аны өзүнө алып келүүнү буйруду. Сокур адам жакын келгенде, Ыйса андан:

    18:41 «Менин эмне кылышымды каалайсың?» – деп сурады. Ал Ага: «Теңир, менин көзүм көрсө экен», – деди.

    18:42 Ошондо Ыйса ага: «Көзүң көрсүн! Сени ишенимиң куткарды», – деди.

    18:43 Ошол замат анын көздөрү көрө баштады. Ал Кудайды даңктап, Ыйсаны эүрчип жөнөдү. Муну көргөн бүт эл да Кудайды даңктады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск